Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Атамбаев: Кендер темир жолго алмаштырылбайт


Кыргызстандагы эч бир кен байлык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна алмаштырылбайт. Бул тууралуу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Коомдук телеканалга маегинде билдирди. Президент кен байлыктар темир жолдун курулушу үчүн Кытайга берилет деген маалыматтарды Кыргызстандын душмандары таркатып жатат деп белгиледи. Ошондой бул жолду концессия же биргелешкен ишкана түзүү жолу менен гана салууга мүмкүн экенин кошумчалады. Алмазбек Атамбаев темир жол эртеби-кечпи салынаарын, ага жарыша кара жол куруларын кошумчалады.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2-майда кыргызстандык делегация темир жол маселесин сүйлөшүү үчүн Кытайга жөнөп кеткен. Узундугу 268 чакырымды түзө турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу 2 млрд. долларга бааланууда. Азырынча бул жолду куруу үчүн каржы булактары табыла элек. Буга чейин Кытай темир жолду куруу үчүн Кыргызстандагы Жетим-Тоо, Сандык жана Терек-Сай кендерин берүүнү талап кылганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG