Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

«Eurasinet»: Кыргызстандын кен тармагы оор абалда


Ала-Букадагы Бозумчак кени
Ала-Букадагы Бозумчак кени

Кыргызстандын тоо-кен тармагы күнүгө 50 миң доллар чыгымга учуроодо. Кыргызстанда ордун таба албаган президенттик, парламенттик башкаруу ыкмалары, бийлик имаратынын символикалуу темир тору алынды.

«Eurasinet» басылмасына журналист-талдоочу Крис Риклтондун Кыргызстандагы кыйын абалда калган кен казуу тармагына байланыштуу макаласы жарыяланды. Журналист 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун эртеси башталган башаламандыктан кийин кен тармагындагы ишканалар чабуулга учурап, азыркы бийлик аны тез арада иштетүүгө жан үрөсө да иштебей турганын баяндады.

«Орусиялык «Платинум» компаниясы иштеткен, өлкөдөгү эң ири экинчи алтын кени болгон Жерүйгө жергиликтүү тургундар кол салып, келтирилген чыгым 15 миллион доллар деп эсептелип жатат. «Centerra Gold» компаниясынын акциялары 18% түшүп кетти. Жалал-Абаддагы Иштамберди, Бозумчак, Терек-Сай кендери да башаламандыктан улам зыян тартып, көбү иштебей турат.

Эл аралык бизнес кеңешинин лоббисттик тобу 3-ноябрда Кыргызстан иштебей калган кендердин айынан күн сайын 50 миң доллар зыян тартып жатканын жарыялады. Азыркыга чейин кендер качан толук ишке кирери белгисиз. Бул абал дипломатиялык жактан да оңтойсуз болууда. Себеби Иштамбердини кытайлык, Бозумчакты казакстандык «Казакмыс» компаниясы иштетет. Эки өлкө тең Кыргызстандын өтө маанилүү өнөктөштөрү болуп саналат. Бийлик бул тармак тез арада калыбына келет дегени менен, өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун биографиясынан улам күмөн жаралууда.

Себеби, Жапаров - Кумтөргө каршы чыккан, элди ошого үндөгөн башкы саясатчы. Анткен менен ал бийликке келгенде кен казуучуларга болгон мамилеси жумшаргандай», - деп жазды Риклтон.

Журналист Риклтон Садыр Жапаровдун 23-октябрда "инвесторлордун коопсуздугун камсыздайм" деп айткан сөзүн мисал келтирип, кенчилерге чабуул койгондорду сындаганын кошумчалаган. Түштүктөгү иш сапарында Садыр Жапаров Бозумчак менен Терек-Сайга да барып, инвесторлорду социалдык жактан милдеттендирген долбоорлор болорун айтты. Жапаров Бозумчакта айылдыктарды «Казакмыс» компаниясынын ишине бут тоспоого чакырып, мурдагы бийлик кетирген каталарды оңдой турганын билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетке жетекчи болуп дайындалган Жыргалбек Сагынбаев чет элдик кенчилер өз кызматкерлеринин 90 пайызын жергиликтүү элден алышы керек деген. Ошондой эле кенди суюлтулган түрүндө чет жакка ташуу боюнча да пландар айтылды.

Мындай идеялар мурда айтылып, бирок практикалык пайдасы аз болгон үчүн ишке ашпай калчу. Депутат Дастан Бекешев Сагынбаевдин айткандары азыркы өкмөт мүчөлөрү кен иштеткен компаниялардан жең ичинен талап кылып жаткан үлүш, «тарыхый төлөмдөрдүн» жанында шоона эшпей каларын эскертип, «биз инвесторлорду жакшылап чынжырлап албасак, баары качып кетиши ыктымал» деп тамашалаган "Твиттердеги" билдирүүсүн да кошо кетти Риклтон.

Жолу тайкы президенттик, парламенттик башкаруу

«The Diplomat» басылмасынын аналитиги Кэтрин Пуз Кыргызстанда өз ордун таба албаган башкаруу формаларын талдады.

Өткөн жумада парламенттик жыйында депутат Өмүрбек Текебаевдин «президенттик башкаруу Кыргызстанды 30 жыл артка таштайт» деген сөзү менен президенттин басма сөз катчысы Галина Байтеректин «конституциялык реформа - элдин талабы, парламенттик башкаруу Кыргызстан үчүн пайдасыз экенин мезгил көрсөттү» деген жообун мисал келтирип, автор өз макаласында айрым аналитиктердин пикирине орун берген.

Изилдөөчү Асел Дөөлөткелдиева «Твиттердеги» баракчасына 2021-жылдагы президенттик шайлоого ат салышчу талапкерлердин баары президенттик башкарууну каалаган саясатчылар экенин айтып, «Кыргызстан күчтүү президенттик бийликти кургусу келеби же парламентаризмди улантабы? Азыркы Баш мыйзамга нааразылар көптөн бери эле бар болчу» деп жазган.

Питтсбург университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Женнифер Муртазашвили:

«Азыр Кыргызстанда парламенттик башкаруу деген маскарадга жамынган де-факто президенттин бийлиги өкүм сүрүүдө. Өлкөдө эки башкаруу формасы аралашып, бирөөнүн да күчү жок. Кыргызстан парламенттик башкаруудагы дүйнөдөгү эң алсыз өлкө. 2010-жылдан бери Кыргызстан 10 премьер-министрин алмаштырды. Мындай туруксуздук мамлекеттик башкарууну биротоло алсыздантты. Бийликке барган адам анда көпкө болбой турганын билгенден кийин коомдун кызыкчылыгын толук коргой албайт. Өкмөт башчы техникалык жактан парламенттин кызыкчылыгын көздөшү керек, анткен менен премьер-министр түздөн-түз президенттик аппараттын көзүн карайт. Мындай абалда бийликтин бардык бутактары президенттин чечимин, саясатын күтөт. Азыркы парламенттик системада партиялык тизме менен шайланып барган депутаттарга электорат талап коё албай жатат. Президенттик система болсо бийликке ким жооптуу экени анык болору шексиз. Анткен менен парламентаризм өнүксө коомдун талаптары бийликке жетип турмак», - деген пикирин айтты.

Президенттик башкаруу орносо авторитаризм күчөйт деген коркунуч бар экенин жазган Кэтрин Пуз "түрмөдөн түз эле бийликке келген Садыр Жапаров ноябрдын ортосунда кызматын тапшырып берип, президенттикке ат салышканы турат, анын бул чечими айрымдарды ачуулантууда" деп сөзүн улайт.

«Учурунда Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин институтун бекемдөө үчүн Конституцияны өзгөрткөн референдум өткөргөн. Ал учурда Атамбаев өзүнө мураскер дайындап, анан премьер-министр болуп, бийликтин чылбырын колунан чыгарбоону пландаса керек. 2017-жылкы шайлоо анын бул каалоосун жокко чыгарды. Азыркы система парламентаризм менен президенттиктин аралашмасындай болсо да Кыргызстан үчүн экөө тең оң натыйжа бере албай жатат», - деген Муртазашвилинин цитатасы менен макаласын жыйынтыктайт.

Бийликтин символикалуу темир тору алынды

«The Daily Sabah» гезити Бишкектеги "Ак үйдүн" имаратын курчап турган темир тор алынганын кабарлап, «өлкөдө бийлик менен элдин ортосундагы тосмо катары сыпатталган символикалуу темир тор алынды» деп жазды.

«Өткөн айда президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетти. Советтер союзу урап, эгемендик алгандан бери Кыргызстанда бийлик талашы курчуп, тынчыбай келет.

“Ак үйдөгү” темир тосмо алына баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Темир торду алуу идеясын Жогорку Кеңешке төрага болуп жаңы шайланган Талант Мамытов айтып чыгып, бул ойду премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да колдой турганын билдирди.

Аны алуу «эл менен бийликтин ортосундагы тосмону талкалоо» деп сыпатталып жатат. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул окуяны «Берлин дубалынын кулоосу» деп сыпаттады», - деп жазды басылма.

XS
SM
MD
LG