Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Жо Байден америкалыктарга кайрылды


Жо Байден жубайы Жилл Байден менен Уилмингтондо.
Жо Байден жубайы Жилл Байден менен Уилмингтондо.

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды. Мурдагы вице-президент шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты. Бул маалымат жарыяланары менен Жо Байден ишемби күнү кечинде Уилмингтондо чогулгандардын алдына чыгып сүйлөдү. Делавэр штатында анын шайлоо штабы жайгашкан.

Жо Байден америкалыктарга кайрылып, өлкөнү бириктирген лидер болоорун жарыялады. Байден Дональд Трамптын тарапташтарына кайрылып:

“Бүгүн көңүлү калып тургандарды түшүнөм. Мен бир нече жолу утулгам. Бирок, келгиле, бири-бирибизге мүмкүнчүлүк берели”, - деди.

Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгын азырынча таануудан баш тартууда. Анын шайлоо штабдары бир нече штаттардагы почта менен жөнөтүлгөн бюллетендердин саналышы жана кабыл алуу жараяндарынын мыйзамдуулугу боюнча федералдык сотко кайрылышты. Ошондой эле Трамптын штабы Висконсиндеги добуштардын кайра саноону талап кылууда.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG