Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп тандалды


Жо Байден
Жо Байден

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды. Пенсильвания штатында ал шайлоочулар коллегиясынын 20 добушун алды. Ага удаа эле Невада штатынын алты добушу да кошулду. Натыйжада Байден шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен Трампты утуп чыкканын бир катар америкалык маалымат каражаттары кабарлашты.

Мындан сырткары Жоржия, Аризона штаттарында добуштар саналып бүтө элек. Бул штаттарда да Жо Байден Республикалык партиянын талапкери, учурдагы президент Дональд Трамптан алдыда бара жатат.

Трамптын шайлоо штабы Байдендин президенттикке шайланганы жөнүндө кабарды "шашылыш тараткан жалган маалымат" деп баалады.

Маалымат каражаттары Жо Байден 7-ноябрдын кечинде америкалыктарга кайрылуу жолдой турганын кабарлашты.

78 жаштагы Жо Байден менен бирге 56 жаштагы Камала Харрис вице-президент болуп шайланды. Харристин атасы - АКШга 1961-жылы Ямайкадан көчүп келген, Стэнфорд университетинин профессору. Апасы 1959-жылы Индиядан келип, Америкадагы онкология жана гендик изилдөө тармагында биолог болуп эмгектенген. Харрис өзү узак убакыт бою Калифорнияда башкы прокурор болуп, 2017-жылы Конгресске шайланган.

Байден расмий кызматка 2021-жылдын 20-январынан тарта киришип, АКШнын тарыхындагы 46-президент болуп калат.

Жо Байдендин саясий сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. Пандемия шартында өткөн шайлоо Трамп менен Байдендин ортосунда айыгышкан мүнөздө, атаандаштыкта болду. 10 миллиондогон киши почта, факс, электрондук почта аркылуу эрте добуш беришти.

АКШда президент штаттын калкына жараша бөлүнгөн шайлоочулар коллегиясы аркылуу тандалат. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ин алган талапкер жеңүүчү болот.

XS
SM
MD
LG