Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Жапаров: кенди концентрат түрүндө ташууга тыюу салынат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда тоо-кен өндүрүмүн концентрат катарында сыртка ташууга тыюу салынарын айтты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

«Учурда адистер тоо-кен тармагынын өндүрүмүн концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө. Даяр өндүрүм катарында чыгарса болот. Муну менен киреше мурдагыдан көбөйөт. Муну менен катар мындан ары лицензия берилбейт. Бирок буга чейин уруксат алган компаниялар иш жүргүзө берет. Алардын ишине тоскоолдук кылбасаңыздар», - деди Жапаров.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, айрымдарында өрт чыкканы кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.

Алардын өкүлдөрү Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Анда ишканалар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG