Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Финполиция депутат Жумалиевдин окуу жайын жана мүлкүн текшерүүдө


Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.
Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул маалыматты «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы тастыктап, бул жөнүндө толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарган. Депутаттын пайдасына Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүлө турган болгон.

Жапыкеев ага дейре Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз байыган деп кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. «Ар-намыска шек келтирди» деген негизде ал Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Учурда Финполду премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык Сыймык Жапыкеев башкарып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG