Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскады курулчу жерге барат


Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн салынган курулуштар. 16-октябрь, 2014-жыл.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн салынган курулуштар. 16-октябрь, 2014-жыл.

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна иш сапары менен барып, Жогорку Нарын ГЭС каскады курулчу жерди көрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров бир катар социалдык курулуштар менен таанышып, облус эли менен жолугат.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган соң Орусия Нарындагы курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирген. Аны төлөп берүүнү талап кылып эл аралык сотко кайрылган.

2020-жылдын май айында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына байланыштуу эл аралык сотто экспертиза аягына чыга электиги кабарланган. Кыргыз тарап долбоорго мындай суммадагы каражат сарпталганынан күмөн санаган жана эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылган.

Орусиянын компаниясынан кийин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча чехиялык «Лигласс» компаниясы менен да макулдашуу түзүлүп, бирок долбоор ишке ашпай калган. Долбоорго инвестор табыла элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG