Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Бир күндө дагы жети медициналык кызматкерден коронавирус табылды


Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.
Коронавирус оорусу октябрь айынан бери күчөдү.

8-ноябрда Кыргызстанда дагы жети медициналык кызматкерден COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматында айтылат. Чүй облусунда эки, Жалал-Абад облусунда үч, Ысык-Көл облусунда эки медкызматкерден вирус аныкталган.

Өткөн суткада стационардан эки, үй карантининен 10 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпы пандемия башталгандан бери 3 647 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Учурда алардын 3 422си коронавирусту жеңип чыкты.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев акыркы маалымат боюнча пандемия маалында каза болгон 84 дарыгердин ичинен 28инин жакындарына бир миллион сомдон кенемте берилгенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG