Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Кыргызстанда коронавирустан дагы беш киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы беш кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, бири Талас, бири Ош облусунда катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1177 кишиге жетти.

Бир суткада дагы 515 кишиден вирус расмий табылды. Коронавирус расмий аныкталгандар боюнча Жалал-Абад облусу алдыга чыкты. Бул аймакта 133 кишиден илдет табылды. Андан кийин Бишкек шаарында 107, Чүй облусунда 60, Баткен облусунда 54, Ош облусунда 52, Ысык-Көл облусунда 45, Ош шаарында 43, Талас облусунда 20, Нарын облусунда 1 кишиден вирус аныкталды.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 62 819 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 53 952 адам.

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын арасынан 1019 адам оор абалда бейтапканаларда жатат. Учурда стационарда 3409 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 58 адамдын абалы - канааттандыраарлык, 2195 бейтаптын абалы – орто, 137 киши - өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 3634 бейтап бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG