Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

COVID-19: “Семетей” госпиталында 215 орун даярдалды


“Семетей” госпиталы.
“Семетей” госпиталы.

7-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Семетей» (мурдагы «Ганси» авиабазасы) госпиталынын бейтаптарды кабыл алуу боюнча даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматтарга караганда, госпиталь толугу менен даярдалып бейтаптарды 20-ноябрдан тартып кабыл ала баштайт. Имаратка жылуулук орнотулду. Учурда реанимациялык блокто 35 орун жана дарылоо блогунда 215 орун бар. Ошондой эле жакында кабыл алуу бөлүмү даярдалып, кир жуучу жайы жана лабораториялар ишке кирет.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 7-ноябрдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын ичинен 969 адам оор абалда бейтапканаларда жатат.

Учурда стационарда 3445 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 51 адамдын абалы - канааттандыраарлык, 2293 бейтаптын абалы – орто, 969 киши - оор абалда, 132 киши - өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 3645 бейтап бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктарынын саны 1172 кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 62 300дөн ашты. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 53 406 адам. (TSh)

XS
SM
MD
LG