Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Кыргызстанда калктын коронавируска туруштук берүү жөндөмү жөнүндө изилдөө жарыяланды


Нарындагы облустук оорукана, кызыл зона.
Нарындагы облустук оорукана, кызыл зона.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын сероэпидемиологиялык изилдөөсүнүн биринчи баскычынын жыйынтыктыгын жарыялады. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб маалымдады.

Бул изилдөө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин техникалык колдоосу менен июлдан октябрга чейин ишке ашырылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында, COVID-19 вирусуна антиденечеси (антитело) бар калктын саны август айынын башында республика боюнча 30,8% түзгөн.

Облус боюнча алганда, бул вируска туруштук берүү жөндөмү жогорку деңгээлде деп Нарын облусу(62,7%) табылды. Чүй (50,3%), Талас (49%), Ысык-Көл (46%) облустарында жана Бишкекте (52,2%)экени белгиленди. Ал эми вируска антиденеченин (антитело) төмөнкү көрсөткүчү Баткенде (13%), Жалал-Абад (13,%), Ош (16,3%) жана Ош шаарында (14,6%) аныкталды.

Штаб изилдөөлөр июль айынын башында, антиденече жаңы иштелип чыгып жатканда алынганына байланыштуу Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Ош шаарында төмөн көрсөткүч болууда деп түшүндүрдү. Ал эми Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Бишкекте июль айынын аягы, августтун башында анализдер алынган.

Изилдөөдө “Оорунун динамикасы анализде көрсөткөндөй октябрь айында вируска туруштук берүү жөндөмү жогору болгон аймактарга салыштырмалуу, жамааттык иммунитети төмөн болгон региондордо оорунун өсүшү байкалган” деп айтылат.

Изилдөөнүн алдын ала маалыматтарына ылайык, COVID-19 вирусуна антиденечеси бар адамдардын 70,8% клиникалык белгилери болгон. Алардын 22 % медициналык жардам сурап кайрылышкан, 6 % ооруканага жаткырылган.

Иликтөөнүн максаты коомдук саламаттык сактоо жаатында кабыл алынган чараларды негиздөө, калктын жынысына, жашына жана географиялык абалына жараша COVID-19га каршы элдин иммунитетин изилдөө болуп саналат. Бул изилдөө улантылаары кабарланды.

Адистер адам коронавирус менен кайталап ооруп калышы толук мүмкүн экенин эскертип келишет. Кыргызстанда коронавирус илдети октябрь айынан бери күчөп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG