Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Коронавирус жугузуп алган миңден ашык бейтап оор абалда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын арасынан 969 адам оор абалда бейтапканаларда жатат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 7-ноябрдагы маалыматында айтылат.

Учурда стационарда 3445 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 51 адамдын абалы - канааттандыраарлык, 2293 бейтаптын абалы – орто, 969 киши - оор абалда, 132 киши - өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 3645 бейтап бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1172 кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 62300дөн ашты.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 53 406 адам. (TSh)

XS
SM
MD
LG