Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Үгүт ишиндеги талапкерлердин таскагы


Парламенттик шайлоо. 15-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Парламенттик шайлоо. 15-октябрь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурун өтчү президенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүп жатат.

Үгүт башталып-баштала электе айрым оппозициялык саясатчылар бут тосуу тууралуу арызданышты. Алар аймактарда жолугушууларды уюштурууда тоскоолдуктар болгонун айтышууда. Ушул күндөрү талапкерлердин кээ бири стадион толо эл чогултуп, көчөдөгү жарнама такталарын ээлеп койду. Айрымдары тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе.

Талапкерлердин кайрылуусу

Президенттикке талапкерлердин айрымдары үгүт иштеринин алкагында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) эфиринен шайлоочуларга кайрылышты. 15-16-декабрь күндөрү алты талапкер - Элдар Абакиров, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев жана Канатбек Исаев 10 мүнөттөн сүйлөштү. Алар шайлоо алдындагы программасы жөнүндө азыноолак айтып берип, коомдогу орчундуу маселелер боюнча пикир бөлүштү.

Элдар Абакиров Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, тескерисинче шайлоо мыйзамдарын оңдоп, күчтүү парламенттик башкарууну жактай турганын жарыялады. «Адилеттүү Кыргызстан» деген программасын алып чыгып, экономиканы көтөрүү боюнча сунуштарын берди:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

«Биз бийликти максималдуу түрдө элге беришибиз керек. Кыргызстанды багып жаткан – бул эл. Эл өз жанын бакканга, ишкерлерге ишкана ачканга, товарын сыртка сатууга, жумушчулар билимин арттырып, тажрыйба топтошуна шарт түзүп беришибиз керек. Демек, бийлик жана түзүлгөн шарт эл үчүн болушу керек. Кыргызстандын экономикасын көтөрмөйүнчө, элге жетиштүү жумуш орундары түзүлмөйүнчө Кыргызстанда бир да маселе чечилбейт».

15-декабрда КТРКнын эфиринен президенттикке дагы бир талапкер Курсан Асанов шайлоочуларга кайрылды. Ал дүйнөнү өзгөрткөн коронавирус пандемиясына токтолуп, Кыргызстан болуп көрбөгөндөй экономикалык каатчылыкта турганын айтты. Ал ушундай оор кырдаалда конституциялык реформа, шайлоо сыяктуу саясий иштерди токтото туруп экономика менен алектенүү зарыл болчу деп эсептейт.

Ал шайлоодогу программасында бийликтин жоопкерчилиги, эркин жана демократиялуу шайлоолорду өткөрүү, көз каранды эмес сот системасын түзүү, ишкерлердин, инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылуу, калктын жашоосун жакшыртуу жана тышкы саясат маселелерине көңүл бурулганын белгиледи.

«Кыргызстандын президентинин эң башкы, кечиктирилгис милдети – мамлекетти саясий жана экономикалык туңгуюктан алып чыгуу, - деди ал. - Бийлик менен элди бириктирүү. Кадр маселесине өтө кылдат мамиле кылып, чыныгы кесипкөй, мыкты тажрыйбалуу адистерди мамлекеттик кызматка алып келүү».

Ушул эле күнү Бактыбек Калмаматов да элге кайрылды. Анын билдирүүсүнүн негизги өзөгүн бийликти Бишкекке топтобой, айыл-аймактарга бөлүштүрүп берүү болду. Ал райондор акча алыш үчүн борбордун көзүн карабай, өз алдында иш кылышы керек деп эсептейт. Калмаматов айыл өкмөттөрдүн санын 300гө чейин азайтып, аларды ирилештирүүнү сунуш кылды. Анын сөзүнө караганда, салыктан түшкөн акчаны жергиликтүү бийлик түз алып, өз маселелерин өз алдынча чечиши керек.

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

«Бийлик талашуу 30 жылдык убактыбызды алды, - деди ал. - Эч нерсе өзгөргөн жок. Мындан ары да өзгөрбөйт. Жаңы келген бийлик «Курултай институтун киргизип бийликти көзөмөлдөп, бийликтен бир жылда бир жолу отчет алып туруш керек» деп жатат. Бул суу кечпеген сөз. Биз курултай киргизип, 120 депутат чогултуп, толгон-токой министрлик, мекеме түзүп тапкан акчабыздын баарын борборго салып жиберип алданбайлы. Акчаны өзүбүз алып калып, өзүбүз сарптап, өзүбүздүн келечек үчүн өзүбүз күрөшөлү. Биздин акчаны курултай эмес, биз шайлаган айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчылары, алардын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн ар бир киши өзү аныктап, өзү чечиши керек».

«Үгүт ишине бут тосулду»

16-декабрда дагы үч талапкер Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев жана Канатбек Исаев да шайлоочуларга кайрылышты. Алардын ичинен Арстанбек Абдылдаев Кыргызстанда башкаруунун формасына байланыштуу талапкерлердин талаш-тартышын кыргыздар өзүнүн жолун таппай жатканы менен байланыштырды.

Канатбек Исаев өлкөдө 30 жылдык башаламан башкаруудан улам экономика артка кетип, элдин турмушу оңолбой жатканын сындады. Ал бийлик кен иштетүү, энергетикалык, туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана албай жатканын билдирди.

Ал эми президенттикке дагы бир талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун үгүт иштери башталып-баштала элек жатып бут тосуу болгонун кабарлады. Ал шайлоочулар менен жолугушууну Ысык-Көл облусунан баштоону пландап, бирок ал өтпөй калганын айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Биздин жигиттер, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар менден жалынып-жалбарып суранышты. «Бизде жаш азаматтар пайда болду» дейт. «Эгерде кимде-ким «бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк барып үйүңөрдү өрттөйбүз» деген коркутуу менен жүрөт» дейт. Азамат, баракелде. Биз ушуну күттүк беле? Биз ушуну элдик бийлик деп эсептейбизби? Биз ушуну маданияттуу өлкө деп атай алабызбы? Парламенттик шайлоодо Кара-Кулжада кээ бир эсиргендер «биздин райондон сыртка бир да добуш чыкпайт» деп чыгышты эле. Натыйжасы эмнеге алып келди? Аны көрүп жатасыздар. Эми бүтүндөй бир өрөөндө, Кыргызстандын көз жашындай болгон Ысык-Көлүбүздө ушундай ураандарды таштап койгондук – бул жапайычылыктын жеткен чеги».

Адахан Мадумаров үгүт иштеринде административдик ресурс да колдонулуп жатканын жарыялады. Анын айткандары боюнча, кээ бир аймактарда бир талапкерге айыл аксакалдарынан тартып мугалимдерге чейин топтоп берип, айрым талапкерлердин чогулушуна бут тосулуп жатат.

Айтмакчы, КТРКда 15-16-декабрда түз обого чыккан алты талапкердин видео кайрылуусун телекомпания интернет-сайтынан жана «YouTube» порталындагы баракчасынан өчүрүп кайра жүктөдү. Муну компания техникалык мүчүлүштүк менен байланыштырды.

Акчасы көп талапкер

Үгүт иши башталгандан бери эң жандуу өнөктүктү Садыр Жапаров жүргүзүүдө. Ал ушул күнгө чейин Талас, Жалал-Абад облустарынын бир нече шаарлары менен райондорунда болду. Жолугушуулардан тартылган видеолордон стадион толо элди көрүүгө болот. Жапаров анда конституциялык реформа, башкаруу формасы, кен байлыктарды иштетүү тууралуу сөз кылып, жарандардын суроолоруна жооп берип жатат. Ошондой жолугушуулардын биринде буларды айтты:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мен сын укканга, андан туура тыянак чыгарганга даярмын. Башкысы - мага өлкөнү кубаттуу мамлекетке айлантып, кыргызстандыктардын ишенимин кайтаруу мүмкүнчүлүгү буюруп турат. Мен бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайм. Ата-бабалардын арбагы үчүн, балдарым, элим үчүн колдон чыгарбайм. Мен Кыргызстандын элин татыктуу жашоого жеткирүүгө даярмын. Биз бийликтин жоопкерсиздигин, саясий тирешүүнү, адилетсиздикти, жакырчылыкты жоёбуз».

Бишкекте көчө боюндагы жарнама такталарда Садыр Жапаровдон башка талапкерлердин баннерлери сейрек гана кездешет. Шайлоо фондун алсак эң көп каражат короткон талапкер Жапаров болуп турат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы 11-декабрдагы маалыматка караганда, анын фондуна 19 миллион сом түшүп, анын 17 миллион сому коротулду. Калган талапкерлердин капчыгына бир миллион сомдон баштап 5 миллион сомго чейин акча түшкөн.

Жапаровго кимдер жардам берүүдө?

Ал тапта Садыр Жапаровду «Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары коштоп жүргөнү айтылган сүрөттөр» боюнча БШКда териштирүү башталды. Социалдык медиада тараган сүрөттөрдө Садыр Жапаровду үгүт өнөктүгүндө коштоп жүргөн жигиттер тартылган.

Интернет колдонуучулар алар Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери экенин жазып жатышат. Андан тышкары Жапаровдун эл менен жолугушууларын президенттин жеке фотографы Султан Досалиев сүрөткө тартып жүргөнүн көрүүгө болот.

Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу административдик ресурсту колдонуу катары бааланып, тыюу салынган. Жарандык активист Азият Жекшеев талапкер Жапаровдун үгүт өнөктүгү тууралуу пикири менен бөлүштү.

«Садыр Жапаровдун үгүт иштерин карасаң буга чейин бийликчил партиялар, бийликчил талапкерлер жүргүзгөн агиткампанияларга окшошуп турат. Ошол эле элди чогултуу, ошол эле баннерлерди жайнатып илип алганы. Садыр Жапаровдун үгүт иштерине жана анын легитимсиз бийлигин бекемдөөгө «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиясына чуркап жүргөн адамдар жардам беришти. Азыр ар кайсы жерде Жапаровдун штабдарын жетектеп атышат».

Саясий пиар боюнча адис Азим Азимов президенттикке талапкерлердин үгүт ишиндеги айырмачылыкты мындайча чечмеледи:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«Менин пикиримде бул шайлоодо фаворит Садыр Жапаров болуп жатат. Башка талапкерлер жеңип чыгарына көп ишенбегендиктен үгүт иштерине көп деле каражат коротпой турушат. Ошондуктан интрига да өтө аз. Ал эми талапкерлердин көбү президенттик шайлоону кийинки парламенттик шайлоого платформа катары колдонуш үчүн программаларын айтышууда. Андыктан үгүт иштери кызыксыз жана анча жандуу болбой жатат».

Шайлоого катышып жаткан дагы бир талапкер тууралуу маселе чыкты. Бишкектин Биринчи май райондук соту Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагында калтырды. Жээнбековдун сөзүнө караганда, ал аймактарга чыгып шайлоочулар менен жолугуш үчүн соттон уруксат алышы керек. Ал муну бут тосуу катары баалады:

«Бул соттун адилетсиздиги. Же болбосо сот «Бийликтегилер эмне дейт?» деп буйрук күтүп жатат. Бул башка талапкерлерге салыштырмалуу мага президенттикке талапкер катары шарт түзүлбөй жатканынын белгиси».

Ал эми 16-декабрда Бишкек шаардык соту дагы бир талапкер, Кой-Таш окуялары жана октябрдагы башаламандык боюнча күнөөлөнүп жаткан Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, аны өлкөнүн бардык аймактарында эркин жүрүшүнө уруксат берген.

Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Бул кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. Президенттик кезексиз шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

XS
SM
MD
LG