Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Судьянын шек жараткан мүлкү


Атайын кызмат кармалган судьянын атын ачыкка чыгарган жок. Бирок алар жарыялаган инициалга Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевдин ысымы дал келет.

Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюу үчүн шектүү катары камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) колго түшкөн судьянын бир нече мүлкү тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Алардын арасында коттеж, көп кабаттуу үйлөр, элиталык батирлер жана кымбат автоунаалар бар. Маалыматка ылайык, кармалган судья мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттаткан.

Атайын кызмат бул судьянын аты-жөнүн ачык айтпаганы менен айрым маалымат каражаттары колго түшкөн судья Камил Осмоналиев экенин жазышты. Бул ысым УКМК жарыялаган инициалга дал келүүдө.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов судьянын мындан башка да мүлкү бар экенин айтууда:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Ал киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктү, тандалма имараттарды, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттаткан, өзү Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, АКШга жана башка мамлекеттерге, курорттук аймактарга байма-бай каттап турган фактылар аныкталган».

Шектүү судья 14-декабрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-декабрда анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагына камоо жөнүндө чечим чыгарды. Ага карата Коррупцияга каршы күрөш кызматы топтогон фактылардын негизинде Жазык кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Шектүүгө таандык кыймылсыз мүлктүн бири. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүгө таандык кыймылсыз мүлктүн бири. УКМК тараткан сүрөт.

Мындан сырткары кармалган судья өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттештирүү боюнча 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага көп миллиондогон сом чыгым келтирген. Жогорудагы чечими үчүн мамлекеттештириле турган мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алган.

Ошондой эле ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң доллардан ашык акча бергени тууралуу маалымат бар.

Шектүүгө таандык кыймылсыз мүлктүн бири. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүгө таандык кыймылсыз мүлктүн бири. УКМК тараткан сүрөт.

Айрым маалымат каражаттарында аты аталган судья Камил Осмоналиевдин жакындарына байланышуу мүмкүн болбой жатат. Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат такталган соң комментарий берилерин билдирди.

Камакка алынган бул судьянын иши 2018-жылдын этегинде «Коррупция» жана башка бир нече берене боюнча айыпталып кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевадан кийинки эле ачыкка чыккан чуулгандуу окуя болуп калды.

Шектүүгө таандык автоунаа. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүгө таандык автоунаа. УКМК тараткан сүрөт.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына 2019-жылы судьяларга байланыштуу 223 кайрылуу келип түшкөн. Ага ылайык, 18 судьяга сөгүш жарыяланып, 155 судьяга алдын-ала эскертүү берилген. 42 судьяга эскертүү берилип, кынтыксыз болуу жөнүндө талапты бузганы үчүн сегиз судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Соттордун ишине мониторинг жүргүзүп турган «Коомдук иликтөө» институтунун жетекчиси Айсулуу Айтбаева Тартип комиссиясы судьяларды жеңил жазалап жатат деп эсептейт.

«Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамында тогуз киши болот, - деди ал. - Үч судьянын талапкерлигин Жогорку Кеңеш, үчөөнүкүн өкмөт, калганын Жогорку сот көрсөтөт. Менимче, алар судьяларга тартип чарасынын жеңил түрүн колдонушат. Көпчүлүгүнө эскертүү берип гана тим болушат. Биз жума сайын мониторинг кылып турабыз. Талдоо көрсөткөндөй, судьялар эскертүүнү тоготпой калгандай элес калтырат. Мисалы, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовго айып салып, абактан бошоткон Бишкек шаардык сотунун судьяларына чара көрүү маселеси боюнча соттордун Тартип комиссиясына кайрылганыбызда судьялар сөгүш алып гана тим болушкан».

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, соттор кол тийбестикке ээ. Баш мыйзамдын 94-беренесине ылайык, судья кылмыш үстүндө кармалгандан тышкаркы учурларда камакка алынбашы керек.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мурдагы мүчөсү Арслан Кулбаев судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу эрежеси тууралуу буларды айтты:

«Судьяларды жазага тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун Тартип комиссиясы карайт. Эгер алар келтирген факт негиздүү болсо Тартип комиссиясы карап чыгып макулдук берет. Судья көз каранды эмес болушу керек. Башкы прокуратура да кызматынан аша чаап, сотторго кысым кылбаш үчүн ушундай процедура каралган. Мен Тартип комиссиясында эки жылга жакын иштедим. Бул аралыкта ушундай он чакты учур болгон. Анын айрымдарынан гана Тартип комиссиясы баш тартпаса, калганына макулдук берген».

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев сот системасы талкаланып, элдин ишеничинен чыкканын белгилейт. Депутат акыркы окуяны жаңы бийликтин популисттик кадамы катары баалады:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Жаңы бийлик келген сайын эл көзүнө жагыныш ушундай иштерди кылат. Бир-эки адамды кармап койгондон сот реформасы жүрүп кетпейт. Системалык түрдө тазалоо болушу керек. Ар бир соттун чечимин эл көрүп тургандай ачык-айкын болушу зарыл. Мындай учурда коррупция да болушу мүмкүн эмес. Азыр жашыруун кылып жаап алып жатышпайбы. Азыр элдин 80% сотторго ишенбейт деген маалыматтар бар. Мындан да көп болушу мүмкүн. Азыр судьянын иш орду аукцион болуп калган».

Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкандан бери сот тармагын реформалоо тууралуу көп эле сөз болуп, убадалар берилген.

Өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн 2020-жылга бюджеттен 2 миллиарддан ашык сом бөлүнгөнү кабарланган.

6-октябрдагы окуялардан соң бийликтен кетүүгө аргасыз болгон президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы жүрүп жатканын кайталап, судьяларды ыйманга да чакырган сөздөрүн канчалык айтса да иш жүзүндө анын жыйынтыгы сезилген эмес.

Октябрь окуяларынан кийин бийликти колуна алып, кийин президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров бул багытта реформаларды жүргүзүүгө убада берген жайы бар.

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG