Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Судьяга каршы виртуалдык митинг башталды


Тоң районунун судьсы (оңдо) Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митингдин баракчасы. Сүрөт «Фейсбуктан» алынды. 14-декабрь, 2020-жыл.
Тоң районунун судьсы (оңдо) Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митингдин баракчасы. Сүрөт «Фейсбуктан» алынды. 14-декабрь, 2020-жыл.

Интернеттеги социалдык тармактарда жүрүп жаткан виртуалдык митингдин катышуучулары 13 жаштагы кызды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарганы үчүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. Виртуалдык митинг «Фейсбук», «Твиттер» жана «Инстаграм» социалдык тармактарында жүрүп жатат.

Виртуалдык митинг боюнча жарандык активисттер, аялдардын укуктарын коргоочулар жана катардагы жарандар демилге көтөрүшкөн.


11-декабрда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдетип, башка берене менен соттогон. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды сот буга чейин «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйө менен актап жиберген.

Кыздын адвокаты жана атасы судья Содонбековдун чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришүүдө.

Жакындарынын айтымында, кызды бул үчөө көптөн берип зордуктап келишкен, видое менен коркутуп, шантаж кылышкан. Ишти кыздын жакындары ал кош бойлуу болуп калганда гана билишкен.


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мурунку жылдары жашы жете элек балдарга карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жашы жете электерди зордуктоо үчүн айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG