Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Кыргыз соту эмне үчүн көз каранды?


Адилет сот символу болгон айкел.
Адилет сот символу болгон айкел.

Бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгына жетишмейинче, эч кандай демократиялаштыруу далаалаттары майнап бербейт. Жаш илимпоз Медер Айтмырзаевдин кезектеги блогу.

Алгы сөз

Соттордун көз карандысыздыгы – көпчүлүк өлкөлөрдүн сот тутумундагы эң көйгөйлүү тармактардын бири. Ушул сыяктуу эле, бул көйгөй кыргыз сотунда дагы арбын. Ушундан улам, көз карандысыздык принциби судьялардын чындап көз карандысыз болушун талап кылат. Кыргызстанда соттордун көз карандысыздыгынын сакталбай келишинин түпкү себеби эмнеде жана анын реалдуу чечүү жолдору барбы? Бул блогдо ушул суроолорго жооп издегенге аракет кылам.

Өлкөбүздө маанилүү маселелер соттук жүрүмдөргө (процесстерге) келип такалат. 2-декабрда Кыргызстандын Конституциялык палатасы тарабынан кабыл алынган соттук чечим коомдо ар кандай пикирлерди жаратты. Мындай бир тараптуу чечим өлкөдө биринчи эмес көрүнүш.

Соттордун көз карандысыздыгын түшүнүү

Соттордун көз карандысыздыгы – “акыйкат сот ишинин” (fair trial) негизи катары – укук үстөмдүгү менен адам укуктарынын кепилдиги болуп саналат. Адамдардын ортосундагы укуктук талаш-тартыштарды көз карандысыз сот бийлиги же сот мүчөлөрү тарабынан чечилиши элдин адилеттүүлүккө болгон сезимин ойготот.

Бүгүнкү күндө соттордун көз карандысыздыгы принцибинин түшүнүгү ар кандай аныктамалар менен мүнөздөлөт. Бул принцип эл аралык келишимдерден баштап, ар бир өлкөнүн ички мыйзамдарында да камтылган. Негизинен соттордун көз карандысыздыгы экиге бөлүп каралат. Булар соттордун “жеке” жана “институттук” көз карандысыздыктары.

Соттордун жеке көз карандысыздыгы – бул соттук ишти карап жаткан конкреттүү бир судьянын кандайдыр бир чектөөлөргө, терс таасирлерге, паракорчулукка, кысым көрсөтүүгө, коркутууга же кийлигишүүгө дуушар болбостон, мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн негизинде гана чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгү.

Соттордун институттук көз карандысыздыгына келсек, ал жалпысынан бийликтин тең салмактуулугу доктринасынын пайда болушу менен бүгүнкү мааниге ээ болду. Сот бийлигинин өкмөт жана парламенттен көз карандысыздыгы аталган доктринанын негизги шарттарынын бири. Тактап айтканда, акыйкаттуу сотту камсыз кылуу жагынан саясий күчтөрдүн сотторго буйруктарды жибербөөсү, кысым көрсөтпөөсү, сунуштар менен кайрылбоосу жана алар кайрылган учурларда да бейтарап соттун аларды четке кагуусу менен мүнөздөлөт.

Соттордун көз карандысыздыгы көп учурда мамлекеттин укуктук системасы менен байланыштуу болот жана өлкөдөгү саясий абалды чагылдырат.

Кыргызстанда соттордун көз карандысыздыгынын кепилдиги

Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана бейтараптуулугун камсыз кылуу максатында укуктук система бийликтин тең салмактуулугу принцибине негизделет.

1993-жылы потс-советтик туңгуч Конституция кабыл алынгандан бери сот бийлиги өзүнчө күч катары каралат жана өзүнүн жол-жоболорун камтыйт.

Конституциянын 3-беренесинин 2-пунктунда мамлекеттик бийлик “мамлекеттик бийликтин бөлүштүрүү принцибине негизденет” деп жазылып турат. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, администрациялык жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргызстанда сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет; ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.

Жалпысынан, Конституция боюнча, судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкаркы учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес. Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат. Судья өзүнүн макамына ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

Ошондой эле, соттордун көз карандысыздыгы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” мыйзамдар менен кепилдикке алынган.

Соттордун көз карандысыздыгы Кыргыз Республикасы мүчө болгон төмөнкү эл аралык келишимдерде да өзгөчө орун алат:

1) БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясы (10-берене);

2) Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (14-берене);

3) БУУнун Соттордун көз карандысыздыгынын негизги принциптеринин келишими;

4) Судьялар этикасынын Бангалор принциптери;

5) Киев сунуштары.

Жалпысынан, кыргыз сотунун көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча укуктук-базалык чоң иштер жасалгандыгын жана бул өңүттө эл аралык келишимдер ратификацияланганын айтууга болот. Бирок эмне үчүн иш жүзүндө абал башкача? деген суроолор көптөгөн жарандарда болсо керек.

Соттордун көз карандысыздыгы иш жүзүндө

Кыргызстандын коомдук тажрыйбасында соттордун көз карандысыздыгы сакталбай келээри шаар менен элеттеги саясаттан иши жок карапайым кишилерге деле белгилүү болуп калды. Анткени, кайсы гана бийлик келбесин, сот бийлигин өзүнө көз каранды кылып, өзгөчө саясий оппоненттерди жок кылууда сотторду саясий курал катары колдонуп келет. Көпчүлүк учурда соттор паракорчулук, тууганчылдык, жердешчилдик, саясий көз карандылыктын негизинде иш алып бараары анык. Мындай көрүнүш элдин соттук адилеттүүлүккө ишенимин төмөндөтүп келет.

Кыргызстанда сот бийлиги ар бир бийлик алдында көз каранды болуп келүүдө. Мындай көрүнүш азыркы бийлик алдында эле эмес, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков бийликте турган доордо да болуп келди.

Атамбаев бийликти сындаган оппозициядагы саясий оппоненттерин сот аркылуу куугунтуктап жатканын медиалар жазып жатты. Анын эң ачык өрнөгү – Өмүрбек Текебаевдин иши десек болот. Ошол көрүнүш бумеранг сыяктуу Атамбаевдин өзүнүн башына келип, Жээнбеков бийлиги тарабынан кайталанды.

Учурдагы өздөрүн бийлик санап алгандар дагы эски бийликтердин жолун жолдоп, соттук адилеттүүлүктү орнотуу эмес, саясий оппоненттерин жок кылуу далаалатын баштагандай туюлат. Атамбаевдин башына түшкөн иш Жээнбековдун башына дагы түшө тургандай болуп турат.

Соңку анализдердин жыйынтыгында, Кыргызстанда соттордун көз карандылыгынын негизги себептерин эки нерседе көрүп турам. Булар – сотторду тандап алуу механизми жана соттордун жумуштан бошотулушу. Ушул эки рычаг соттордун көз карандысыздыгынын бузулушунда эң башкы илдет болуп турат.

Сотторду тандап алуу механизми

Соттордун тандап алынышында Президент менен Жогорку Кеңеш абдан чоң ыйгарым укуктарга ээ. Алардын кийлигишүүсүз соттор жумушка алынбайт.

Мисалы, Конституциянын 94-беренесинде: “Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат”, деп турат.

Президент түздөн-түз биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун курамынын баарын өзү уюштурат.

2012-жылы Атамбаев өлкө боюнча соттордун үчтөн экисин жаңылап, 263 судьяны алмаштырган.

А.Атамбаев 2013-жылы Соттук реформа боюнча кеңешмеде кадрдык өзгөрүүлөр боюнча: “Биз көптөгөн жаман сөздөр ээрчип жүргөн соттордон арылдык. Азыр абал башкача, сот тутуму жаңыланды. Жаңы көрүштөр менен башка кадрлар келишти”, – деп жарыя салган. А бирок, жаңы келген президент соттордун курамын жаңылоо жолу менен өз бийлигин орнотуу саясатын жүргүзгөн.

Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамга ылайык Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы менен, Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Жогорку Кеңеш Президенттин сунуштарын чекке кага албай келет, анткени ал дагы көз каранды бийлик бутагы.

Мындай сунуштамалардын 99,99 пайызында Жогорку сот жана Конституциялык палатага президент тарабынан сунушталган талапкерлер парламент тарабынан колдоо таап келишет.

Балким, ушул үчүн да, 2-декабрдагы соттук жүрүмдө Конституциялык палатанын парламенттин мыйзамсыз кабыл алган мыйзамын жокко чыгарганга эрки жеткен эместир? Аткаруу бийлигинин башчысы өзү дайындаган судьялар кантип бул бийлик бутагына жана ага көз каранды парламентке каршы чечим чыгармак эле? деген логикалык суроо келип чыгат. Ушул эле жагдай Президенттин саясий кызыкчылыктарын көздөгөн соттук иштерде дагы ачык байкалат.

Көпчүлүк демократиялык өлкөлөрдө аткаруу бийлигинин же президенттин жогорку кызматтагы судьялардын дайындоосуна компетенттүү болушу кадыресе көрүнүш деп эсептелет.

Венециялык комиссия Кыргызстандагы соттук мыйзамдарга байланыштуу 2011-жылкы корутундусунда төмөнкүлөрдү эскерткен: “Президент жана Парламент сотторду дайындоодо ыйгарым укуктуу болгону ачык көрүнүп турат. Баштапкы чекит катары, бул жагдай көйгөйлүү эмес. Аткаруу бийлиги (Президент же Өкмөт) тарабынан белгилүү бир шарттарда сотторду дайындоо Европа Адам Укуктары Сотунун практикасында жалпысынан кабыл алынат жана Европа Адам Укуктары Конвенциясына каршы келбейт. Бирок, ушул процедуралар менен сотторду дайындоодо талапкерлердин саясий көз карашы таасир этпеши үчүн Кыргызстанда атайын чаралар көрүлүшү керек”.

Судьяларды дайындоо жол-жоболору, айрыкча демократиялык маданият күчтүү эмес өлкөлөрдө соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуучу маанилүү фактор болуп саналат.

Кыргызстан Борбордук Азияда эң демократиялуу өлкө катары саналганы менен, азырынча бул жолдун башатында гана турат деп ойлойбуз.

Венеция Комиссиясы бул боюнча: «Европада сотторду дайындоонун ар кандай түрлөрү бар. Бул мааниде бардык өлкөлөрдө колдонулган бирдиктүү калып (модель) жок. Демократиялуу делген көптөгөн өлкөлөрдө сотторду дайындоодо аткаруу бийлигинин таасири чоң. Бул тутум, көптөгөн жылдар бою калыптанган укуктук-демократиялык маданияттын негизинде башка бийлик бутактарынын чектелүүсү менен жакшы иштеши мүмкүн жана чынында соттордун көз карандысыздыгы үчүн доо кетирбеши мүмкүн. Бирок, демократиялык жолдо жаңы келаткан өлкөлөр үчүн мындай калып ылайыктуу болбойт”, - деп кеңири түшүндүрмө берген.

Менимче, кайсы өлкөдө болбосун, теориялык негизде бийлик бутактарынын сот бийлигине кийлигишүүсүнө шарттар түзүлсө, соттун көз карандысыздыгына баары бир доо кетирет. Мындай көйгөйлөр Европанын бир катар өлкөлөрүнүн сот системаларында бар деп айтууга да болот. Кыргызстандагы абалды эске алганда, биздики андан да кооптуу көрүнөт. Ошентсе да, Венециялык комиссиянын сунуштары Кыргызстан тарабынан чындап эске алынса жакшы жыйынтыктар чыкмак.

Сотторду тандап алуу механизминде дагы таасир этүүчү институт – бул Судьяларды тандоо боюнча кеңеш. Кеңештин курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн соттук корпус, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция шайлайт.

Мындай карасак, анын үчтөн эки бөлүгүнүн парламенттен келип чыгышы саясий тең салмактын олуттуу бузулушун (дисбаланс) жаратат. Партиялар саясий кызыкчылыктарын коргоо максатында өкүлдөрүн коюп алышып, өздөрүнө лоялдуу судьялардын келишине таасир этишине жолдор ачат.

Судьяларды тандоо боюна кеңеште жок дегеде жарымынан көбү саясий күчтөрдөн эмес, соттук корпустун ичиндеги мүчөлөрдөн түзүлүшү керек. Бул Кеңеш – сот тутумунун көз карандысыз багытын аныктоочу, көзгө жакшы көрүнбөгөн негизги институт. Анткени, чынчылдык, көз карандысыздык жана калыстык принциптерин сактай турган судьяларды дайындоодо Кеңеш өтө жоопкерчиликтүү позицияда турат.

Соттордун кызматтан бошотулушу

Соттордун көз карандысыздыгында кийинки көйгөй – соттордун жумуштан бошотулуу механизминде жатат.

Конституциянын 95-беренесинин 2-пунктун карасак: “...судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча бошотулат”.

Жергиликтүү сотторду Президент кызматтан алат. Жогорку сот жана Конституциялык палатанын судьялары Президенттин көрсөтмөсү менен Жогорку Кеңеш тарабынан кызматтан алынат.

Демек, судьялардын кызматтан алынуусунда эки чоң саясий институттун кийлигишүүсү сотторду саясий көз карандылыкка алып келүүдө. Резонанстуу иштерде судьялар Президенттин буйруктарынан чыга албай келишет. Анткени алар Президент тарабынан дайындалып, Президент тарабынан кызматтан алынат. Бул учурда судьялар эркин, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн эмес, тышкы күчтөрдүн таасири астында чечим кабыл алышат. Алар мындай шартта эртеңки күнү кызматтан кол жууп калуудан коркушат.

Жогорку сот менен Конституциялык палатанын судьялары да Президент жана парламенттин буйругун аткарганга дуушар болуп келишет.

Тымызын буюртмага баш ийбесе, анда алар дагы жумуштан айрылып калышы ажеп эмес. Буга эң ачык өрнөк – 2015-жылы Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын кызматтан алынышы болду.

К.Сооронкулова айып тагылардан бир күн мурун "Жарандарды биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзам долбоорунун айрым беренелери Конституцияга каршы келет деп билдирген. Аталган мыйзам жарандардын 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышуусунун жаңы добуш берүү механизми болгон жана Сооронкулова бул мыйзам шайлоодо алдамчылык үчүн гана курал болушу мүмкүн деп түшүндүргөн. Процедуралык нормалардын бузулуусу аркылуу кыска убакыттын ичинде Сооронкулова Жогорку Кеңеш тарабынан кызматтан алынган.

Соттордун көз карандысыздыгында Тартип комиссиясынын ролу да эбегейсиз зор.

2016-жылкы Конституциялык өзгөртүүлөрдөн кийин ишке кирген Тартип комиссиясынын 9 мүчөсүнүн үчтөн бирин Президент, парламент жана Судьялар кеңеши шайлайт. Бул жерде да саясий тең салмактын одоно бузулушу (дисбаланс) бар. Ушундан улам, комиссиянын курамы дагы акыйкат сындарга жол ачып келет.

Эгер келечектеги судьялар кайы бир саясатташкан институт тарабынан сунушталып, саясий күчтөр тарабынан дайындалса/кызматтан алынса, мындай учурда демократия нугунан тайыган бийлик элге каршы ойной баштайт. Биз өлкөдө азыркы тапта дал ушуну көрүп жатабыз.

Жыйынтык

Президенттик институт менен парламентке сот бийлигинин кадрдык түзүлүшүнө, көзөмөлдөөсүнө эбегейсиз зор ыйгарым укуктар берилгенин көрүп турабыз.

Кыскача токтолгондо:

1) Жергиликтүү судьялар Президент тарабынан дайындалат жана кызматтан алынат;

2) Жогорку Сот жана Конституциялык палатасынын судьялары Президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат жана кызматтан алынат;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин үчтөн эки бөлүгү – партиялардын өкүлдөрү;

4) Тартип комиссиясынын үчтөн эки бөлүгү – Президент жана парламенттин өкүлдөрү.

Буга кошумчалай кетсек, 2016-жылдан бери Президент жергиликтүү судьяларды ротация кылган ыйгарым укукка ээ. Мисалы, мамлекет башчы өзүнө жакпай калган судьяларды борбордон алыскы региондорго которуп коё алат.

Ошондой эле, Президенттин алдында Соттук реформа боюнча кеңеш түзүлгөн. Ал соттук тармакта мыйзамдардын кабыл алынуусуна таасир этет. Кеңештин мүчөлөрү – укукчулар, окумуштуулар, саясатчылар кайра эле Президент тарабынан бекитилет.

Учурдагы конституциялык долбоордо президенттин сот тутумундагы орду мындан дагы күчөгөндүгү көрүнүп турат. Долбоордо Президент Судьяларды тандоо кеңешинин сунушу жок эле өзү түздөн-түз жергиликтүү судьяларды шайлоого сунуштай тургандыгы, жергиликтүү соттордун төрагаларын өзү дайындай тургандыгы жазылып турат. Бул өзгөртүүлөр соттордун көз карандысыздыгын жакшырткандын ордуна, тескерисинче, тап-такыр аңга түртөт.

Кыргызстанда сот системасында президенттин турумунун француз калыбына окшоштук жактары бар деп айтылчу. Ошол эле учурда Францияда Президенттин сот тутумундагы маанилүү ыйгарым укуктарга ээ болушу соттордун көз карандысыздыгы боюнча талаш-тартыштарга алып келген.

Франциянын 2008-жылдагы конституциялык реформасынын негизги максаттарынын бири – президенттин сот тутумундагы ыйгарым укуктарын тең салмактуу деңгээлге түшүрүү болгон. Алар ушул жаатта позитивдүү реформа жасай алышкан деп эл аралык укук таануучулар айтып келишет.

Жогоруда айтылган пункттар – кыргыз сотунун иш жүзүндө көз каранды болуп келишинин эң негизги себептери, мындайча айтканда “өзөгү” болуп саналат.

Канчалык соттун имаратын жаңыртпайлы, техникалык-материалдык базасын жакшыртпайлы, санариптештирбейли (бул жагынан Кыргызстан диктатордук Түркмөнстандан алда канча артта турат), баары бир бул сырты жалтырак аракеттер өлкөдөгү сотторду көз карандысыз кыла албайт.

Судьялардын кызматка келишинде жана кызматтан бошотулушунда саясий мотивдер камтылбаган адилеттүү, көз карандысыз механизм орнотулмайынча Кыргызстандагы соттор иш жүзүндөгү көз карандылыктан арыла алышпайт.

Илдет маңызы табылгандан кийин, ошол илдеттин тегерегинде ылаажы таап, системдүү иштеп, аны четинен айыктырса болот. Ал үчүн соттук аң сезимди түп тамырынан бери алмаштыра ала турган терең, нагыз реформаларга барыш керек. Бул – Кыргызстандагы сотторду кызматка дайындоо жана бошотуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүү, андагы президенттин ашыкча ролун азайтуу, парламенттин да президенттен көз карандысыздыгын бурмалоосуз шайлоолор аркылуу камсыз кылуу.

Медер Айтмырзаев,

Сегед (Szeged) университетинин докторанты,

Сегед шаары, Венгрия.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG