Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Сооронкулова: Конституциялык палата кысымга кабылып жатышы мүмкүн (видео)


Клара Сооронкулова, «Реформа» партиясынын лидери.
Клара Сооронкулова, «Реформа» партиясынын лидери.

Президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Клара Сооронкулова «Реформа» партиясынын арызын кароодо Конституциялык палатага кысым болуп жатышы мүмкүн деп эсептейт. Мындай пикирин ал Бишкекте Баш мыйзамдын жаңы сунушталган долбоорун талкуулаган жыйында билдирди.

«Мен учурдан пайдаланып Конституциялык палатанын төрагасына өзүмдүн, юристтердин атынан ыраазычылык билдиргим келип жатат. Ушундай кырдаалда «Реформа» партиясынын кайрылуусу боюнча, Венеция комиссиясына «эксперттик корунтунду чыгарып бергиле» деп кат жибергени - чынында чоң эрдик. Биздин кайрылуубуз бүгүн каралышы керек эле. Бирок кандайдыр бир себептер менен кворум чогулбай калды. Бир судьябыз өзү изоляция деп шылтоо кылышты. Конституциялык палатага басым, кысым болуп атабы, көңүл буруп койсоңор деп депутаттардан суранат элем. Табышмактуу окуялар болуп атат. Алардын санын азайтуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып атат», - деди Сооронкулова.

Азырынча Конституциялык палатадан комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Анын 11 мүчөсү бар.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын маалымдаган.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес убакытта дайындалышы керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG