Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

COVID-19: Ооруканада жаткандардын 98 пайызынын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын дээрлик 98 пайызынын абалы оор. Бул тууралуу 20-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, алардын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат. Ооруканада жаткан 3137 адамдын 56сынын гана абалы канааттандырарлык.

865 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 27,5% түзүүдө.

Бейтаптардын 4% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 126 адам.

Мындан тышкары 2090 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 66,6% барабар.

Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 68 702 кишиге жетти, алардын 1223ү каза болду.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG