Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

«Саясий репрессияга каршы комитет»: Депутаттардын суракка чакырылышында саясий куугунтуктун белгилери бар


Адил Турдукулов. Архивдик сүрөт.
Адил Турдукулов. Архивдик сүрөт.

«Саясий репрессияларга каршылык көрсөтүү комитети» уюму Жогорку Кеңештин төрт депутаты Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылышында саясий куугунтуктун белгилери бар деп эсептейт. Уюм 20-ноябрда кайрылуу жарыялап, депутаттар Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев президенттик шайлоону парламенттик шайлоого чейин өткөрүүгө жана Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыкканы үчүн суракка чакырылып жатат деп эсептеп, муну күч түзүмдөрүнүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына басымы катары баалады.

Уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов «Азаттыкка» кийинки жылдары Кыргызстанда тандалма жазалоо саясаты жүрүп, азыркы бийлик да ошол катаны кайталап жатканын билдирди:

«Саясий оппоненттерге басым жасап, саясий чөйрөнү тазалоо ыкмасы үч революцияга себепкер болгон. Садыр Жапаров да, анын бийлиги да ошол эски илдетти кайталап жатканы абдан өкүнүчтүү. Келечекте президент болом деген адам элди бөлбөй, тескерисинче, бир консенсуска келүүгө, сүйлөшүүгө, диалогго барышы керек. Жалаң эле саясий оппоненттери менен эмес, жарандык коом жана көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары менен. Антпей жатканы өкүнүчтүү».

20-ноябрда ИИМ билдирүү таратып, «эч кимге эч кандай кысым болгон жок, тергөө 5-6-октябрдагы окуялар боюнча тиешелүү жарандарды күбө катары чакырды» деп билдирди.

4-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон саясий партиялар жана алардын тарапкерлери митинг уюштуруп, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү көпчүлүк Жогорку Кеңеш, президенттин аппараты жайгашкан имаратты ээлеп алып, камакта отурган саясатчыларды бошоткон. Кийинчерээк парламент түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаровду премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу кылып бекиткен. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын 15-октябрда өткөрүп берген.

Октябрь окуялары боюнча кийинчерээк кылмыш иштери козголгон.

Ал эми коомдук-саясий чөйрөнүн сынына кабылып жаткан Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин 80 депутаттын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG