Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Берлин Кыргызстандагы программаларын токтотот


Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик туулары.
Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик туулары.

Германия Өзбекстандан башка Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыгын кыскартууда. Анын ичинде Кыргызстан менен техникалык жана каржылык программаларын алдыдагы жылдары токтотот.

Германия муну Кыргызстан жардамга өтө муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбей калганы менен түшүндүрдү. Талдоочулар анын себебин башкадан көрөт.

Германиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан түшүндүрмө маалыматка ылайык, узак реформалардан кийин Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги (BMZ) дүйнөдө күчөп жаткан глобалдык маселелерди натыйжалуу чечиш үчүн келечекте даректүү иш алып барууга өтөт.

Атап айтканда, Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Герд Мюллер «BMZ 2030» аттуу реформаны жарыялады. Анда «кызматташтык, процесстер жаңыртылып, өнөктөш өлкөлөр азайтылат». Кыргызстан сыяктуу эле башка өлкөлөр менен да техникалык жана каржылык иштер боюнча программалар алдыдагы жылдары акырындап токтотулат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев Германиянын бул чечими боюнча мекеменин кабары бар экенин айтып, буларга токтолду:

Уланбек Дыйканбаев.
Уланбек Дыйканбаев.

«Кыргызстан менен Германиянын эки тараптуу кызматташтыгы 1993-жылдан бери уланып келатат. Туруктуу экономикалык өнүгүү, саламаттык сактоо тармагы боюнча долбоорлор бар. Мунун баары Германиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашып жатат. Экономика, билим берүү, маданият, айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика тармагында эки мамлекеттин ортосунда мындан ары да кызматташтык улана берет».

Элчилик GIZ жана KfW программалары жакынкы жылдары Кыргызстанда өз ишин токтоторун, ошол эле кезде Германия буга чейин макулдашылган долбоорлорду аягына чыгарарын кошумчалады.

Билдирүүдө өлкөнүн саясий системасында негизги элемент сөз эркиндиги жана демократия экени белгиленген. Анда айтылгандай, Кыргызстанда жашоо деңгээли көтөрүлүп, жакырчылык азайган. Өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты токтотууга Кыргызстан жардамга өтө муктаж өлкөлөрдүн катарына кирбей калганы негиз болгон.

Кыргызстанга техникалык да каржылык да колдоо көрсөтүп келаткан Германиянын бул чечими ар кандай пикирлерге жол ачты.

Дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов немис тараптын «Кыргызстан муктаж өлкөлөрдүн катарынан чыкты» деген жүйөсүнө ынаган жок. Ал бул чечим Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен жүргүзгөн саясатынын «үзүрү» деп эсептейт.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«GIZ Кыргызстандык саламаттык сактоо тармагына чоң жардам берет. Эми иш токтотулса, биз көп нерсени жоготобуз. Экинчиден, сөз болуп жаткан чечим Германиянын Кыргызстанга болгон мамилеси начарлаганын көрсөттү. Себеби, биз ушул күнгө чейин Европа Биримдиги менен кызматташтык боюнча стратегиялык келишимге кол коё элекпиз. Анткени Европа Биримдиги бирдиктүү саясат жүргүзөт. Ал эми Германия - биримдиктеги ири жана таасирдүү мамлекеттердин бири».

Былтыр Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишимге 2020-жылдын башында кол коюлары айтылган. Бирок ушул күнгө чейин ишке аша элек.

Германиянын акыркы чечими кыргыз-немис кызматташтыгы боюнча маселени да козгоду. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков былтыр апрель айында Германияга расмий сапары менен барып келген. Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Ангела Меркел менен жолуккан Жээнбеков ишкерлер ортосунда 1 миллиард евродон ашык каражатка кол коюлганын жарыялаган эле.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев Германия Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да долбоорлорун токтотуп жатканына көңүл бурду.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Германия Борбор Азия өлкөлөрүнөн ичинен Өзбекстандан тышкары бардык эле мамлекеттер боюнча ушундай чечим кабыл алыптыр. Дагы иштешсек жакшы болмок. Бирок чечим кабыл алынып калгандан кийин эч нерсе кыла албайбыз да. Өзбекстандын президенти жүргүзүп жаткан саясатты дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер колдоп, реформатор деп айтып жатышат. Өзбекстан демократия багытында Кыргызстан мындан 20 жыл мурун баштаган иштерди азыр жасап жатат. Ошондуктан Өзбекстанга артыкчылык берилиши мүмкүн».

Германия эки тараптуу программалар аяктагандан кийин Кыргызстанга Евробиримдик, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана өнүктүрүү банктары аркылуу көмөк көрсөтөрүн убада кылды. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан өлкөлөрүн камтыган «Жашыл Борбор Азия» долбоору ишин улантарын да кошумчалады.

GIZ уюму Кыргызстанда саламаттык сактоо, сот бийлиги, айыл чарбасы, билим берүү жана ишкерликти колдоо боюнча бир катар долбоорлор боюнча иштейт. Уюм ушул тапта канча долбоор ишке ашырылып жатканын жана качан токтотулары тууралуу маалыматты тактап берерин билдирди.

GIZ аркылуу Нарында жаштарды колдоо боюнча бир катар долбоорлордо иштеген Бакыт Эгембердиев уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу буларды айтып берди:

«Менин маалыматым боюнча GIZ уюмунун Кыргызстанда 50дөн ашык программасы бар. Жаштар менен иштөө боюнча айрым уюмдар бир-эки тренинг менен чектелсе, GIZ узак убакыт окутат. GIZ Кыргызстанда бизнес ачкандарга кайтарымсыз грант берген жалгыз гана уюм. Негизи ишкерликке эч ким грант бербейт. Берсе насыя катары берип, кайра кайтарымдуу болот. Менин эсебим боюнча 2016-жылдан бери GIZ берген гранттын эсебинен Нарын облусунда эле 40тай ишкана ачылды».

Саясий серепчи Эмил Жороев болсо Германиянын Кыргызстанга каржылык жана техникалык жардам берүүнү токтотушу өкмөт үчүн чоң чакырык экенин эскертти.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«Кыргызстан бир топ жылдан бери орто кирешелүү өлкөлөрдүн арасына кирип жатат. Германия мына ушундай чечим кабыл алса, эртең дагы башка донор мамлекеттер ушундай эле кадамга барышса бул Кыргызстан үчүн коңгуроо. Биз мамлекет катары бардык иштерди өзүбүз каржылаганга өтүшүбүз керек. Кыргызстан эгемендик жылдары жана акыркы эле пандемия учурунда канча деген гана жардамды сурады».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Германиянын GIZ уюму Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 550 миң еврону грант катары берерин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG