Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

IIДС:  Немис антифашисттеринин салымы унутулгус


Германиядагы каршылык көрсөтүү кыймылын эскерүү жайындагы айкел. Берлин шаары. 22.6.2015.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында немис тегиндеги антифашисттер да германдык нацизмге каршы айыгыша күрөшкөн. Тарыхый калыстык үчүн алардын күрөшү жаатында да сөз кылып туруу абзел. Тарыхчынын блогу.

Фашизм жана улут

Бала чакта тестиер балдар жыгачтан, сымдан автомат жасап алып, же чыбыкты автомат катары элестетип алып, согуш оюнун ойношоор эле. Кинодон көргөнүн кайталашып, “сага ок тийди!” десе, кудум артисттерчесинен тоголонуп же бөкчөйүп барып, сулап жатып калышаар эле.

“Биздикилер” (“Кызыл армия”) сөзүнө каршы мааниде “тигилер” же “немистер” деген сөз колдонулчу. “Фашист” сөзүнө тил деле келчү эмес ко, сыягы...

Далайы “немис болбойм” дешчү, анан эптеп чоңураактарга аралашып ойногусу келген жана саясий тарых менен “эч чатагы болбогон” чыт курсактар “немис болуп” беришчү. Советтик көркөм фильмдердин дээрлик бардыгында фашисттер аңкоо, акылсыз, автоматы туш келди эле бөөдө ок чачыраткан жагымсыз пенделер болчу. Анда санда үйрөнгөн немисче сөздөрдүн бири –– “хенде хох!” –– “колуңду көтөр!” буйругу эле...

Балалык юмор да жөн келбей, “хенде хох” дегенге “менде жок” деп жооп бергенде, калгандары миллион жолу кытылдап күлүштү го...

Бирок айылыбызда элдин бардыгы мактап-жактаган немис мугалим бар эле. Кийин ал Нарын шаарынын кадырман агартуучусу болуп, көп жылдар орус тилдүү мектепте деректирлик кылды. Владимир Унгефухт агай жубайы экөө тең кыргызча суудай билишчү. Жубайы Эчки-Башыда кийиз баскандан бери үйрөнгөн дешет. Бул агай өзүн биздин уруунун өкүлүмүн деп айтып калчу. Уулу Володя да кыргызча түш жоруп, кийин кыргыз кызга үйлөнгөн.

Ардагер педагог Владимир Филиппович Унгефухт. 2015.
Ардагер педагог Владимир Филиппович Унгефухт. 2015.

Ушундай мыкты таасирден уламбы, менин Гуля эжекем да немис тил мугалими болуп, нечендеген шакирттерди даярдады.

Ошентип, “немис деле жакшы турбайбы” деген сезимге да бөлөнүп чоңойдук...

Ушул тапта экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын калыс көз карашта иликтөөнүн удулу келип турат. Мурда фашисттик Германияны жеңген өлкөлөрдүн коомунда неофашисттердин топтору, скинхеддер пайда болуп жаткан азыркы маалда фашисттик идеяны эч бир улутка таңуулай албай тургандыгыбызды да дурус аңдайбыз.

Германиядагы антифашисттик агымдар жөнүндө бир ооз сөз

Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы ушунчалык кеңири мейкиндикте кучагына алгандыктан, азыркы улам сааты кыскарган тарых сабагында бул дүйнөлүк согуштун бир гана өңүрү –– СССРде “Улуу Атамекендик согуш” аталып калган баскычы гана кеңири чагылдырылат, ал эми алааматтуу согуштун башка барактарына орун деле калбай калат.

Дал ушундай таңсыктыктын шартында далай жаш окурмандарда “немистердин бардыгы тең нацизмди, Гитлерди колдогон окшойт” деген калпыс бүтүм пайда болушу ажеп эмес.

Германиянын өзүндө жана жалпы немис элинде бир нече тармакта антифашисттик кыймылдар жана топтор ар дайым күрөш жүргүзүп келишкенин баса белгилейбиз. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында германдык нацисттер немис тегиндеги антифашисттердин 77 000дей өкүлүн өлүм жазасына тарткан, жүз миңдеген өкүлдөрү концлагерлерде, абактарда кармалган.

Эрнст Тельман, Зорге, жана коммунисттер

Ырааттуу антифашисттердин арасында, албетте, коммунисттик жана социал-демократиялык уюмдар болду. Германиянын коммунисттик партиясынын чоң жаңылыштыгы (балким, сталиндик Коминтерндин шыбыштоосу менендир) –– алар зарыл учурда социал-демократтар жана либералдар менен эч кызматташпай коюп, натыйжада өздөрүн “улутчул социалисттер” деп атаган германдык нацисттерге бийликти алдырып жиберишкендиги болду.

Бирок Гитлер бийликке келип, фашисттик диктатурасын орното баштаганда, немис коммунисттери социалисттер жана либерал демократтар менен кеч болсо да кызматташа башташкан. Алар тымызын антифашисттик топторду биргелешип уюштурууга өтүшкөн учурлар да бар.

Германдык коммунисттердин лидери Эрнст Тельман (Ernst Thälmann; 16.4.1886, Гамбург — 18.8.1944, Бухенвальд абагы) тууралуу Кыргызстанда мыкты билишет. Чүйдөгү Панфилов жана Ысык-Ата райондорунда жана Оштогу Кара-Суу районунда анын ысымында кыштактар бар. Кыргыздарда Эрнст, Эрнест, Эрнис сыяктуу эркек ысымдары да арбын коюлуп келет.

Советтик тарыхта бул каарман киши 1933-жылдан өзү атылган күнгө –– 1944-жылдын 18-августуна чейин нацисттик абакта жана концлагерде сотсуз эле кармалгандыгы тууралуу кыйла дурус чагылдырылган.

Эрнст Тельмандын айкели. Чыгыш Берлин. 2015.
Эрнст Тельмандын айкели. Чыгыш Берлин. 2015.

Бирок 1939-жылы 23-августта Кремлде Иосиф Сталиндин түздөн-түз катышуусу астында нацисттик тышкы иштер министри Иоахим Риббентроп менен СССРдин тышкы иштер эл комиссары Вячеслав Молотов тарабынан кол коюлган Молотов-Риббентроп пакты тууралуу кабар жеткен соң, Эрнст Тельман өзүнүн партиялашы Иосиф Сталинге түрмөдөн мындайча кат жолдогондугун биз эч бир советтик китептен учураткан эмеспиз:

Менин терең ишенимимде, Сталин менен Молотов өздөрүнүн Риббентроп менен сүйлөшүүлөрү маалында Германиядагы саясий камактагыларды, анын ичинде мени да, боштондукка чыгаруу тууралуу маселени козгоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып же унуткарып салышкан эместир...”

Албетте, Сталин андай маселени көтөргөн да эмес. Ошондуктан бул тымызын кат элден жашыруун бойдон калган.

Дагы бир немис коммунисти –– Германиянын атуулу, айтылуу советтик чалгынчы Рихард Зорге (Richard Sorge; 04.10.1895, Сабунчу, Бакы үйөзү, падышалык Орусия –– 07.11.1944, Токио, Жапония) өз өмүрүн тобокелген салып жиберген бир катар баалуу маалыматтарды Кремлдин кожоюну шектене караган. Анын 1941-жылдагы "Жапония азырынча СССРге каршы согушка кирбейт” деген кабарын гана совет бийлиги туура багытта колдонуп, Ыраакы Чыгыштан айрым аскер бөлүктөрүн батыштагы согуш майданына аттандырган.

Рихард Зоргенин айкели. Владивосток шаары, Орусия. 2019.
Рихард Зоргенин айкели. Владивосток шаары, Орусия. 2019.

Зоргенин жубайы Екатерина Максимова 1942-жылы далилсиз жана адилетсиз шек менен ГУЛагга айдалып, 1943-жылы 3-июнда Красноярск аймагында сүргүндө оорудан өлгөн чакта, Рихард Зорге өзү жапон абагында жаткан. 1964-жылы ноябрда (б.а. Токиодо өлүм жазасына тартылгандан 20 жыл өткөн соң гана) маркум Зоргеге “Советтер Союзунун Баатыры” наамы ыйгарылган.

Эгерде СССРдин жана КПССтин лидери Никита Хрущев 1964-жылы француз кинорежиссёру Ив Сиампи (Ив Чампи; Yves Ciampi; 1921— 1982) тарткан “Деги Сиз кимсиз, мырза Зорге?” (Qui êtes-vous, Monsieur Sorge?) деген көркөм тасманы көрбөгөн болсо, анда деле Зорге тууралуу жылуу сөз ошол жылы айтылбай калышы ыктымал болчу.

Шменкелдин эрдиги

Экинчи дүйнөлүк согуштун уландысы –– СССРде Улуу ата мекендик согуш деп аталган окуялардын так алдында, 1941-жылдын 22-июнуна караган түнү СССР менен Германиянын чек арасы тараптан бир нече немис жоокерлери дезертирлик кылып, советтик аймакка өтүп келишип, “мына-мына согуш башталган жатат” деп эскертишкен. Герман аскерлеринен качып чек арадан өтүп келген ал дезертирлердин айрымдары коммунист же социал-демократ болушкан.

Бирок “атайын дезинформация кылып, провокацияга түртүп жатышат” деп шектенген советтик жетекчилик алардын өз өмүрүн тобокелге салып жеткирген чукул кабарын таназарга албай койгон.

Нацисттик Германиянын куралдуу күчтөрүнөн (“Вермахт”) ыктыяры менен качып келип, советтик партизандардын катарында гитлерчилерге каршы айыгыша согушкан немистердин чыгаан өкүлү –– Фриц Ганс Вернер Шменкел (Fritz Hans Werner Schmenkel; 14.2.1916 — 22.2.1944) болгон. Аны совет тарыхнаамасында Фриц Паул Шменкел (Fritz Paul Schmenkel) деп чагылдырып калышкан.

Ал Варзово (Warsow bei Stettin) жергесинде немистин үй-бүлөсүндө туулган. Варзово азыркы Польшанын Шецин шаарына жакын жайгашкан. Атасы Паул Краузе коммунист жумушчу болгон жана 1923-жылы антифашисттик демонстрациялардын бирине катышып жаткан жеринен атып өлтүрүлгөн. Ал атасынын изи менен коммунист болуп тарбияланган.

1938-жылы Фриц Шменкелди германдык нацисттик армияга чакырышат, бирок ал дезертирлик кылып, антифашисттик үгүт жүргүзгөндүгү үчүн нацисттик аскер соту тарабынан эки жылга абакка кесилет.

Ал абакта жатканда нацисттик Германия СССРге кол салшган болчу. Ошондо Фриц Шменкел советтик тарапка өтүп, фашисттерге каршы согушуу планын түзөт да, “оңолгонун” айтып, согушка жиберүүлөрүн өтүнүп кат жазат.

Анын сөзүнө ишенип, чыгышка согушка жөнөтүшөт. Шменкел 1941-жылы ноябрда Смоленск облусунда нацисттик армиядан качат да, Ярцев районуна караштуу Подмошье кыштагында жашырынып жүрөт. Аны нацисттер кайра кармап алган кезде, 1942-жылы 17-февралда “Фашизмге өлүм” («Смерть фашизму») деп аталган партизандык кошуун тарабынан бошотулуп алынган.

Анын аскердик тажрыйбасы, немис тили өз эне тили болгондугу Тверь (мурдагы Калинин) жана Смоленск облустарынын аймактарында салгылашкан бул кошуундун бир катар согуштук амалдарды ийгиликтүү жүзөгө ашыруусуна өбөлгө болгон. Аны урматтап, “Иван Иванович” деп кайрылышкан.

Фриц Шменкел (1916––1944).
Фриц Шменкел (1916––1944).

Бир канча ирет ал нацисттик офицерлердин кийимин кийип алып, чалгынга чыгып, баалуу маалыматтар алып кайткан. Ал түгүл 1942-жылы августта ал нацисттерге кызмат кылып жаткан 1 полицайды алдап токойго алып келген. Эч кандай салгылашуусу жок эле туткундалган полицайлар партизандык сотко берилген.

Нацисттер анын башы үчүн чоң акча сыйлык коюшкан. Ал согушкан партизандык кошуун бул аймактар 1943-жылы мартта бошотулганга чейин туруштук бере алган.

1943-жылдын июнунда Фриц Шменкелди Батыш фронттун чалгынчылар тобуна жөнөтүшөт. Ошол жылы декабрда ал башка да эки куралдашы менен согуш талаасынан өтүп, чалгынга кетет. Бирок 1944-жылдын башында аларды фашисттер камакка алышкан. Ошол жылы 15-февралда аны фашисттик баскынчылардын майдандагы аскер соту өлүм жазасына кесип, бул өкүм 22-февралда Минск шаарында жүзөгө ашырылган.

Өлөөрүндө Фриц Шменкел: «Ооба, мен – немисмин. Ооба, мен мурда Вермахттын жоокери болгом... Мен Гитлер таңуулаган согушту жек көрөм... Мен немис элинин мүдөөсүн көздөп , өзүмдүн татынакай атажуртум –– Германиянын таламы үчүн Кызыл армиянын катарында согуштум», –– деп айткан экен.

Тасма. Фриц Шменкел тууралуу орусча даректүү баян. 2018.

Согуш жылдары эле Фриц Шменкелдин даңазасы таркаган. Бирок ал тууралуу жаңы маалыматтар Иосиф Сталин өлгөндөн 8 жылдан кийин ачыкталып, 1961-жылдан тартып анын ишмердиги боюнча иликтөөлөр кызуу жүргөн. Анын натыйжасында 1964-жылы 6-октябрда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгына ылайык ага өлгөндөн кийин «Советтер Союзунун Баатыры» наамы ыйгарылган.

Ушул жерден кыстарып айта кетсек, немис тектүү советтик атуулдар да нацисттик Германияга каршы айыгыша салгылашкан. Согуштун ирегесинде эле Кызыл армияда 33,5 миңден ашуун немис тектүү жоокерлер кызмат кылган. Бирок алардын көпчүлүгү сталиндик жашыруун буйрукка ылайык 1941-жылы сентябрда аскер даражаларынан ажыратылып, «эмгек армиясы» делген, иш жүзүндө ГУЛагдын бир түрү болгон абактарга адилетсиз түрдө мажбурлап көчүрүлгөн. Айрымдары далилсиз эле айыптуу табылып, атууга кеткен, башкалары НКВД (кийин –– КГБ) күчтөрү тарабынан камакка алынып, темир жолдо поюзга салынып, чыгышка карай жеткирилип келе жатканда, нацисттик аба чабуулунда набыт болушкан.

Ошого карабастан, согуш талаасында кала берген жана нацисттерге каршы татыктуу күрөшкөн советтик немистер да болгон. Алардын бири –– Эдил (Волга) боюндагы немистердин өкүлү Роберт Александрович Клейн (09.3.1913––30.1.1990) болгон. Ал капитан даражасына жеткен, партизандык кошуунда да салгылашкан, мыкты чалгынчы болгон. Ал 1944-жылы 4-январда «Советтер Союзунун Баатыры» наамына татыган.

Станислав Штралер (Сыктывкар шаары, Коми Республикасы, Орусия) даярдаган даректүү тасмада «Советтер Союзунун Баатыры» наамына немис тегиндеги бери дегенде 166 жоокер татыгандыгы айтылат.

Айтмакчы, Кыргызстандан согушка аттанып, бир катар орден жана медалдар менен сыйланган немис тектүү атуулдар да болгон. Алардын айрымдары жазыксыз жерден сталиндик репрессияга кабылышкан. Ал эми сталинизм доорунда жоюлган Эдил боюндагы Советтик Социалисттик Немис автономиясы (Autonome Sozialistische Sowjetrepublik der Wolgadeutschen; 19..12.1923 –– 28.8.1941) кийинчерээк таптакыр калыбына келтирилген эмес. (Болочокто бул темага өзгөчө кайрылабыз).

Антифашист диниятчылар жана жаштар

Германиянын либералдык баалуулуктары көздөгөн бир катар католик жана протестант (лютерандык, ж.б.) диниятчылары да өз жолу менен нацизмге каршы күрөшкөн. Юлиан Семёновдун романына негизденип тартылган “Жаздын он жети көз ирмеми” деген айтылуу советтик сериалда да Штирлиц (Максим Исаев) деген башкы каарманды –– советтик чалгынчыны диниятчы пастор Шлаг колдогондугу чагылдырылат эмеспи.

1933-жылы германдик нацисттик режим өлкөдөгү бардык протестанттык чиркөөлөрдү “Рейхтин протестант чиркөөсү” деген бирдиктүү жана фашисттик тоталитаризмжи кыйшаюусуз колдоого багытталган чиркөөгө баш кошууга мажбурлаган.

Ошондо, 1933-жылдын сентябрында, кадыр-барктуу немис протестант диниятчылары нацисттерге каяша кылып, алардан көз каранды эмес “Пастордук Биримдик” (Pfarrernotbund) деген уюмду түзүштү. Бул уюм 1934-жылы “Бармен декларациясын” кабыл алды. Долбоорун Карл Барт түзгөн бул декларациянын өзөккү мааниси –– Германиянын чиркөөсү Ыйсанын үгүтүн жүргүзүү үчүн гана кызмат кылат жана эч кандай нацисттик идеяларга курал болуп бербейт.

Дитрих Бонхөффер атуу лютерандык диниятчы нацисттик режимдин саясатын ачык сынга алып, ал түгүл кийинчерээк Гитлерге каршы кутумду уюштуруу тобу менен байланыш түзүшкөн.

Солчул уюмдарга мурда мүчө болбостон, жана ал түгүл эч бир уюмга кирбей туруп эле нацисттик режимдин иш-аракетине каршы саботаж уюштурган карапайым динчи немистер да көп болгон.

Ал эми жаштардын ичинен “Ак роза” жана “Эделвейс деңиз каракчылары” аттуу топторду түзүп, ырааттуу антифашисттик иш-аракет жүргүзгөн топтордон тышкары да чачкын аракет кылган топтор болгондугу маалым.

Бир катар немис жаштары Батыш Европадагы антифашисттик, партизандык жана башка кыймылдарга салым кошкон.

Германдык антифашист Фрея фон Молтке айым (1911––2010). Берлин. 19.7.2004.
Германдык антифашист Фрея фон Молтке айым (1911––2010). Берлин. 19.7.2004.

300дөн ашуун немис тегиндегилер нацисттердин жөөттөр менен ромаларга (сыгаандарга) каршы геноцид аракеттерине каршы чыгышып, улуттук азчылык өкүлдөрүн ар кыл айла-амал менен ажалдан сактап калышкандыгы белгилүү.

Маселен, 1943-жылы 27–28-февралда бир катар берлиндик немистер (басымдуу көпчүлүгү – аялдар) Розенштрассе көчөсүндөгү мурдагы жөөт сыйынуу жайы болгон имараттын жанында ири демонстрация уюштуруп, концлагерлерге жөнөтүлгөн жаткан жөөттөрдү жана алар менен этностор аралык никеде тургандарды бошотуп алууга жетишкен (дээрлик 2 миңдей киши бошотулган).

Ал эми Берлиндеги башка имараттарда камылып жаткандардын басымдуу бөлүгү боштондукка чыгарылбастан, Освенцим сыяктуу фашисттик концлагерлерде набыт болушкан.

Освенцимде жаңыдан боштондукка чыккан абактагылар. 1945. Reuters.
Освенцимде жаңыдан боштондукка чыккан абактагылар. 1945. Reuters.

Кутумчу аткаминерлер

Гитлердин саясатынын Германия үчүн ойрондоткуч мүнөзүн кечирээк аңдап, кутум аркылуу анын бийлигине биротоло чек коюуга далалат кылган нацисттик аткаминерлер да болгон. Алар нацисттик Германиянын куралдуу күчтөрүндө жана тышкы иштер министрлигинде иштегендерден куралган.

Мамлекеттик төңкөрүш аркылуу Гитлерди бийликтен оодаруу үчүн алар 1943- жана 1944-жылдары майнапсыз далаалат жасашкан. Алардын өзгөчө кеңири белгилүүсү –– “Валкирия” деп аталган жана 1944-жылдын 20-июлунда майнапсыз жүзөгө ашырылган Гитлердин өмүрүнө кол салуу аракети болгон.

Аны уюштуруучулардын бири –– Клаус Филипп Мария Шенк граф фон Штауффенберг (Claus Philipp Maria Schenk Graf von Stauffenberg, 15.11.1907, Йеттинген — 21.7.1944, Берлин) аттуу аскер кызматкери болгон. Вермахттын бул полковниги нацисттик куралдуу күчтөрдүн Башкы командачылыгынын талаа шартындагы аскер ордосуна баяндама жасоо үчүн келген.

Германиядагы каршылык көрсөтүү кыймылын эскерүү борборунда фон Штауффенбергдин элесине арналган такта. Берлин. 19.1.2009.
Германиядагы каршылык көрсөтүү кыймылын эскерүү борборунда фон Штауффенбергдин элесине арналган такта. Берлин. 19.1.2009.

“Бөрү ийини” деп аталган бул аскер ордосу Чыгыш Пруссиядагы Растенбург (азыркы тапта Польшадагы Кентшин) шаарында жайгашкан эле. Бирок жардыргыч зат салынган портфелди Гитлер келчү орунга жакын коюп, Штауффенберг сыртка чыгып кеткен тапта, башка бир аткаминер бул портфелди алысыраак жылдырып коюп, Гитлер кокусунан аман калган болчу. Бир катар кутумчулар айоосуз жазаланышкан.

Бирок бул окуянын өзү эле нацисттик башкаруу чөйрөсүндө нацисттерге каршы күчтөр пайда болгонун таасын көрсөткөн.

Азыркы тапта 20-июлда Германияда нацисттерден набыт болгондорду жана запкы жегендерди эскерүү жөрөлгөлөрү расмий түрдө өткөрүлүп келет.

Колдун беш манжасы тең эмес

Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын калыс окуп үйрөнүү жана изилдөө учурунда жалпы немис элин “нацисттерди жактады” деп айыптоо туура эмес экендиги таасын айгинеленген.

Орусиянын Ярославл шаарынын “Шинник” футбол клубу менен Маскөөнүн “Спартак” футбол клубунун оюнчулары беттешип жаткан маалда “Спартактын” күйөрмандары отурган тарапта айрым жаштар нацисттик свастикасы бар желекти көтөрүп чыгышты. Ярославл. 30.10.2013.
Орусиянын Ярославл шаарынын “Шинник” футбол клубу менен Маскөөнүн “Спартак” футбол клубунун оюнчулары беттешип жаткан маалда “Спартактын” күйөрмандары отурган тарапта айрым жаштар нацисттик свастикасы бар желекти көтөрүп чыгышты. Ярославл. 30.10.2013.

Азыркы тапта Батыш Европа түгүл пост-советтик Орусияда деле неофашисттер, скинхеддер жана башка ашынган улутчулдардын топтору баш көтөргөн учурлар жок эмес. Бирок алардан улам бүтүндөй улутту жаманатты кылууга болбойт.

Мунун сыңарындай эле, немис эли да антифашисттик күрөшкө татыктуу салым кошкон көптөгөн уул-кыздары менен сыймыктана алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG