Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Британия: Антифашист поляктарга багышталган эстелик.


Польша. Европа лидерлери 2-дүйнөлүк согуштун башталышынын 70 жылдыгын эскерген жыйынга чогулушту. Гданск, 2009-жылдын 1-сентябры.
Польша. Европа лидерлери 2-дүйнөлүк согуштун башталышынын 70 жылдыгын эскерген жыйынга чогулушту. Гданск, 2009-жылдын 1-сентябры.

19-сентябр күнү Улуу Британияда Экинчи дүйнөлүк согушта британдардын командачылыгы астында герман фашизмине каршы согушкан жарым миллиондой полякка арналган эстелик ачылат.

19-сентябр күнү Англияда Экинчи дүйнөлүк согушта британдардын командачылыгы астында согушкан жарым миллион полякка арналган эстелик ачылат. Буга дейре поляктарга арналган мындай эстелик өлкөдө жок болчу. Эстеликти орнотуунун негизги демилгечилеринин бири,
Германиялык жоокерлер Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда.
генерал Чарлз Гатри (Charles Guthrie) “Азаттыктын” кабарчысы Аахто Лобякаска поляктардын жеңишке кошкон салымы жөнүндө кеңири маеек курду.

Анын себеби, биздин Сталиндин ачууна тийгибиз келбегенинде болсо керек...Лорд Гатри.



Генерал Чарлз Гатри 1993-97-жылдары Британиянын куралдуу күчтөрүнө омандачылык кылган.

Учурда Британ өкмөтүнүн коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси. Лорд Гатри Англиянын Arboretum улуттук мемориалдык комплесинде поляктарга эстелик койуу - Польшанын Экинчи дүйнөлүк согушка кошкон салымын британдардын эсине салып койуу үчүн зарыл дейт:



- Менимче, польшалыктардын бир бөлүгүнүн Экинчи дүйнөлүк согуштагы салымын унутуп калган адамдар Британияда көп. Алар бир кезде биздин жападан жалгыз союздашыбыз болгон. Алардын көбү британ армиясында кызмат өткөн. Кээ бирлери Сталиндик лагерлерден бошотулгандан кийин Британияга келип, бизге жардамдашты.

Лорд Гатринин сөзүнчө, поляктардын авиа эскадрону 1940-жылкы Британ согушу деп аталган айкашта башка эскадрондорго караганда мыкты салгылашкан. Алар Римдин жолундагы Монте Кассино деген жердеги салгылашта баатырдык менен согушкан, британ

Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Экинчи Дүйнөлүк согуштун башталганын 70 жылдыгына арнап, Польшанын Гданск шаарындагы эстеликке гүл чамбарларды койушууда. 1-сентябрь 2009-ж.

шаарларын немистик фашисттик авиациянын чабуулунан коргоого жана душмандын жашыруун шифрограммаларын жандырууга катышкан.

- Ишемби күнү эстеликти ачууга согуштан кийин коммунисттик Польшага кетпей калган көптөгөн адамдар келет. Британияда калып, коомдук турмушка чоң салымын кошкон 120 миңдей адам бул салтанатка келет деп ойлом.

Британ өкмөтү согуш бүткөндөн 70 жылдан кийин эстелик ачып, аларды 1945-жылы Лондондогу жеңиш парадына катыштырбай койгон күнөөсүн жууганы жаткан жокпу? Генерал Гатринин оюнча, Британия ал кезде СССР менен жакшы мамиле түзгүсү келгендиктен поляктарды жеңиш парадына катыштырып, Сталиндин ачуусуна тийүүнү каалабаган:

- Бул күнөөбү, билбейм. Бирок, поляктардын согуш маалындагы аракетин, биз үчүн нацисттер менен согушуп, жан бергенин унутуу мен үчүн уят. Аларга өтө жаман мамиле жасалган деп ойлойм. Согуштан кийинки Улуу парадга башка улуттар катышып, бирок поляктар катыштырылбай койгонун эч ким унутпашы керек. Анын себеби, биздин Сталиндин ачуусуна тийгибиз келбегенинде болсо керек. Бул өтө уялчу окуя.

Мурдагы Советтер Союзунун фашисттик Германияны жеңүүгө кошкон салымы анын Чыгыш Европа өлкөлөрүнө каршы жасаган кылмышын жууйбу?

Бул суроого генерал мындай жооп берди:

- Менимче, бул нерселерди бири бирине салыштырып болбойт. Өрусиянын согуштагы аракетин таң каларлык эмес деп ойлойм. Британ эли Советтер Союзу немистер менен согушта эбегейсиз чыгым болгонун ар убак эле билип тааныбады. Бул бирок алардын согушта бошоткон өлкөлөрдү баш ийдирип алуусун актабайт.

Британ генералы, лорд Гатри Сталиндик бийлик Катын токоюнда 22 миң полякты кырганын да эч актагыс күнөө деп эсептейт.


XS
SM
MD
LG