Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:09

Польша - 1939: Экинчи дүйнөлүк согуштун башаты


Кызыл армия менен нацисттик аскерлердин Бресттеги орток парады маалында. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Мындан 80 жыл илгери нацисттер эгемен Польшага басып киргенде Экинчи дүйнөлүк согуштун оту алооонгон. Ага сталинчилердин канчалык тиешеси бар?

Тээ 80 жыл илгери, 1939-жылдын 1-сентябрында нацисттик Германия эгемен Польшага кол салгандыгы, ал эми 3-сентябрда Улуу Британия, Франция сыяктуу мамлекеттер баскынчы Германияга согуш жарыялашып, Экинчи дүйнөлүк согуш башталгандыгы дүйнөлүк тарыхта дурус маалым.

Муну совет тарыхында да жазып келишкен. Бирок ошол алааматтуу уруш башталаардан саал мурдараак, 1939-жылы 23-августта нацисттик Германия менен Советтер Биримдиги (СССР) «Молотов-Риббентроп пакты« аттуу келишим түзгөн. Бул окуяга байланыштуу Иосиф Сталин Кремлде атайын тост көтөрүп: «Немис эли өз фюрерин кандайча жакшы көрөрүн билем. Буга байланыштуу мен анын саламаттыгы үчүн тост көтөрүүнү сунуш кылам», – деп айтканы бар.

Иосиф Сталин менен Адольф Гитлер кучакташып... (Коллаж).
Иосиф Сталин менен Адольф Гитлер кучакташып... (Коллаж).

СССР менен Германиянын ортосундагы өз ара кол салышпоо тууралуу бул келишимдин жашыруун протокол делген бөлүгүндө советтик режим менен германдык нацисттик режим Чыгыш Европанын өлкөлөрүн өз таасири астындагы аймактарга жиктеп алышкандыгы жөнүндөгү маалымат советтик окуу китептерине жолотулган да эмес.

Бул жашыруун макулдашууга ылайык Польшанын чыгышындагы бир катар аймактар, ошондой эле эгемен Латвия, Эстония, Финляндиянын аймактары коммунисттик Кремлдин таман астында калмак. Кийинчерээк Польшанын германдык нацисттерге кетүүгө тийиш болгон айрым жерлеринин ордуна Литва аймагы СССРдин таасири астында калышы керек экендиги тууралуу кошумча тактоо да киргизилген.

Кызыл армия Финляндияны каратып алыш үчүн согуш өнөктүгүн баштап, бирок ал майнапсыз аяктаган (айрым гана чыгыш аймактары басып алынган). 1939–40-жж. сталиндик Кремль жүргүзгөн бул баскынчыл согуш кийинчерээк Финляндияны нацисттик Германия менен аскердик өнөктөш болууга аргасыз кылганын кошумчалай кетели.

1939-жылы 1-сентябрда таңкы саат 04:40та германдык нацисттик аскер учактары поляктардын тынч уктап жаткан Велуң (полякча Wieluń) шаарына бомбаларды үстөккө-босток таштады. Бул соккудан 1200дөй карапайым киши набыт болду. Ошнтип, адамзат тарыхындагы эң соңку алааматтуу согуш ушул капыстан урулган аба соккусу менен башталган эле.

Ал эми алыскы Чыгыш Европада жана Азиянын бир өңүрүндө өкүм жүргүзгөн Сталиндин режими ошол 1-сентябрдагы окуяларды капысынан гана угуп-билгендей түр көрсөтүп кабыл алганы менен, дал ушул тоталитардык түзүлүш эгемен Польшага каршы германдык баскынчыл согуштун тымызын жактоочусу жана шыкакчысы болгондугу эми кашкайган чындык катары айтылып калды.

«Известия». 1-сентябрь, 1939-жыл. СССРдин тышкы иштер министри В.М.Молотов 1939-жылы 31-августта СССР Жогорку Кеңешинин кезексиз 4-сессиясында советтик-германдык келишим тууралуу баян кылып, бирок жашыруун протокол тууралуу эч ооз ачкан эмес.
«Известия». 1-сентябрь, 1939-жыл. СССРдин тышкы иштер министри В.М.Молотов 1939-жылы 31-августта СССР Жогорку Кеңешинин кезексиз 4-сессиясында советтик-германдык келишим тууралуу баян кылып, бирок жашыруун протокол тууралуу эч ооз ачкан эмес.

Тек шыкактоо менен чектелбестен, 1939-жылы 17-сентябрда СССР өзү да батышка карай баскынчыл аракетин баштаган: ушул күнү Кызыл армиянын бөлүктөрү Чыгыш Польшага каптап киришкен.

Германдык нацисттик аскерлер 1939-жылы 14-сентябрда Брест шаарын (бул шаарды мурда Брест-Литовск деп да аташчу) басып алган, 17-сентябрда шаардагы Брест чеби да нацисттерге каратылган.

Бул чеп каратылганга чейин фашисттик баскынчыларга каршы айыгыша салгылашуу жүргүзгөн поляк жоокерлеринин арасында генерал Константин Плисовский (1890––1940) да болгон. Демек, «Бресттин баатырлары» деген темага 1941-жылы Брест чебин коргогон советтик баатырларды гана эмес, алардан дээрлик эки жыл мурда нацисттерге каршы каармандык менен күрөшкөн поляк баатырларын да калыстык үчүн кошуп айтуу абзел.

Генерал Константин Плисовский (1890-1940).
Генерал Константин Плисовский (1890-1940).

Генерал Плисовский 1940-жылы башка миңдеген поляк аскер кызматкерлери сыяктуу эле советтик туткунда жазыксыз жерден мерт болгон. Ал Харьков шаарында абакта өлтүрүлгөн деген маалымат бар.

Деги нацисттерге каршы согушуп жатып, кантип поляк баатырлары советтик туткун болуп калышты экен?

СССРдеги тарых китептери уялып ачык жазбай жүргөн барактардын бири да ушул окуяларга таандык: 1939-жылы 22-сентябрда германдык нацисттер Брест-Литовск (азыркы Брест) шаарын Чыгыш Европадан поляк жергесин каптап келген өнөктөшү болгон Кызыл армияга эч кандай салгылашуусу жок эле, ал түгүл атайын салтанаттуу азем уюштуруп өткөрүп берген.

Бул аскердик акыбалы начардыгына карабастан, айбат кыла согушкан Польша мамлекетин эки тараптан тең каратып алган баскынчылар үчүн ошол күндөрү өзгөчө салтанаттуу окуя болду. Бул майрамдык шааниге байланыштуу нацисттер менен сталинчилер Брест шаарында биргелешкен аскердик парад уюштурушкан.

Кызыл армия менен нацисттик аскерлердин Бресттеги орток парады маалында. 22-сентябрь, 1939-жыл.
Кызыл армия менен нацисттик аскерлердин Бресттеги орток парады маалында. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Бресттеги аскердик парад маалында фашисттик аскерлерди немис генералы Хайнц Гудериан (1888-1954) жетектесе, ал эми Кызыл армиянын бөлүктөрүнүн башында бригада командири (комбриг) Семён Кривошеин (1899-1978) турган.

Ошондо нацисттик жана коммунисттик офицерлер бири-бири менен кучакташып түшкөн сүрөттөр азыркыга чейин сакталып калды, бирок андай фотолорду советтик тарых китептерине эч караандатышпагандыгы түшүнүктүү.

Айтмакчы, Жапония, Италия менен аскердик ынтымакка жетишкен Гитлер 1940-жылы Иосиф Сталинди да төртүнчү өнөктөш болууга чакыргандыгы, тымызын соодалашуу жүргөндүгү эми жашыруун сыр болбой калды. Гитлер Сталинге «Финляндия менен Балканды жөн жайына коюп, Индия менен Иранга кызыксаң» дегендей сунуш айткан дешет. Ага Сталиндин ичи чыккан эмес. Ал өзүнүн вариантын жолдогон, буга болсо Гитлердин жини келген.

Ошого карабастан, бири-бири менен мышык-чычкан оюнун ойногон Сталин менен Гитлер 1941-жылдын 22-июнуна чейин жок дегенде Польша сыяктуу басып алынган өлкөлөргө карата аскердик өнөктөштөрдүн ролдорун аткарып турушкандыгын жогорудагы жана башка фактылар айгинелейт.

Польша бул эки өнөктөштөн тең жапайы ырайымсыздыкты жана каатчылыкты көрдү.

Эгерде Польшанын Гитлердин режими 1939-жылдын ичинде каратып алган аймактарында фашисттик тартип орнотулуп, жөөттөр камакка алынып, кийинчерээк Освенцим (немисче Аушвиц; Краковдон 60 чакырымдай батышыраакта жайгашкан шаар) сыяктуу жерлердеги концлагерлерде бир нече миллиондоп кыргынга учуратылса жана далай антифашист поляктар өлүмгө кириптер болсо, ал эми СССР каратып алган польшалык аймактарда (анын ичинде Батыш Беларус менен Батыш Украинада) сталиндик ГУЛагдын арааны ачылган: «тап күрөшүнүн» шылтоосу менен поляк жана башка элдердин каймактары Шиберге жана башка чыгыштагы жерлерге айдалган, үй-мүлкү талоонго кабылган, депортациянын (күчтөп көчүрүүнүн) азабын чегишкен. Аларга коммунисттик система жана катаал цензура таңууланган.

Орусиянын бийлиги Катындагы кыргын тууралуу жашыруун архивдик маалыматтарды расмий түрдө ачыкка чыгарды. 23-сентябрь, 2010-жыл.
Орусиянын бийлиги Катындагы кыргын тууралуу жашыруун архивдик маалыматтарды расмий түрдө ачыкка чыгарды. 23-сентябрь, 2010-жыл.

Катынь жергесинде поляк офицерлери бөөдө кыргынга учураган окуя - ошол кыйсыпыр түшүргөн мезгилдеги советтик кылмыштардын чети гана болуп саналат. Мында 1940-жылы жазында мерт кылынган 22 миңдей поляк офицери 1939-жылы советтик аскерлер Польшага басып киргенде туткунга алынган болчу.

Эки тоталитардык өлкөнүн ортосунда калган Польшанын калкынын Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы оор тагдыры бул өлкөнүн жана жалпы посткоммунисттик Чыгыш Европанын тарыхчылары тарабынан соңку 30 жыл ичинде гана ар тараптуу иликтене баштады.

Мурдагы СССРде «Кайра куруу» доорунун соңку жылдары Польшага карата баскынчылыктын тарыхый башатын жаңыча кароонун барагы ачылган.

Маселен, 1989-жылы 24-декабрда СССР эл депутаттарынын курултайынын № 979-1 токтому 1939-жылдын 23-августундагы жашыруун протокол да камтылган сүйлөшүүлөрдү Сталин жана Молотов советтик элден жашырып жүргүзгөнүн, бул протокол ратификациядан өткөрүлбөгөнүн кескин айыптаган. Сталиндик диктатордук бийликтин бул тымызын иш-аракети совет элинин эркин эч качан чагылдырбаганын 1989-жылкы советтик парламенттик токтом баса белгилеген.

Постсоветтик Орусияда СССРдин 1939-жылы 17-сентябрда Польшага кол салуусуна жана башка баскынчыл аракеттерге жол ачкан Молотов-Риббентроп пактын жана анын тымызын протоколун ашкерелөө жаатында улам жаңы кадамдар ташталууда.

Бул жашыруун протоколдун Сталиндин бийлигинин колунда калган орусча түп нускасы мурдагы КПСС БКнын Жалпы бөлүмүндө (кийин Орусиянын Президентинин архивинде) № 34 пакеттин ичиндеги кагаздарда көздөн далдоо сакталып келген.

1992-жылы октябрда бул документ генерал-полковник Д.А.Волкогонов тарабынан табылып, анын мазмуну калайыкка жар салынган. Андан соң бул документ Орусиядагы «Жаңы жана соңку жаңы тарых» («Новая и новейшая история») журналынын 1993-жылдын № 1 санында кеңири илимий чөйрө үчүн жарыяланган. Ал эми 2019-жылы июнда «Тарыхый эстутум» («Историческая память») фонду 1939-жылдын 23-августундагы келишим менен анын тымызын протоколунун советтик түп нускасын чогуу жарыялады.

Бул соңку фактылар азыркы посткоммунисттик Орусияда дагы 1939-жылдын сентябрындагы Экинчи дүйнөлүк согушту башташ үчүн кыртыш жараткан окуяларды ачык-айкын иликтөө чаралары жүргүзүлүп жатканын таасын айгинелейт.

Албетте, Орусияда бардыгы тең эле сыйда жүргөн жок. Азыр да куру намыс же башка себептер менен СССРдин сталиндик режиминин гитлердик диктатурага өнөктөш болгонун жымсалдагысы келгендер, «Польшаны каратып алуу аркылуу өзүбүздөн согушту алыстатканбыз» дегендей мааниде актангандар бар.

1940-жылдагы советтик почто маркасы.
1940-жылдагы советтик почто маркасы.

Азыр деле 1940-жылдагы советтик почто маркасындагы үгүттү кайталап, «Кызыл армия 1939-жылы 17-сентябрда тек гана Батыш Беларус менен Батыш Украинанын аймагын Польшадан бошотуп алды» дечүлөр бар. Бирок Белосток жергеси нукура поляк аймагынын бөлүгү болчу жана бул аймактардын калайыгы өз ыктыяры менен СССРге кирүүнү эңсегендиги тууралуу эч сурамжылоо болгон эмес.

Сталиндик баскынчылыктын актоочулары, албетте, эгемен Польша, Балтика боюндагы өлкөлөр сыяктуу мамлекеттердин түпкү калктарынын бул баскынчыл согушка карата жергиликтүү көз караштары менен эч баш ооруткусу келбейт.

Кыргызстан сыяктуу чакан постсоветтик мамлекеттердин калктары болсо, албетте, Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхына карата мамилелерин өз алдынча иштеп чыгууга толук акылуу десек болот. Соңку жаңы доорго байланыштуу жарык көргөн кыргызстандык китептерде жана макалаларда Молотов-Риббентроп пакты жана Польшага 1939-жылдагы баскынчыл кол салуулар тууралуу жаңыча көз караштар жарык көрө баштады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (26)

XS
SM
MD
LG