Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:01

Ушул 9-май күнү сыяктуу, кыргындуу согуштун бүтүшүн майрамдаган же эскерген даталарда, күндөрдө - дале баягы эле адамдын акыл-эсин тумандаткан саясий идеологиянын шаңдуу жана муңдуу ыргагынан арыла албаган көрүнүшкө күбө болуудабыз.

Биздин чоӊ ата-энелерибиз күбө болуп, башынан өткөргөн ушул кыргындуу согуш – адамзаттын тарыхындагы абдан чоң трагедия. Ага чындыктын көзү менен кароо гана көп нерсени терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Бирок, тилекке каршы ушул согуш тууралуу маалыматтар ар түрдүү, ар тараптуу, саясатташкан. Ири империялар, Батыш, Чыгыш тараптар, ар кандай элдер азыркы күнгө дейре өз “чындыгын” таӊуулап келе жатат. Биздин ушул маселе боюнча өз көз карашыбыз барбы? Ал кандай болушу керек? Ошол жылдардагы кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө алган нукура илимий эмгектер абдан сейрек. Башка эмес бир мисал, ушул согушта курман болгон кыргыз жоокерлеринин саны тууралуу да ар кандай массалык маалымат каражаттарында, расмий окуу китептеринде, документтерде ар башка сандар менен көрсөтүлгөн.

Буга катар эле Өзбекстан, Казакстан аркылуу чакырылган кыргыздар ошол республикада жашаган улуттардын өкүлү катары жалпы союздук статистикалык көрсөткүчтөргө катталган. Сандык, статистикалык маалыматтар ар кандай саясий, идеологиялык максаттарда пайдаланылууда, бурмаланууда. Өзгөчө азыркы массалык маалымат каражаттарынын, интернеттин заманында эл аралык коомчулуктун назарын, көӊүлүн буруу максатында тарыхты менчиктеп алууга болгон аракеттер, өз ордун апыртып-көбүртүп көрсөтүү максатындагы иштер күч алууда.

Кандайдыр бир саясий, идеологиялык кызыкчылыктарды көздөп ушундай иллюзиялардан арыла албай туруу, келечектен күмөн туудурат.

Ошондуктан түз суроо: миңдеген элге апат алып келип, миллиондогон адамдардын өлүмүнө себепкер болгон Экинчи Дүйнөлүк согуш кыргыз элинин тагдырында кандай из калтырды?

Ар бир тарыхый окуяны так түшүнүүнүн башкы методологиялык өбөлгөсү - бул көз алдыңда турган реалдуу фактыларды эсепке алуу. Азыркы күндөгү биз көз алдыда турган, аныктыгына өзүбүз ишеним арткан фактылардын натыйжасында гана өткөн окуяларга берүү. Мындай чындыгы бар фактологиялык материал – ошол ааламат согушту башынан кечиргендердин чындыгында. Согуштун маани-маңызын түшүнүүнүн башаты - ошол оор учурду башынан өткөргөн өзүбүздүн чоң ата, чоң энелерибиздин берген маалыматында. Алардын нукура аӊ-сезими, көргөнү, билгени, чындыгы - реалдуу факт.

Мындай маалыматтарга таянсак, кыргыз элинин өткөн кылымда башынан өткөргөн эң оор учуру - дал ушул согуш жылдарына туура келет.

1916-жылдагы Үркүндөн, 20-30-жылдардагы эл жакшыларын жалпы жоготууга алып келген репрессиялардан жаңы баш көтөрүп келе жаткан кыргыз эли үчүн 1941-1945-жылдардагы согуштун азабы - айтса түгөнгүс окуя.

Чыңгыз Айтматовдун гениалдуу повесттери да ошол учурдагы элдин башынан өткөн абалын ачып берүүдөн башталат. Толгонайдын окуясы, “Жамила”, “Эрте жазда келген турналар”, “Гүлсарат” совет доорунда миллиондогон адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапты. Чыңгыз Айтматов өзү да "Сиз эмне үчүн жазуучу болуп калдыңыз?" деген суроого: "Анын башкы себеби, ошол бала кезимдеги башымдан өткөргөндөрдү, согуштун запкысын көргөн эл-журттун абалын айтып берүү керек деген сезим тынчтык бербегенинде. Атак-даңк алуу деген максат болгон эмес", - деп жооп кылат. Чыңгыздын чыгармаларына сиңген “Манаска” үндөш муңдуу, трагедиялуу мелодиянын прозалык кайрыктары адамдарды кайдыгер калтырбады. Кыргыз жериндеги ошол согуштун азап-тозогу көркөм адабий жанрда ачылып берилди.

Ал эми азыр көзү өткөнү турган ошол доорду көргөн акыркы кары адамдарыбыздын согуш тууралуу айтканында эч кандай кайрык, мелодия, романтика жок. Алардын эскерүүсү ташка так салган тамгадай супсак жана даана.

Мисалы, менин чоң энем Калыйкан Мусаева Ч.Айтматов менен жашташ, 1928-жылкы. Түп районунун Токтоян айылынан.

Чоң энем.
Чоң энем.

Анын айтканы Айтматовдун повесттерине салыштырганда сюрреалисттик сюжеттердей туюлат:"Согуш жаңы башталганда (41-жылы) биздин айылдан кеткен бардык эркектердин эч кимиси кайра кайткан жок. 43-жылдан кийин кеткендерден кайра келгендери болду. Ишке жарамдуу кыз-келиндерди Алматы тарапка жумуш кылдыруу үчүн алып кетишти. Биздин айылдаштарыбыз, туугандарыбыздын көпчүлүгү ачкалык айынан чөп-жалбырак кайнатып ичип жатып, ак шишик болуп өлүштү. Болгон бардык алтын-күмүштөрүбүздү, тамак-ашыбызды, кийим-кечектерибизди фронтко жибердик. Төө куйрукка жабышкан койдун жүнүн тоо аралап терип келип, ошондон кийим токуп кийер элек".

Мен таң калып, сурадым: “Эмне үчүн колдо болгонду карматып, өздөрү ачкадан өлүшкөн? Эне, тамак-ашыңарды жибербей катып койсо болбойт беле?".

СССР-АКШ: 50 жыл мурда болбой калган согуш

50 жыл илгери, 1962-жылдын октябрь айында дүйнөнү титиреткен СССР-АКШ арасындагы 13 күндүк атомдук тирешүүгө көптөгөн китептер жана фильмдер арналган. Бирок АКШ президенти Жон Кеннеди кризистин кесепетинен согуш чыгып кетсе, сүйлөчү сөздүн долбоору тарыхчылардын колуна кеч тийди.

Анын жообу: "Ээ, балам, ата, ага-тууган, өмүрлүк жарларыбыз баары согушка алынды. Аларга жардам болор бекен деп жибердик. Ошенткенге туура келди".

Согушта кыргыздардын абалы, көргөнү, билгени тууралуу маалыматтар абдан аз. Согушту башынан өткөргөн окумуштуу аксакалыбыз Абдулхай Алдашевдин “Өх-бүттүкпү” деген роман-трилогиясындай (2000-жылдары), Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романындай (1960-жылдары) советтик идеологиялык штампты эске алган менен реалдуу согуштук эскерүүлөр, жоокердик турмуштун ачуу чындыгынын четин ачкан чыгармалар саналуу. Булар да коомчулукка кеӊири тараган, тереӊ илимий изилдөөгө алынган китептер эмес.

Ал эми, согуштан келгендердин, чоң аталардын көпчүлүгүнүн согуш тууралуу айткан сөзү аз болду. Менин чоӊ атам - Ырысалиев Канимет - согушту эскерүүнү да жактырчу эмес. Мүнөзү катаал эле. 1910-жылы төрөлгөн. 1916-жылкы Үркүндү көргөн, согушка катышкан. Бардык азап-тозокту башынан өткөргөн адам. Кокусунан айтылган айрым сөздөрүндө чоӊ чындыктын нугу турат.

80-жылдары ал 70тен өтүп калса да абдан тыӊ эле. Мектепте Ата мекендик согушка байланыштырылып өтүлгөн сабактардын, 9-майга арналган түрдү иш-чара-жыйындардын, телекөрсөтүү, согуш тууралуу кинофильмдердин таасири менен мен ошондо, 10-13 жаш курагымда ойлойт элем: “40-жылдары эле төрөлүп калсам болмок экен. Ошондо немис танктарын граната менен жардырып же Чолпонбай сыяктуу дзотко көкүрөгүмдү тосуп, советтик баатыр болот элем. Чыныгы мааниси бар окуялар, реалдуулук мурда өтүп кеткен экен” деп. Мектепте, ошол жылдары ушул май айынын күндөрүндө “Ата мекендик согушка катышкан фронтовик досторго кат жазуу” деген иш-чара башталды. Ага союздук маани берилди.

Чоң атам жана башка согуш ардагерлери.
Чоң атам жана башка согуш ардагерлери.

Үйгө келип, чоң атамдан - "Ата, фронтовик досторуңузга кат жазалы?" – десем, унчукпай туруп – “Жок” - деди. Анын ошол согушка болгон мамилеси, сезими таптакыр башка, түшүнүксүз көрүндү.

- «Мектепте сурап жатышат. Эмнеге айтпайсың? Же досторуңуз жок беле? Сиз катаал адамсыз, досуӊуз болгон эмес", - дегенде гана каӊырыгы түтөй:

- "Бар. Болгон. Бир татар досум бар эле. Ал эмне үчүн бизди, нацмендерди окко саласыңар, оор жумуштарда иштетесиӊер деп айтыша кеткенде, командир орудиенин түбүнө алып барып атып салган", - деген сөз гана оозунан чыкты.

Ошондо, ушундай маанайдын, күңүрт сөздөрдүн артында өз чындыгы бар экенин балалык сезим аркылуу туйган менен так түшүнүүгө мүмкүн болбоду.

Дагы: - "Ашырбайды (айылдашы Ашырбай Коенкөзов) согушка баратып жолдон жолуктурдум, согуш кайнап турса да, отпускага жиберди деп, айылга кетип бара жаткан экен. Кайыш бешмант кийген".

Бирок ушул жарым-жартылай айтылган сөздөрдө деле эң керектүү маалымат бар.

Жогоруда айтылгандай “согуш жаңы башталганда (41-жылы) биздин айылдан (Түп, Токтоян айылы) кеткен бардык эркектердин көпчүлүгү” Панфилов дивизиясында болгон.

Ашырбай Коёнкөзов.
Ашырбай Коёнкөзов.

Алардын ичинен эӊ атактуусу Ашырбай Коенкөзов. Панфилов дивизиясынын жетекчиси генерал И.В.Панфилов - Кыргыз Республикасынын аскер комиссары. Дивизиянын аскердик даярдыктан өткөн жери - кыргыз-казак чек арасындагы Кордай району. Ушул дивизия Экинчи Дүйнөлүк согуштагы Москванын астындагы тагдыр чечер кармаштарга катышкан. Алар Москванын алдында абдан зарыл учурда немис танктарынын корпусун, дивизияларды токтотуп турган. Бул дивизияда 1077-кыргыз аткычтар полку согушкан.

Расмий маалыматтарда бул полкту даярдыгы начар болгондуктан согуш очогунан чет кармашты, - деп айтылат. Эгер, ошол окуяларга катышкан катардагы адамдардын чындыгына карасак, анда так ушул полкту танктардын астына биринчилерден болуп жиберишкен. Ушул дивизиядагы 28 баатыр чыккан 1075-аткычтар полку Алматыда түзүлдү деп жарыяланган бардык маалымат булактарында. Бирок ошол 28-баатырдын бири Дүйшөнкул Шопоков аттуу кыргыз жигити кай жерде төрөлүп, кийин аты коюлганын көпчүлүк билер.

Дивизиянын легендарлуу чалгынчысы Ашырбай Коенкөзов өзгөчө эрдик көрсөтүп сөзгө алынганына карабастан, "СССР баатыры" деген наамды алган эмес. Жазуучу П.Ф. Соловьевдун ал жөнүндө «Аширбай и его боевые ленинградские друзья» ж.б. бир нече китептери чыккан. Эгер мындай белгилүү жоокерлер татыктуу сыйлык албаса, анда ошол согушта курман болгон жүз миңдеген кыргыздардын тагдыры жөнүндө кантип сөз кылууга мүмкүн?!

Алардын тагдыры, согуш учурундагы өмүрү жөнүндө орус тилдүү тарыхый жана башка адабияттардан так маалымат эмес, жакшы сөз табууга мүмкүн эмес. Башкалар эле эмес, коңшу казактар да "Панфилов дивизиясын биз Алматыда түзгөнбүз, биздики" дегендей пикирлерин айтышат. Ушул кыргыздар каны-жанын салып кармашкан согуштук окуяны да пайдаланып баалангысы келген аракеттер өкүнүчтү жаратат. Жакында эле Москва метросуна Алматы деп коюп жатып анын мэри А.Собянин эскерип өттү: "Алматыда Панфилов дивизиясы куралган"... 2016-жылы орус жана казак демилгеси менен тартылган “28 панфиловчулар” аттуу фильминде кыргыздар тууралуу бир сөз жок. Мындай бир жактуулук жалпы эле бардык советтик, орусиялык Экинчи Дүйнөлүк согуш тууралуу фильмдерге мүнөздүү. Азыр ушундай эле бир жактуулук, асмандатып-көбүртүп жабыртуу илдети кыргыз тилдүү маалымат каражаттарында да байкалат.

Ушундай эле маанайдагы орусиялык окумуштуулардын же улутчулдарынын көз карашында азиаттар Москваны коргоп калган эмес... Аны баары, анын ичинде 28 баатыр-панфиловчулар деген миф, жомок... Бирок, май кескен бычактай совет армияларынын бытыратып Москвага чейин жиреп келген немис аскерлеринин Москванын алдында токтотулганы тарыхый факт. Муну, согушту башынан аягына чейин катышкан, СССРдин коргоо министри, маршал Д.Язов да ырастайт (http://www.kp.ru/daily/25754.3/2739634/). “Панфиловчулар ойдон чыгарылган болсо, анда немистерди ким токтотту?”, - деген макаласында Д.Язов немистердин 4-танкалык группасынын командири, генерал-полковник Эрих Гёпнердин жетекчиси Ф. Бокго жазган докладынан мисал келтирип: «Согуштук устав, тартип-эрежелерсиз урушкан жапайы дивизия... Солдаттары эч нерседен корпойт... Туткунга түшпөй кашык каны калганга чейин согушуп жатышат», - жазат.

Ушундай чындыкты айткан намыстуу адамдардын дагы бири - америкалык жазуучу Курт Воннегут. Азыркы доордун атактуу интеллектуал, жазуучуларынын бири, кыргындуу согуштун күбөсү болгон бул адам кайтыш болор алдында 2003-жылдын 20-февралында Washington ProFile гезитине берген интервьюсунда мындай дейт: "Мен Экинчи Дүйнөлүк согушта солдат катары америкалык тарапта урушка катыштым. Бизди немистер туткунга түшүрүп Дрезден шаарында кармап турушту. Капитуляцияга кол коюлгандан кийин англо-америкалык авиация бир нече саат катуу бомбалап, жүз миңдеген куралсыз немис калкын кыргынга учуратты. Туткундарды немистер атып салабыз деп жаткан учурда Кызыл Армия куткарып калды. Андагы (алдыңкы линиядагы) биз орус дегендердин көпчүлүгү чындыгында орус эмес экен, алар кыргыздар, казактар эле".

Ошол ааламат согушка катышкан кыргыздардын тирүү калганы эскеришет: "Манаста” айтылган, биз элестеткен улуу ааламат согушту биз ошол жерден көрдүк.. Ии, ошондо айтылган ааламат согуш ушундай турбайбы”, - деген ой жүрөктө сызып турду дешет.

Бирок ошол тирүү келген чоӊ аталарыбыз кайра өз Мекенине келгенде Орусияга келгендей болдук деп эскеришет: “Орусиядан, Украинадан согуш учурунда көчүрүлүп келген өнөр жай, элдер жайланышып, мамлекеттик иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлө баштаган экен”.

Алардын алдыңкы фронтко, окко салып бергенде да туруктуулук менен кармашып жатып курман болушунда, согуштун акыр-аягына чейин катышында чоң маани бар.

Себеби, согуш учурунда каршылык көрсөтүп депортация болгон элдер менен бирге жок дегенде качып жүрүп алганга, айбат кылганга мүмкүнчүлүк болгон эмеспи? Албетте болгон. 1941-жылдын 28-августунда СССР ЖКсынын Президиумунун чечими менен 367 000 немис калкы, андан кийин 1944-жылы ингуш, калмак, чечен, карачай, корей ж.б. элдеринин согушка алынбаганы, депортация кылынганы кеңири белгилүү. Немис аскерлери тарабында салгылашкан элдер жөнүндө, мисалы, азыр чыгып жаткан В.Суворов-Резундун тарыхый романдарынан Сталинграддын алдынан советтик полкторду кескилеген калмактардан түзүлгөн атчандар бригадасы жөнүндө маалыматтар кезигет. Ушундай себептерге байланыштуу Сталиндин буйругу менен калмак, чечен, же немис улутунун өкүлдөрү 1941-1953-жылдары райкомдун секретары, заводдун директору боло алган эмес.

Канткен күндө да, кыргыз элинин бул улуу согуштагы жеңишке кошкон мындай салымы, азап-тозок, жокчулукту көтөрүшү, идеологиянын күчү, мамлекеттин мажбурлоосунун натыйжасы эле болгон эмес.

Улуу согушта кылган элдин ушул кызматынын бир себеби – бул, албетте, анын 16-жылдагы кыргынды токтотуп, өсүп-өнүүгө мүмкүндүк берүүгө карай кылган мамлекеттик иш-аракети болгон үчүн берген жообу.

Эмил Каниметов, философия илимдеринин кандидаты

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG