Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:29

Маннергейм жана Гитлер: Өз турумунан кайтпаган фин маршалы


Фин фелдмаршалы, барон Карл Густав Маннергейм. 1940.

Финляндиянын даңазалуу мамлекет башчысы жана кол башчысы, Курманжан датканы көргөн саякатчы Карл Густав Эмил Маннергейм (1867–1951) тууралуу тарыхчынын блогу.

Эгемен Кыргызстанда айтылуу фин саясатчысы жана саякатчысы Карл Густав Эмил Маннергейм (Carl Gustaf Emil Mannerheim; 16.6.1867, Вилняс кыштагы, Финляндия – 28.1.1951, Лозанна, Швейцария; сөөгү Хельсинкидеги Хиэтаниеми көрүстөнүнө коюлган) тууралуу билбеген деле киши калбай калды.

Өзгөчө анын орусиялык адабиятта “Алай канышасы” деп атыккан Курманжан датка (1811–1907) менен 1906-жылы жай мезгилинде жолугушуусу, аны уникалдуу фото сүрөткө тартканы тууралуу Кыргызстандагы ар бир окуу китебинде маалымат берилет.

Курманжан датка Карл Густаф Эмил Маннергейм (оңдо) менен. 1906.
Курманжан датка Карл Густаф Эмил Маннергейм (оңдо) менен. 1906.

Ыраматылык досубуз, Борбордук Азиядагы “Чоң оюндар” аталган геосаясий тирешүүлөр тарыхын терең изилдеген Бектемир Жумабаев (1960–2014) да бул тарыхый инсан жөнүндө саймедирлеп кеп кылганды жакшы көрөөр эле.

Бул чакан этюдда биз Карл Густав Эмил Маннергеймдин фашисттик Германия менен карым-катнашы жана Гитлер менен жолугушуусу жөнүндө учкай сөз кылмакчыбыз.

Маннергейм 1939-жылдан тартып кайрадан фин армиясынын башкы командачысы болгон. Падышалык Орусияда эле генералдык даражага жеткен бул инсан эгемен Финляндиянын куралдуу күчтөрүн түптөөгө 1918-жылдан тартып зор салым кошкон. 1933-жылы ага Финляндиянын фелдмаршалы аскер чини, ал эми 1942-жылы – маршал аскер чини берилген.

Ал өз өлкөсүнүн коммунисттик Советтер Биримдигинен коргонуусу үчүн бир нече жыл бою курдурган бекем жайлардын тилкеси тарыхта “Маннергейм тилкеси” деген ат менен калды. Бул тилке тууралуу СССРде бир беткей баа берилип, аны ал түгүл баскынчылыктын тирөөчү катары санашкан. Иш жүзүндө ал чакан мамлекеттин коргонуу стратегиясына баш ийдирилген ири аскердик курулуш системасы болчу (кенедей Финляндия кантип эле Советтер Биримдигин басып алуу планын иштеп чыкмак эле?)

Башка фин лидерлериндей эле, Маннергейм жеке менчикти жана демократиялык түзүлүштү жойгон сталиндик коммунисттик системаны жат көз менен караган.

Ошол эле учурда Маннергейм СССР менен тынч коңшулук мамиледе жашоону ырааттуу жактаган саясатчы болгон. Эгерде Финляндиянын президенти П.Свинхувуд (1931–1937-жж. бийликте турган): "Орусиянын ар кандай кас душманы дайыма Финляндиянын досу болушу керек”, - деп айтса, ал эми Маннергейм болсо “Орусия ар дайым биздин коңшубуз бойдон кала берет”, – дечү.

Албетте, совет-фин согушу да анын тагдырындагы орчун окуялардан болгон.

1939-жылы 30-ноябрда Кызыл армиянын жоокерлери Финляндияга басып кирген. Эс алууга чыккан 72 жаштагы аксакал Финляндиянын куралдуу күчтөрүн кайра жетектеп калган.

Финляндиянын тарыхында “Кышкы согуш” аталган 1939–40-жылдын кыш айларындагы согуштун алгачкы баскычында Маннергейм аз сандагы колу менен саны көп советтик баскынчыларды кайра сыртка сүрүүгө жетишкен. Жаз башталаарда гана улам жаңы кошуундар менен чыңдалган кызыл аскерлер кайра чабуулга өтө алган.

Маннергейм советтик жоокерлердин каармандыгына тен берип, бирок Кызыл армиянын чабал аскер жетекчилигин ачык сынга алган. (СССРде өтө таланттуу далай аскер башчылар 1930-жылдары сталиндик репрессияга учурап, атууга кетип, же ГУЛАГда сүргүндө жүргөн кези болчу).

Улуттар Лигасы эл аралык уюму эгемен Финляндияга каршы ушул согушту ачканы үчүн СССРдин бул уюмдагы мүчөлүгүн токтотуп салган.

Баарынан кызыгы, бул согушту ачууга Сталинге 1938-жылы 23-августта кол коюлган “Молотов–Риббентроп пактынын” жашыруун протоколдору негиз берген, ал эми ушул эле тымызын келишимдин кол коюучусу болгон гитлердик Германия болсо Финляндияны өзүнүн болочокку СССРге каршы согушундагы болжолдуу үзөңгүлөшү катары караган.

1940-жылы мартта СССР менен Финляндиянын ортосунда Маскөө тынчтык келишимине кол коюлуп, анын негизинде Финляндиянын аймагынын 11 пайыздайы СССРге өткөн.

Согушта утулган менен, Финляндия моралдык жактан жеңген. Урушта набыт болгон 1 фин жоокерине набыт болгон 5 советтик жоокер туура келген. Эгерде советтик генералитет жеңиш үчүн киши санын аябай аскерди күргүштөтсө, фин колбашчысы өз жоокерлерин аман сактап калууну биринчи планга койгон.

Гитлер капысынан СССРге кол салгандан көп узабай, кыйла жеринен айрылган Финляндия да 1941-жылы 25-июнда СССРге каршы согуш ачкан.

Ушул татаал кырдаалда Гитлер Финляндияга өз көмөгүн сунуштап, ал түгүл Маннергеймге Финляндиядагы 80 миң немис аскерин жетектөөнү сунуштаган. Бирок Маннергейм нацисттер менен мамиледе аралыкты сактоого далаалат кылган.

Бул фин-совет согушунун жаңы улантылышын Финляндиянын тарыхында “Улантылган согуш” деп аташат, анткени анын Финляндия үчүн башкы максаттарынын бири – мурдагы “Кышкы согуштан” улам өлкө колдон чыгарган аймактарды СССРден кайтарып алуу болчу.

1941-жылы фин жана герман аскерлери Карелия жакта илгерилеп, Петрозаводск сыяктуу шаарлар жана башка аймактар басылып алынган. Финдер эми өздөрү мурда тарттырган аймактан алда канча көп жерди көзөмөлдөп калышкан.

Фин аскерлери фашисттик немис аскерлери менен биргелешип Ленинград шаарын камалап кирген. (Ленинграддын камаланышы 1941-жылы 8-сентябрда башталып, 1944-жылы 27-январда аяктагандыгын бардыгы билет).

Маалыматтарга караганда, фин аскерлери өзгөчө ашынбастан согушкан жана 1941–42-жылдагы кыш айларында Ладога аркылуу “Өмүр жолунун” камсыз кылынышын үзгүлтүккө учуратпай коюшкан экен. Маннергейм фин аскерлеринин Ленинградды абадан бомбалоосуна уруксат берген эмес.

Финляндия менен нацисттик Германиянын “өнөктөштүгү”, ошентип, мышык-чычкан оюнундай эле болгон.

Финляндия өкмөтү өзүнүн аймагынын германдык нацисттер тарабынан Дания жана Норвегия сыяктуу басып алынышынын ыктымалдыгынан чочулап, Германиянын нацисттик бийлиги менен эрксизден шерик болгон.

Бирок фин өкмөтү өз аймагындагы жөөттөрдү массалык камакка алып, депортация кылуу тууралуу германдык талапты эч аткарган эмес. Бир нече келгин жөөт Германияга полиция тарабынан өткөрүлүп берилгенде, өлкөдө чоң чуу чыгып, кээ бир министрлер нааразылык үчүн кызматтан кеткен.

Маршал Маннергейм да “менин аскеримде жөөттөр да салгылашып жатат, аларды эч камакка алууга жол бербейбиз”, – деген таасын турумун фашисттерге ачык билдирген.

Кол башчы Маннергеймди Сталин да, Гитлер да жогору баалашканы маалым.

Маселен, Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Германиянын жана анын “тактеке” жандоочуларынын шайы оой баштаган чакта, айтылуу фин коммунист айымы Хертта Куусинен (1904—1974) Кремлдин тапшырмасы менен фин согуш кылмышкерлеринин болжолдуу тизмесин долбоорлоп түзүп, андан кийин тизмени Иосиф Сталинге сунушташкан. Сталин тизмеден Маннергеймдин ысымын кызыл карандаш менен чийип, жанына “(Ага) тийбеш керек!” деп жазып койгон.

Адолф Гитлер менен Карл Густав Маннергейм сүйлөшүу жүргүзүүдө. Иматра. 04.6.1942.
Адолф Гитлер менен Карл Густав Маннергейм сүйлөшүу жүргүзүүдө. Иматра. 04.6.1942.

Ал эми Адолф Гитлер болсо 75 жылдык мааракеси Финляндияда расмий белгиленип жаткан маршал Маннергеймди куттуктоо үчүн өзү түндүктөгү өлкөгө келип кеткен.

Бул окуянын да кызыктуу жагдайы бар.

Адолф Гитлер 1942-жылы 4-июнда атайын Финляндиянын чыгышына келип, Саймаа көлүнө жакын Иматра жергесинде Маннергейм менен жолуккан. Адолф Гитлердин фин маршалы менен немисче жайбаракат баарлашуусунун 11 мүнөттүк үзүндүсү уникалдуу үн тасмага жазылып калган. Бул Иматра шаары азыркы Орусиянын Светогорск шаарынан (финче аты: Энсо шаары) 7 чакырымдай эле алыстыкта турат.

Финляндиянын улуттук коомдук үналгы компаниясынын (Yleisradio Oy) өкүлдөрү оболу Гитлерден кооз жасалгаланган вагондун ичинде интервью алышкан.

Андан соң Финляндиянын улуттук коомдук үналгы компаниясынын инженери Тхор Дамен (Thor Damen) Маннергейм менен Гитлер бири-бири менен жайбаракат сүйлөшүп жаткан учурду тымызын жаздыра баштаган. Ал эми Гитлер болсо эч качан жекече сүйлөшүүлөрдү үн тасмага жаздыртчу эмес экен. Гитлердин сакталып калган башка үндөрү демонстрацияларда калайык алдында кыйкырып сүйлөп жаткан учурларына таандык. Демек, финдердин үн тасмасы – өтө баалуу тарыхый дарек.

Гитлерди кайтарган Эс-Эсчилердин бир сакчысы поюз вагонундагы сымды байкап калып, үн жаздырууну дароо токтотууга буйрук берген. Кудай жалгап, тасманы финдер Эс-Эсчилерге бербей коюшкан, бирок аны биротоло жоготууга убада кылышкан. Тасма жок кылынган эмес жана Финляндиянын цензура жүргүзүүчү мекемесине тапшырылып, андан соң 1957-жылы кайра Финляндиянын улуттук коомдук үналгы компаниясынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Ал эми 2004-жылы октябрда бул тасма толугу менен жалпы калайыкка уктурулду.

Бейрасмий жаздырылып алынган үн тасмада Адолф Гитлер “агынан жарылып”, эгерде Германия 1939-жылы эле Францияны басып алганында, анда дүйнөлүк тарых таптакыр башкача нукта болмоктугун, бирок Батыш Европада жаан-чачын тоскоол болуп туруп алгандыгын, ал эми СССРге каршы согушту баштаган соң, эки башка майданда урушууга туура келип жаткандыгын кейип айткан.

Ал эми чыгыш майданы жаатында сөз кылганда, Гитлер СССРдин “ушунчалык кубаттуу желмогуз экенин алдын-ала билгенде, мындай согушка балким, барбайт белек, бирок айла жок, чечимди кабыл алып салдым да, эми уруштан башка арга жок”, – дегендей мааниде айткан.

Тарыхый окуяга байланыштуу айың кептерге караганда, бул мааракелик жолугушуу маалында 75теги Маннергейм сигарасын алып чыгып, күйгүзгөн экен. Адатта чылым чеккендерди сиркеси суу көтөрбөй кабыл алып жүрчү жана нацисттик Германияда тамеки тартууга каршы өнөктүк уюштурткан Адолф Гитлер фин маектешинин бул сигара тартуу өнөкөтүн көрмөксөнгө салып, эч кандай буйрукчул терс маанайын көрсөткөн эмес. Муну менен Гитлердин фин колбашчысына өктөмдүгүн көрсөтө алчу турумда эмес экендиги айгинеленген. Бардыгын байкаган кыраакы Маннергейм бул жолугушууда Гитлердин “финдер СССРге каршы согуш аракетин ыкчамдатса болот эле”, деген өтүнүчүн сылык четке каккан дешет.

Ошол 1942-жылы Финляндияда нацисттик Германиянын аскеринин жалпы саны 200 миңге жеткен болчу.

Маннергейм Финляндиянын СССРге каршы согуштан чыгуусун жактаган саясатчы болгон. 1944-жылы ал Финляндиянын президенти болуп калганда, нацисттик Германия менен аскердик келишимди дароо жокко чыгарган.

Демек, Гитлер менен жолуккан учурларында да Маннергейм эң башкы мүдөөсү катары баскынчыл стратегияны эмес, өз Атажуртунун эгемендигин сактоо жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу максатын көкүрөгүндө туткан.

Эгерде Гитлер Советтер Биримдигинин эбегейсиз кубаты тууралуу билбей калганын айтып өкүнсө, ал эми Маннергейм учурунда падышалык Орусиянын аскер тыңчысы жана аскер кызматкери болгон. Ал Борбордук, Ички жана Чыгыш Азиянын мейкиндиктерин кыдырган аскер адиси жана окумуштуу болчу.

XX кылымдын ортосундагы алааматтуу согуштан Финляндия көз карандысыз бойдон чыккан мезгилге жеткен соң, 1946-жылы 11-мартта мамлекетчил чыныгы атуул болгон карыя Маннергейм өз ыктыяры менен президенттик кызматтан чегинген.

Анда ал 79 жашка караган чагы эле.

“Другая Россия” (“Башка Орусия”) уюмунун өкүлдөрү Санкт-Петербургда маршал Маннергеймге арналган эстелик тактаны балталап ойрон кылууга аракеттенүүдө. 10.10.2016.
“Другая Россия” (“Башка Орусия”) уюмунун өкүлдөрү Санкт-Петербургда маршал Маннергеймге арналган эстелик тактаны балталап ойрон кылууга аракеттенүүдө. 10.10.2016.

Ал соңку жылдарын саламаттыгына байланыштуу Швейцариянын Лозанна шаарында өткөргөн. Аны 1951-жылы 19-январда ашказанындагы жараны айыктыруу үчүн операцияга жаткырышкан.

Ал өзүнүн дарыгерине: “Көптөгөн согуштарга катыштым. Бирок эми бул акыркы салгылашууда жеңилет окшойм”, – деп жылмайып айткан экен.

Көп узабай, 27-январда ал дүйнөдөн кайтты. 1951-жылы 4-февралда аны акыркы сапарга узатууга абдан көп калайык чогулду. Анын сөөгү Финляндиядагы Хиэтаниеми көрүстөнүндө жерге берилди.

Азыркы тапта Маннергеймдин баскан жолу дүйнө жүзүндө тарыхчы, географ, картограф, саясат таануучу, дипломат жана башка адистер тарабынан изилденип келет. Кыргыз таануучулар да бул инсандын мурасын иликтөөгө өз салымын кошууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG