Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Франция менен Финляндияга Швейцариянын элчилигинен виза берилет


Париж.
Париж.

Бул жараян 1-июндан тарта башталат. Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, кыргызстандыктарга Шенген визасын берүү ишин жеңилдетүү максатында виза ачуу экинчи жерде уюштурулууда. Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Шенген макулдашуусуна мүчө он эки өлкөгө: Австрия, Бельгия, Грекия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия, Финляндия, Франция, Швецияга виза берүү маселесин карайт.

Элчиликтен маалымдашкандай, май-август айларында Европа өлкөлөрүнө виза алууну каалоочулар көбөйөт. Буга байланыштуу виза алуу өтүнүчүн кабыл алуу создуктурулуп калууда. Элчилик виза алууну каалоочулар убакытка жана тийиштүү документтерге так болуусун өтүнөт. Маалыматта ошондой эле алдын-ала жазылган убакта келбеген, документтери так болбогон жарандар өздөрүнүн гана эмес, башкалардын да убактысын алып жатканы айтылат.

Визага өтүнүчтү элчиликтин сайтында да электрондук түрдө толтурууга болот, бул документтерди кабыл алуу учурунда бир топ жеңилдиктерди жаратат деп маалымдайт Германиянын Кыргызстандагы элчилиги.(ZKo)

XS
SM
MD
LG