Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп (cолдо), советтик лидер Иосиф Сталин Москвада Молотов-Риббентроп пактына кол коюу маалында. 23-август, 1939-жыл.
75-жыл мурда 23-августта Москвада нацисттик Германия менен СССР өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бул келишим тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен белгилүү.
Келишимдин жашыруун протоколунда Латвия, Эстония жана Финляндия СССРдин кызыкчылык зонасы, Литва болсо Германияныкы деп таанылган жана Польшаны өз ара бөлүп алуу каралган. 1939-жылы сентябрда бул пактынын купуя бөлүгүнө ылайык, Польшаны Германия жана СССР бөлүп алды.
Эки өлкөнүн атынан келишимге кол койгон тышкы иштер министрлеринин фамилиясы менен аталып жүргөн Молотов-Риббентроп пактынын купуя протоколу бар экенин СССР 1989-жылга чейин танып келди. Бирок 1948-жылы АКШда гитлердик Германиянын тышкы иштер министрлигинин архивдик материалдары, анын ичинде жашыруун протокол жана дипломаттык каттар басылгандан кийин анын мазмуну Батышта жарыя болгон эле.
Тарыхый маалыматтарда айтылгандай, келишимге кол коюлар алдында Сталин СССРге Польшанын теңи жана Балтика өлкөлөрү тийбесе, Риббентроп Берлинге учуп кете берсе болоруна ачык ишара кылат. Сталин пактыга кол коюлгандан кийинки салтанатты Гитлердин саламаттыгы үчүн тост көтөрүп ачат. Андан бир жумадан кийин 1-сентябрда немец аскерлери Польшага согуш ачат. 17-сентябрда кансырап турган Польшага совет аскерлери кирет. Анын натыйжасында Польшанын чыгыш бөлүгү 13 млн. калкы жана 196 миң чарчы чакырым жери менен СССРге кошулат дагы өз ара кол салышпоо жөнүндө Польша менен 1932-жылы СССР, 1934-жылы Германия кол койгон мамлекеттик келишимдер “от тамызгыдай” жок болот.
Сталин Гитлер менен келишимге кандай максатты көздөп кол койду деген суроого окумуштуулардын пикирлери ар кыл. Британ тарыхчысы Исаак Дойчер “Пактыны Сталиндин сынчылары анын саясый абийирсиздигинин (моралсыздыгынын) чоң далили деп эсептешет. А тарапкерлери болсо Сталиндин саясатындагы катачылыктарга карабай, ал эч качан акыркы максатын жадынан чыгырган эмес дешет. Ал өзү болсо 1941-жылы: “Биз өз өлкөбүзгө бир жарым жыл тынчтыкты жана куралдуу күчтөрүбүздү каршылык көрсөтүүгө даярдоого мүмкүндүк алдык,” - деп жаңылыштык кетиргенин мойнуна алган эмес” - деп жазат.
Теги польшалык америкалык илимпоз Адам Улам: “...балким Сталин 1939-жылдын жай айларында жасаган бул алдамчылык оюнду башка бир дагы лидер андай уятсыздык (цинизм) жана акылдуулук менен жүргүзө алмак эмес,” - деп сүрөттөйт.
Эгерде фашисттик Германиянын жана СССРдин куралдуу күчтөрүн салыштырсак, күч Сталин тарапта болгонун көрөбүз. 1939-жылы Гитлерде 51 дивизиясы болсо, Сталинде 126 дивизия жана 46 бригада болгон. СССРде танктардын саны Германиядагыдан 20 эсе көп болгон. Ошондуктан, кээ бир изилдөөчүлөр Молотов-Риббентроп келишими Советтер Союзу Гитлердин Польшага согуш ачуусуна жолтоо болбойт, акысына Польшанын чоң территориясын алат деген бир гана нерсени жышааналайт деген ишенимде.
Кээ бир тарыхчылар ошондо Польша өз жерине Кызыл армияны киргизүүгө ынанса, балакеттүү пакт түзүлмөк эмес деген көз карашты карманышат. Мындай пикирге польшалык тарыхчы Мацей Коркуц кошулбайт:
- Эгерде Кызыл армия Польшанын аймагына кирсе, бул басып алуу менен аяктарын жана андан кайра чыгып кетпесин поляктар жакшы түшүнгөн. Ансыз да ошондой болду, 1945-жылдан кийин советтик армия Польшанын территориясында калып, СССР кыйраганга дейре чыгып кетпеди.
Мацей Коркуц “Азаттык” радиосуна берген интервьюда бүгүнкү Украинадагы окуялар эмне үчүн Польша 75 жыл мурда Гитлер жана Сталин менен келишимге барбаганын түшүнүүгө көмөктөшөт деген оюн да айтты:
- Бүгүн Украина эмне үчүн Путин менен союздаш болууну каалабайт? Себеби Украина түрдүү амалдар менен аракеттенген советтик аскерлердин агрессиясынын предмети болууда. Кечиресиздер, советтик эмес, албетте, орусиялык. Мен минтип жөн жерден айтканым жок. Путиндин жасап жаткан иштери советтик заманды эске салат. Украинадагы окуялардан улам “Германия түгүл жалпы Европа 1939-жылкы окуядан бүтүм жасадыбы? Ошондо өзүнүн союздаштык милдеттенмесин аткарбай койгон Франция сабак алдыбы?” деген суроо туулат. НАТОнун бүгүнкү уставынын союздаштарга көмөктөшүү боюнча 5-беренеси 1939-жылы Британия менен Франциянын Польша алдындагы милдеттенмесине караганда бир кыйла жумшак.
Молотов-Риббентроп пактына 75 жыл толду
1/15Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп (cолдо), советтик лидер Иосиф Сталин жана СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов (оңдо) Кремлде келишимге кол коюлардын алдында, 1939-жылдын 23-августу.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
2/15Молотов келишимге кол коюп жатат. Советтер Союузу келишимге кол коюлгандан кийин согуш башталгыча өз армиясын күчтөндүрүп алганга жетишкен.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
3/15Иоахим фон Риббентроп пактка кошумча Достук, кыматташтык жана демаркациялоо жөнүндө келиишмге кол коюлгандан кийин Иосиф Сталиндин колун кысууда.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
4/15Германия менен СССР Борбордук жана Чыгыш Европаны өз кызыкчылыгына жараша бөлгөн жашыруун протоколдун акыркы барагы.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
5/15Германия менен СССР Борбордук жана Чыгыш Европаны өз кызыкчылыгына жараша бөлгөн жашыруун протоколдун акыркы барагы орус тилинде.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
6/15Молотов-Риббентроп пакты боюнча демаркацияланган карта 1939-жылы 18-сентябрда "Известия" гезитине басылган. Андан бир күн мурун Советтик армия Польшага кирген.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
7/15Немисттик жана советтик аскерлер "Тынчтык чек арасы" деп аталган демаркация сызыгында жолугушууда. 1939-жылдын сентябры.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
8/15Советтик комиссар Владимир Боровицкий немисттик аскерлер менен Брест-Литовск (азыркы Беларустагы Брест шаары) шаарында Польшаны бөлүү боюнча сүйлөшүүдө.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
9/15Немисттик жана советтик жоокерлер Брестте жолугууда, 1939-жылдын 22-сентябры.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
10/15Советтик жана немисттик армия Брест шаарында, 1939-жылдын 22-августунда алар бирге параддан өтүшкөн.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
11/15Брестте советтик комиссар Боровицкий советтик жоокер менен брондолгон техниканын жанында турат.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
12/15Немисттик полковник Густав-Адольф Рибел менен советтик командир Семен Кривошеин Брестте өткөн советтик-немисттик биргелешкен парадда кол алышууда.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
13/15"Правда" гезитине жарык көргөн Молотов-Риббентроп пакты, 1939-жылдын 28-сентябры.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
14/15"Newsweek" журналынын сыртына басылган Сталин менен Риббентроптун сүрөтү, 1939-жылдын 9-октябры.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
15/15Молотов (солдо) Берлинде, 1940-жылдын 14-ноябры. 1941-жылы 22-июнда Германия Советтер Союзуна кол салганга чейин өз ара кол салышпоо жөнүндө пакт күчүндө турган.
СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер министри Вячеслав Михайлович Молотов менен Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп Германия менен СССРдин ортосунда өз ара кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон. Ал тарыхта Молотов-Риббентроп пакты деген ат менен калган.
Артка
Алдыга
1939-жылы 23-августта Москвада Молотов-Риббентроп пактына кол коюлгандан кийин Гитлер Польшанын батыш бөлүгүн, ал эми СССР Польшанын чыгышын басып алды. Сталиндик заманда ал “Батыш Украинанын жана Батыш Беларустун боордош элдерине жардам” деп шарданаланып жүрдү. Ошентип Экинчи Дүйнөлүк согуш башталды. Алты жылга созулган согушка ошол кездеги 73 мамлекеттин 61и катышты. Согуш үч континентти жана төрт океанды камтыды. Орусия илимдер академиясынын 1993-жылкы эсептөөсү боюнча дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң алааматта Советтер Союзу 26,6 млн. адамын жоготту. Анын ичинде 26 миң алты жүз кыргыз курман болгон.