Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Тарыхты бурмалообу же тактообу?


Аскерлерди фронтко мобилизациялоо. Москва, 1941-жылдын 23-июну.
Аскерлерди фронтко мобилизациялоо. Москва, 1941-жылдын 23-июну.

Мындан туура 70 жыл мурда 22-июнда таңга маал Германия Советтер Союзуна кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш от алган. Бул күнгө карата бүгүн Бишкектеги борбордук аянтта да согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Согуш башталганынын 70 жылдыгына арналган Бишкектеги жыйында орусиялык айрым тарыхчылар Улуу Ата Мекендик согуш тарыхын бурмалоого аракеттер болуп жатат деп белгилешти. Алар муну Орусия менен мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр ортосунда мамилеге жарака кетирүү аракети катары баалашууда.

Ошол эле кезде кыргызстандык тарыхчылар согуштун айрым барактары жашырылып келгенин, атап айтканда, кандуу кагылыштарга Борбор Азиядан барган аскерлер алдыга салынганын, туткундардын тагдыры иликтенбей калганын ачык айта башташты.

Мындан туура 70 жыл мурда 22-июнда таңга маал Германия Советтер Союзуна кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган эле. Согушка Ала-Тоодон 300 миңден ашуун адам аттанып, алардын 100 миңдейи мекенине кайтпай калган. Ооруктарда миңдеген адамдар иштеген. Ушундай эле чоң адамдык жоготуу Советтер Союзуна кирген бардык өлкөлөрдө болгон.

Бул каргашалуу дата Бишкекте өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенттик администрациясынын өкүлү Сергей Винокуров жана эки өлкөнүн тарыхчылары, саясат талдоочулары менен эксперттеринин катышуусунда эскерилди. Тараптар Улуу Жеңиш Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин ынтымагы жана биримдигинин аркасында келгенин айтышты.

Тарыхты бурмалоого ким кызыктар?

Орусиялык тарыхчылар соңку жылдары Улуу Ата Мекендик согуш тарыхын бурмалоого аракеттер болуп жатканын белгилишүүдө. Москва мамлекеттик университетенин Тарых факультетинин деканы Алексей Власов:

- Айрымдар тарыхты бурмалап, ошондон акча тапкысы келип атат. Муну Орусия менен мурдагы Советтер Союзуна кирген, тарыхы бир өлкөлөр ортосунда мамилеге жарака кетирүүнү каалагандар жасап атат. Улуу Ата Мекендик согуш бул жерде кол салуунун негизги объектиси болууда. Бул жагдайда акча төлөгөн тарапка тарыхчылар курал катары колдонулуп жатат.

1980-жылдан бери эле ушул багытта идеологиялык жактан активдүү иштеп жаткан, Совет тарыхына альтернатива болчу концепцияны иштеген Батыш фонддору бар. Ошондуктан бул жөн гана илимпоздордун талкуусу эмес, идеологиялык күрөштүн бир бөлүгү болууда. Мисалы Сталин Германияга кол салууга даярданып жатканда, Гитлер Европа цивилизациясын коргоо үчүн алдын ала кол салган деген маалыматтар. Эч кандай түз далилдер жок.


Иликтөөчү жагдайлар көп

Анткен менен тарыхчы, эксперттер Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу миллиондогон документтерди жашыруун сыр катары сактап келгенин айтып келишет. Ар кыл маалыматтарга караганда, 8-10 миллионго чукул документ бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин архивинде жашыруун сыр катары сакталып келүүдө. Адистердин божомолунда, ал архивдер ачылган күнү бул согушка болгон көз караш өзгөрүшү ыктымал.


Кыргыз тарыхчысы Турат Жоробеков Улуу Ата Мекендик согуш учурунда иликтенбеген көп жагдайлар бар экенин ырастады.


- Адамзаттын тарыхында улуу согуштардын ичинен Улуу Ата Мекендик согуш чоң жоготууларга алып келди. Мисалы дүйнөнүн 64 мамлекетинен катышып, СССР эле 27 млн. калкын жоготту. Батыштык тарыхчылар, саясатчылар согушта эң негизги ролду Батыш мамлекеттери ойногон деп айтып атышат. Негизги ролду СССР ойногон. Бирок согуш туткундарынын абалы алигүнгө чейин толук изилдене элек. Батыш архивдерине биздин мүмкүнчүлүгүбүз да жок.

Ачыкталган тарых

Тарыхый материалдарда согушка Германия, СССР деле даяр болгону белгиленет. Маселен Молотов-Риббентроп келишиминде аталган эки өлкө Европаны бөлүштүрүү кызыкчылыгы ачык эле айтылганын тарыхчы Кыяз Молдокасымов белгилөөдө.

Анын айтымында, согуштун айрым барактары жашырылып, атап айтканда, кандуу кагылыштарга Борбор Азиядан барган аскерлер алдыга салынганы, айласыздан тутканга түшкөнү эскерилбей келет.

- Мектептин программаларында, Советтер Союзу кулаган жана андан берки мезгилде айрым архивдик маалыматтар бизден жашырылып окутулуп келген. Алар кийинки эгемендүүлүк мезгилде Батыштан, Советтер Союзунун өзүнөн табылып, бир топ тарыхый чындыктар ачыкка чыгып калды. Мында СССРдин өзүнүн туура эмес саясаттары болгон, Германия менен өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бир топ макулдашууларга чейин барганы чын.

Ошондой эле Союз аймагында эле эмес Будапешт, Румыния, Венгрия жана башка өлкөлөргө кирип жаткан мезгилде эң алдына азиаттарды коюп, анын артынан славяндар ээрчиген. Ошондой жагдайда, айрыкча Европада биринчи кыргынга туш болгон азиаттар, алардын ичинде кыргыздар болгону тарыхый чындык катары көрүнө баштады. Мурдагы тарыхта булардын бардыгы ачык-айкын айтылчу эмес.


70 жылдыкка байланыштуу Бишкектеги борбордук аянтта жаштар согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. Ага КМШ аймагындагы 9 өлкөнүн жаштары катышты.

XS
SM
MD
LG