Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Финн саясатын карылар өзгөртүүдө


Хейканринн коомдук карылар үйүндөгүлөр. Финляндия, 2-апрель, 2019-жыл.
Хейканринн коомдук карылар үйүндөгүлөр. Финляндия, 2-апрель, 2019-жыл.

Финляндияда карылар үйүндөгү кыңыр иштин кесепети жакындагы парламенттик шайлоодо тийгени турат. Көптөн бери оппозицияда жүргөн партия баарынан көп добуш алышы ыктымал. Дүйнөдөгү бирден бир элине камкор өлкөдө эмне көйгөй жаралды?

Бирикен Улуттар Уюму эки жыл катары менен финляндиялыктарды дүйнөдөгү эң бактылуу эл деп эсептеп келатат. Бул алты фактор менен аныкталган: ички дүң өнүмдүн киши башына бөлүнүшү, жашоонун узактыгы, кайрымдуулук же берешендик, социалдык колдоо, эркиндик жана маанилүү чечимдерди кабыл алуудагы коррупциянын деңгээли.

Саясий түзүлүшүнүн концепциясына ылайык Финляндия «бүткүл коомдук бакубатчылык» өкүм сүргөн өлкө болуп саналат. Тагыраагы кирешелер тегиз бөлүнүп, жакыр же аялуу катмарга мамлекет кол сунуп, алардын турмушун башкаларга теңдөөгө аракет кылат.

Өлкөнүн эли бат карып баратат. 2030-жылга карай анын ар бир төртүнчү жаранынын жашы 65тен жогору болору болжолдонгон. Улгайгандарга кам көрүү жагынан Финляндия дүйнөдө алдыңкы орунда болуп эсептелет.

Бирок жакында чоң жаңжал чыкты. Карылар үйлөрүндөгү өлүм-житимди иликтегенде бир катар шалаакылыктын бети ачылган. Анын ичинде пациенттер түнү бою бир жалаяк менен калтырылып, сууланганы кургагына алмаштырылбай калганы аныкталган. Ушундан соң андай үйлөрдүн бир нечеси жабылды.

«Бул жер менин үйүм болуп калгандан бери мага эң зарыл нерсе эмне? Камкордук. Анткени мен жалгыз эч жакка жыла албайм. Бизге медайымдар көбүрөөк керек. Башканын зарылдыгы жок да, туурабы?» - дейт карылар үйүндөгү Раили Хутала аттуу байбиче. Жергиликтүү пенсионерлер ассоциациясынын башчысы Леа Макела анын сөзүн кубаттады:

«Улгайган адамдар дурус камкордук көрүлөбү деп тынчсызданышат. Өзгөчө алдан-күчтөн тайгандар “татыктуу карылык доорун сүрөр бекенбиз” дешет. Ушул тапта жардамчы колдор дагы керек деген маанай бар».

Медайым Раили Хуталаны жаңылыктан кур калтырбайт.
Медайым Раили Хуталаны жаңылыктан кур калтырбайт.

Ал эми кошумча кызматчы - кошумча каражат эмеспи. Бирок Юха Сипила 2015-жылы өкмөт башына келгенде чыгашаларды үнөмдөө саясатын баштаган. Анын ичинде карылардын дарылануусуна кетчү чыгымды кыскартуу жагы да бар.

Өкмөт башчы бул кадамын мамлекеттик карызды азайтуу зарылдыгы менен түшүндүргөн. Ал бийликке келгенде карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 63,5% жеткен болчу. Премьер үнөмдөөдөн тышкары социалдык жана медициналык реформаны да сунуш кылган. Анын ичинде мамлекеттин медициналык тейлөө жүгүн азайтып, бул вазыйпаны жеке тараптардын колуна өткөрүү боюнча демилге бар эле.

Реформаны парламенттеги коалиция колдобой койгон соң Сипила 8-мартта кызматтан кетти. Ал өзү жетектеген өкмөттүн ишине баа берди:

Юха Сипила.
Юха Сипила.

«Менин өкмөтүм көп нерседе ийгиликке жетишти. Эң негизгиси - финндерди жумушка кайтарды жана өлкөнүн карызын көзөмөлгө ала алды. Бирок саламаттык сактоо жана социалдык камсыздандыруу реформасы бул өкмөттүн эң негизги максаты эле. Өтө узак долбоор болчу. Оор иши көп болду, катачылык да кетти».

Бирок Сипила 14-апрелде парламенттик шайлоо өтүп, жаңы өкмөт куралгыча убактылуу иштеп турмай болду.

Шайлоонун алдында азыркы министрлер кабинетин курагандардын бири, Улуттук коалиция партиясынын лидери Петтери Орпо жагымсыз чечимдер жумушка жарамдуу калк азайып, мамлекеттин карызы көбөйүп баратканы үчүн кабыл алынганна электоратты ынандырууга аракет кылууда:

«Экономикалык жагдай ушунчалык татаал болгондуктан өкмөт мамлекеттик чыгымдарды азайтууга аргасыз болду. Бирок бүгүнкү күндө экономикабызда тең салмак бар. Жумушсуздуктун деңгээли төмөн, кырдаал кыйла дурус. Жакшы тейлөөнү, бардар коомду сактап калышыбыз үчүн Финляндияга көбүрөөк жумуш, көбүрөөк жумушчу орундары, көбүрөөк ишкерлик керек».

Бирок карыларга жумшалган чыгымды азайтуу, «аларды ишкерлер да тейлесин» деген сунуштар Европанын түндүгүндөгү бул өлкөнүн саясий айдыңын өзгөрткөнү турат. Парламенттик шайлоонун алдындагы сурамжылоолордо 20 жылдан бери оппозицияда жүргөн Социал-демократиялык партия алдыга чыкты.

Финляндия.
Финляндия.

Маселен, «Gallup» компаниясынын марттагы эсебине караганда оппозициядагы СДПга элдин 21% добуш берерин билдиришкен. Калган саясий күчтөргө ишеним мындан кыйла аз.

Социал-демократтар түзүлгөн кырдаалды колдон чыгарбай саламаттык сактоо тармагын жеке колго өткөрүүнү чектөөгө жана 1400 евродон аз алгандардын пенсиясын көтөрүүгө убада берип жатышат. Алар «казынанын кирешесин салыктарды көтөрүү менен толтурабыз» деп план коюшкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG