Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Кыргызстандын согушка кошкон салымы


Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандын ошол кездеги калкынын ар бир алтынчы адамы катышып, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Андан тышкары 150 миң адам согушта, 979 адам тылда көрсөткөн эрдиги үчүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Бирок кыргызстандыктардын согушка катышы менен салымы терең изилденбей, маалыматтар ар кандай иргелүүдө.

Буга эмне себеп? Согушка кыргызстандыктардын салымы боюнча кандай ак тактар бар? Эмне үчүн айрым өлкөлөрдө Панфиловдун дивизиясын өзүнө ыйгаруу аракети жүрүп жатат?

“Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга саясат талдоочу, окумуштуу Эмил Каниметов, тарыхчы окумуштуулар Салмоорбек Дыйканов жана Нарынбек Алымкулов катышты.

“Азаттык”: Эмил мырза, 72 жылдан бери майрамдалып келе жаткан бул жеңишти алып келүүгө катышкан 375 миң кыргызстандык жоокердин, анын ичинде согуштан кайтпай калган 150 миңге жакын жоокердин өмүрү, эмгеги жөнүндө кийинки муун жакшы билип жатат жана эскерилип жатат деп бааласак болобу?

Эмил Каниметов: Кийинки муун биздин чоң аталарыбыз, чоң энелерибиз көргөн реалдуу турмушту, согуштун апаатын сезди десек катуу жаңылышабыз. Жок дегенде кургак сандар, статистикалык маалыматтар же майрамдык шаан-шөкөттөр менен кабыл албастан ошолордун көргөн, билгендеринин негизинде дедуктивдик ыкма менен жыйынтык чыгара тургандай көз карашка келүү абдан маанилүү.

Менин чоң атам Ырсалиев Канимет 1940-жылдан баштап 1946-жылга чейин согушка катышкан жана эки жолу "кара кагаз" келген адам. Ал согуш жөнүндө эч нерсе айтчу эмес эле, бирок кээде чыгып кеткен сөздөрүн жыйнап отурсаң өзүнчө чоң факт болот экен.

Мектепте окуп жүргөндө азыркыдай майрамдык шаан-шөкөттүү иш-чаралар уюштурулганда ал кишиге келип “ата, фронттогу досторуңа кат жазалы” десем макул болгон жок. “Адресин билбесеңиз ошол жактагы мектеп окуучулары менен тактайбыз” десем да болбоду. Анан мен “анда сиздин досторуңуз болгон эмес да, ошон үчүн эч кимге жаза албайсыз”, - десем каңырыгы түтөп “менин татар досум бар болчу, ал командир аз улут өкүлдөрүн кордогондо аны менен айтыша кеткен. Ошондо аны алып барып атып салышкан. Кыргыз, казак сыяктуу аз улут өкүлдөрүн фронттун алдыңкы сабына коюшчу, оор жумуштарды жасатышчу", - деди. Мен анда 13 жашта элем, атамдан ошол сөздөрдү уккандан кийин дендароо болуп эле ойлонуп калдым. Азыр ошолорду чогултуп ойлонуп келсең согуш деген таптакыр башка нерсе болгон экен да!

Чоң энем Мусаева Калыйкан 1928-жылы төрөлгөн, атам 1910-жылкы эле. Алар Үркүндү, согуштун баарын көргөн адамдар. Алар совет доорундагы өз ата-энемден башкача адамдар эле.

Энем согуш маалында ачарчылыктан туугандарыбыздын баары кырылды дечү. Эмне үчүн азык-түлүктү катып койгон жоксуңар десем “ага-туугандарыбыздын баары согушка кетсе кантип бербей коебуз?” деп айтчу.

Атам согушка бара жатып Ашырбай Коенкозов деген адам менен жолугуптур. Ал биздин Токтояндан чыккан абдан көрүнүктүү, эң кыйын адам болгон. Ал жөнүндө казакстандык Бауржан Момыш уулундай кылып Петр Соловьев “Ашырбай и Лениградские друзья” деген китеп да жазган. Бауржан Момуш уулунун аскердик даярдыгы жана аркасында турган көп нерсеси болгон. Ашырбайдын эч нерсеси жок, орус тилин да билбеген адам болгон. Аны айылдан алып барып эле согушка салганда орус тилин да үйрөнүп, атайын кызматтын атайын кызматчысы болгон. Ошолор Советтер союзунун Баатыры деген наамды алышкан эмес. Ушундай фактыларды жыйнап, дедукция ыкмасы менен жалпылап келсек Экинчи дүйнөлүк согуш саясатташтыруунун, манипуляциянын, идеалдаштыруунун бир түрү. Биз чындыкка түз карабасак жаштардын ошондой окуялардан сабак алышы мүмкүн эмес.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Кыргызстандын согуштагы салымы
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:32 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Нарынбек мырза, мен өткөндө Орусиянын Биринчи телеканалынын “Умники и умницы” деген программасын көрүп отуруп, “Генерал Панфиловдун дивизиясы кайда түзүлгөн?” деген суроого берилген жоопко таң калдым. Катышуучу окуучу “Казакстанда түзүлгөн, Панфилов ошол жерден болот” деп жооп бергенде калыс болуп отурган тарыхчы доктор жана алып баруучу академик Юрий Вяземский “туура” деп баалап, балага орден берди. Сиз ушул согушту изилдеген окумуштуу катары айтсаңыз, бул тарыхый окуяны бурмалообу же чын эле Казакстанда түзүлдү беле? Эмне үчүн мектеп окуучуларына ушундай маалымат берилип жатат деген ойдосуз?

Нарынбек Алымкулов: Жок, бул чын. Бул дивизия 1941-жылы июлда Алматыда түзүлгөн. Ал үч полктон турган, эки полку казакстандыктардан, бир полку биздикилерден турган. Ага өзгөчө көңүл бурганыбыздын себеби анын командири, генерал Иван Васильевич Панфилов кыргызстандык болгон. Ал дивизияда кыргыздардын саны 11%, казактардыкы да 11%, калганын орустар түзгөн.

Дивизиянын эң башкы өзгөчөлүгү - катары карапайым жоокерлерден турганы менен Москванын алдындагы согушта душмандын тандалма аскерине туруштук берип, аябагандай зор эрдик көрсөткөн. Ошондогу бир айлык эрдиги үчүн гвардиялык деген наамга ээ болгон.

Эмил Каниметов: Дивизиянын түзүлүшү боюнча бурмаланган учурлар абдан көп.

“Азаттык”: Салмоорбек мырза, Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүүгө эң башкы күч тартип, патриотизм жана элдердин достугу болгон деп бааланган. Азыркы жаштар мындай баага ишенеби?

Салмоорбек Дыйканов: Менин оюмча ишенет. Мен кыргыздардын согушка катышуусу жөнүндө айткым келип турат, анткени кыргыз, казак жана бизге жакын якут, тыва, калмак, алтай элдери кулчулукту көргөн эмес. Ошон үчүн фронтто эң татаал жерлерге ушул элдин өкүлдөрүн коюшчу. Анткени кыргыз, казак жоокерлери эч нерседен коркушчу эмес экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG