Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:47

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыярлары менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейинки такталган маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет.

Согуш маалында элдик фонддор аркылуу Кызыл армияга республиканын булуң-бурчунан жардам жөнөтүлүп, алардын арасында танк же согуштук учактын чыгымына жете турган каражат берген атуулдар да чыккан. Атүгүл жардамдар мектеп окуучуларынын атынан да жиберилип турган.

Кадимки комузчу, театр ишмери Асанбек Кыдырназаровдун атасы Кыдырназар да кезинде фронтко өз чөнтөгүнөн бир топ каражат жөнөткөн экен. Ал тууралуу небереси Абдыбек Кыдырназаров айтып берди:

- Согуш убагында танк курган заводго кырк миң сом, андан кийин согуштук аскер учактарын калыбына келтирүүчү заводго 60 миң сом каражат жөнөтөт. Ошентип согушка баш-аягы 100 миң сом каражат берген.

Маектешибиз чоң атасы Кыдырназар Совет аскерлерлерине эмне себептен жардам берип калганын мындайча эскерди:

- Бул киши башында өзү Нарындагы аскер комиссариатына келет. Аны жашы келип калганы үчүн согушка жөнөтпөй коюшат. Чоң атам согушта каза болгон улуу баласы үчүн өч алгысы келген экен. Акыры аскер комиссары ага фронтко акча каражатын жөнөтсө болорун айтат. Кыйынчылык учур. Анан жогоруда айткандай танк жасоочу заводго жана согуш учактарын оңдоочу ишканага каражат жөнөтөт. Мындан сырткары бир тонна эт, картошка сыяктуу азыктарын да берген.

Тарыхчылардын айтымында, ал кезде бир согуштук учак 100 миң рублдин, танк 200 миң рублдин тегерегинде бааланган. Ошол кездеги Тянь-Шань облусунун Ийри-Суу айылдык кеңешинин "Ак булуң" колхозунун колхозчусу Кыдырназар Ботугуров кезинде мындай жардамы үчүн Иосиф Сталинден: "Кызыл Армиянын аба күчтөрү жөнүндө камкордук кылганыңыз үчүн менин саламымды жана Кызыл Армиянын алкышын кабыл алыңыз, жолдош Ботугуров", - деген ыраазычылык кат алган экен.

Тарыхый маалыматтарда согуштун биринчи эле күндөрүндө колхозчу дыйкандар тарабынан Коргонуу фонду түзүлүп, ага республиканын ар кайсы аймактарынан жардам түшө баштаган. Фонд Фрунзедеги СССР Мамлекеттик банкында № 14 эсебин ачкан. 1941-жылы августунан тарта эле бул эсепке миңдеген акча түшүп, миңдеген тонна азык-түлүктөр топтолгон. Кыш мезгилинин келиши менен фронтко жылуу кийим жөнөтүү демилгеси күч алган.

Кыргызстандыктардын Экинчи Дүйнөлүк согушка болгон катышын изилдеген тарыхчы Нарынбек Алымкуловдун айтымында, учурда согушка жеке жардам бергендердин тизмеси дагы да такталууда. Алардын ичинен кээ бир инсандардын аты-жөнү жакында эле белгилүү болду:

- Атабаев - 150 миң, Өмүрзакова, сегиз баланын энеси - 130 миң, Советкул Мамарасулов - 115 миң, Ибрай Деркенбаев - 111 миң рубль берген. Азыр биздин маалымат боюнча Кыргызстандан он бир киши 100 миң рублден жогору акча каражатын берген. Көп китептерде жалпы кыргызтандыктар 189 миллион рубль накталай акча жардам бергени белгиленген.

Алымкулов анткен менен жаңы маалыматтарга ылайык кыргызстандык карапайым калк жашоо шарты оор экенине карабай согуш техникаларын сатып алууга акчалай 215 миллион каражат топтоп бергенин кошумчалады.

Тарыхчы Мурат Иманкулов болсо бул каражаттар советтик тарыхта элдин ыктыярдуу жардамы катары белгиленгени менен мынча жардам көпчүлүк учурда элди кыйнап, талап кылуу аркылуу жыйналган деген оюн билдирди:

- Анткени ал убакта элдин жашоосу өтө эле начар болгон. Өздөрү кыйналып жашаган. Бирок ошондой болсо да жакшы жашаган үй-бүлөлөр болгон. Алар көбүнчө колхоздо жакшы иштеген, көп эмгек күн тапкан атуулдар эле. Ошолор чоң суммадагы акчалай жардам бере алган. Айтор калктын, окуучулардын, кызматкерлердин эсебинен ал учурда кыргызстандыктар согушка 189 миллион сом өткөрүп берген. Бул каражат 93 танкка же 186 согуштук учак чыгарганга жетмек экен. Кийин ушул каражатка "Советтик Кыргызстан" деген танкалык бөлүк түптөлүп, 1942-жылдын ноябрында алгачкы жолу согушка кирген.

Иманкулов ошондой эле кыргызстандыктар 1942-1943-жылдары блокадада калган Ленинград шаарына 100 вагондон ашык азык-түлүк, 4,5 миллион пуд эгин, 500 миң пуд эт, 130 миң баш бодо мал, майда жандыктарды эсепсиз жөнөтүшкөнүн белгилеп кетти.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. Согушта 160 миңден ашуун жоокер курман болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG