Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Нагасаки курмандыктары эскерилди


Нагасаки курмандыктары эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Мындан 73 жыл мурда Жапониянын Хиросима шаарынан кийин эле Нагасакиге АКШ атом бомбасын таштаган. Адамзат тарыхындагы бул апаатты эскерүү иш-чарасына Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш учуп барды.

Мындан 73 жыл мурда Жапониянын Хиросима шаарынан кийин эле Нагасакиге АКШ атом бомбасын таштаган. Адамзат тарыхындагы бул апаатты эскерүү иш-чарасына Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш учуп барды. Бул анын Нагасакиге биринчи барышы.

Тынчтык паркында өткөн эскерүү жөрөлгөсүндө Гуттереш дүйнөдө өзөктүк куралдан арылуу жараяны солгундап, ал тургай токтоп калганын баса белгилеп, тескерисинче өзөктүк арсеналы бар өлкөлөр аны заманга ылайыктап жатканына токтолду.

«Нагасакиде туруп, бардык өлкөлөрдү өзөктүк куралдан арылууга, ал үчүн жараянды болушунча тезирээк баштоого үндөйм», - деди баш катчы.

“Ылайым Нагасаки Жер бетиндеги өзөктүк курал жалмаган акыркы жер болсун”, – деди Гуттереш.

Дүйнөлүк уюмдун жетекчиси 1945-жылкы алааматта аман калгандар менен жолукту. Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта ал окуяга күбө болгон 155 миндей киши жашайт.

"Атом бомбасы" музейинин директору Акитоши Накамура белгилегендей, коопсуз келечекти камсыз кылыш үчүн дүйнө Хиросима менен Нагасакиден сабак алышы керек.

6-августта Хиросимада эскерүү иш-чарасы өткөн.

Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрү 1945-жылдын 9-августунда саат 11де Нагасакиге өзөктүк бомба таштаган. Нагасакиде 70 миңдей, Хиросимада 140 миң киши өлгөн.толду.
XS
SM
MD
LG