Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 23:52

Кыргызстан-Германия: алаканын акыбети


Президент Жээнбеков «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында. Мюнхен, Германия. 15-апрель, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапары аяктады.

Сапардын негизги жыйынтыгы кандай болду? Кыргызстан Европа мамлекеттери менен кызматташууда алардын саясий-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүгүн кандай пайдаланды?

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова, саясат илимдеринин доктору Азамат Темиркулов жана эл аралык миграция боюнча эксперт Улан Шамшиев катышты.

«Азаттык»: - Бактыгүл айым, президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапарынын негизги жыйынтыктары деп кайсы жагдайларды атасак болот?

Бактыгүл Каламбекова.
Бактыгүл Каламбекова.

Бактыгүл Каламбекова: - Президент Жээнбековдун расмий сапары эки мамлекеттин кызматташтыгына жаңы дем берет деп ойлойм. Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки биринчи сапары болуп жатат. Бул иш сапары биздин өлкөнүн кадыр-баркы үчүн да маанилүү. Президенттин Германиядагы сапарын эки өлкөнүн 1992-жылдан бери келаткан кызматташтыгынын уланышы деп түшүнөм.

Мамлекет башчы өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары менен чогуу барып, Кыргызстандын бүгүнкү саясий-экономикалык саясаты, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу немис тарапка дагы бир жолу билдирүүлөрдү жасады, сапардын негизги философиясын ачып берди.

Бул жолку сапарда экономикалык дипломатияга артыкчылык берилип жатканын байкооого болот. Мюнхен шаарында биздин мекендештерибиз менен жолугуп, алар менен да кеңири маектешти, сунуш-пикирлерин укту, бул да маанилүү фактор.

«Азаттык»: - Азамат мырза, Германия - Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, элчилигин ачкан мамлекет. Ошол чейрек кылымдан ашкан мамиледе Кыргызстан Германиянын ар тараптуу, бай дараметин кандай пайдаланды, бизге ал мамлекеттин үзүрү кандай болду?

Азамат Темиркулов: - Германия - экономикалык дарамети боюнча Европадагы эң күчтүү мамлекет, өзүнчө чоң рынок. Кыргызстан 27 жылдын ичинде ошол чоң рынок мейкиндигин туура пайдаланып, өзүнүн соодасын жүргүзсө болот эле.

Акыркы жылдары VSP+ программасы аркылуу деле алакабызды арттырууга көп мүмкүнчүлүк, жеңилдиктер түзүлдү. Тилекке каршы, биз ошол зор мүмкүнчүлүктү жакшы пайдалана албай жатабыз. Анын себептери көп.

Биринчиден, Кыргызстандын товарлары Европанын стандарттарына жооп бербей жатат, андай бийик талаптарды аткара албай жатабыз. Экинчиден, сертификация маселеси да оор бойдон калууда. Аны алыш үчүн да чоң каражат керек. Лабораторияларыбыз да талапка жооп бербейт.

Үчүнчүдөн, биз сунуш кылып жаткан айыл чарба азыктарын Европага жеткирүү да транспорттук жактан оор жана кымбат болуп турат. Мындан сырткары Кыргызстан Европа сураган товарлардын чоң көлөмүнө да чыга албай жатат.

Бактыгүл Каламбекова: - Германияны биз ушул кезге чейин донор мамлекет катары кабыл алып, ошондой мамиле болуп келгенин унутпашыбыз керек. Германия Кыргызстанга гуманитардык тармакта, билим берүүдө, укуктук маселелерди өнүктүрүүдө, жалпы эле демократияны чыңдоодо кайтарымсыз көп жардам берип келатат. Ошондон улам соода балансында бир топ айырмачылыктар бар. Эми биз экономикалык дипломатияга көңүл бура баштадык.

«Азаттык»: - Улан мырза, Кыргызстандагы демократиялык кадамдар үчүн Евробиримдик дайыма колдоо көрсөтүп келет. Ошондой колдоонун бири – Европада билим алууга документ түрүндө шарт түзүлгөнү менен Кыргызстандын көп жаштары виза маселесине байланыштуу кыйналып келатканын байкайбыз. Бул жерде маселенин түйүнү эмнеде?

Улан Шамшиев.
Улан Шамшиев.

Улан Шамшиев: - Учурда Кыргызстанда тышкы миграциялык процесстер экономикалык көрсөткүчтөргө таасир этип жатат. Кыргызстандык мигранттардын көпчүлүк бөлүгү Орусиянын аймагында окуп-иштеп жүрөт. Өлкөгө келип жаткан акчанын дээрлик көпчүлүгү да Орусиядан.

«Биздин жарандар эмне үчүн Европа өлкөлөрүнө кире алышпайт?» деген суроо туулат. Биринчи себеби – биздин мекендештер Европадагы негизги тилдерди билишпейт.

Экинчиден, Европадагы мамлекеттер менен Кыргызстандын билим берүү стандарттарында бир топ айырмачылыктар болгондуктан, ал да өз кедергисин тийгизүүдө. Европанын көп өлкөлөрүндө жогорку сапаттагы адистер талап кылынат. Биздин жаштар андай оор талаптарга туруштук бере алышпайт. Ошондуктан Кыргызстандын билим берүү тармагында Европадагы негизги тилдерди: англис, немис, француз тилдерин окутуу колго алынса жакшы болот эле. Тил билген адистин эмгек шарты, маянасы да башкача болот.

Айталы, азыр Түркияда 35 миң кыргызстандык мигрант, студенттер бар. Алардын баары Кыргызстанда түрк тилдүү мектептердин, жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү. Алар көп атаандаштыкка туруштук бере алышат, анткени тил билишет. Ошондуктан Кыргызстан дүйнөлүк эмгек рыногуна чыгып иштей ала турган сапаттуу адистерди чыгарууга умтулушу керек. Азыр Европада виза режими да татаалдашууда. КМШ мамлекеттеринин Европага кириши боюнча өзүнчө катуу талаптар коюлууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргызстан-Германия: алаканын акыбети (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:26 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG