Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

COVID-19: АКШ Кыргызстанга дагы 1,38 миллион доллар бөлмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Кыргызстанга коронавируска каршы аркеттерине колдоо иретинде кошумча 1,38 миллион доллар бөлүп бермей болушту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалыматта жалпысынан Борбор Азия аймагына 6,8 миллион доллар бөлүнөрү, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан республикаларынын тийиштүү мекемелери эпидемиологиялык көзөмөл үчүн лабораториялардын ишин күчтөндүрүп жатканы айтылды.

CDC – Кошмо Штаттардын коомдук саламаттык боюнча алдыңкы мекемелеринин бири. Буга чейин АКШ Кыргызстандын COVID-19га каршы иш-чараларын колдоо максатында 913 миң доллар бөлгөн.

Жалпысынан 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус 895 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 637 бейтап айыгып чыкты.

5-февралдан бери коронавируска 69 миң 333 анализ, анын 2 миң 121и соңку бир сутка ичинде жүргүзүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG