Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Үч судья мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова, Ош шаардык сотунун судьясы Адинахан Кадырова жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Сергей Кузьменко өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка 6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматык саясат бөлүмү билдирди.

Кызматтан кеткен үч судьянын бири Айнагүл Жоробекованы кылмыш жообуна тартууга Тартип комиссиясы макулдук бергендигине байланыштуу 2018-жылдын 2-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан четтеткен.

Айнагүл Жоробековага 2018-жылы Жазык кодексинин 305-беренеси («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 328-беренеси («Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Иш Бишкектин Биринчи май райондун сотуна өткөрүлүп берилгени кабарланган. Ал 2017-жылдын 14-сентябрында үч киши каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин кароо учурунда кабыл алган чечими үчүн айыпталган. Жоробекова ишти кароодо шектүүнү жети жылга кескен айыптоо өкүмүн чыгарып, бирок жазаны аткарууну шарттуу түрүнө которуп, жумшартып салганы көрсөтүлгөн.

Калган эки судья тууралуу кошумча так маалымат жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG