Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Кыргыз энергетикасынын алы кышта билинди


Бишкектеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири.

Бишкектин четиндеги Ак-Жар жана Ак-Бата конушунун тургундары электр энергиясы тынымсыз өчө бергенине нааразы болуп, 15-декабрда кан жолду буушту. Алар кыштын суугунда электр жарыгы жоктугунан балдары ооруп жатканын айтышууда.

Ак-Жар жана Ак-Бата жаңы конуштарынын ондогон тургуну чоң жолдун так ортосуна дөңгөлөк өрттөп, жолду эки-үч сааттай бууп турушту. Алар жарыктын өчүп жатканына бийлик көңүл бурбай калды деп эсептешет.

Чогулгандардын айтымында, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери байма-бай өчүүдө.

Конуштун тургуну Арапбай Атакулов үзүл-кесил берилген электр энергиясы жашоону татаалдаштырып койгонун айтууда.

«Беш күндөн бери свет жок. Буга чейин кечки саат алтыда өчүрүп кайра тогуз жарым, ондордо күйгүзүп жатышкан. Кечээ күнү өчкөн боюнча түнкү саат бир жарымда күйдү. Кичинекей балдары, оорулуу жакындары бар үй-бүлөлөр да бар. Өкмөткө нааразы болуп эл чогулду. Биз айыл өкмөттү эле тааныйбыз. Ал электр тармагындагы жумушчулар менен сүйлөшүп жатканын айтты».

Нааразы болуп жолду буугандарга Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев келип жолукту.

Ал электр жарыгы жаңы конуштарга маал-маалы менен берилип жатканын маалымдады. Мындай кадам аргасыздык экенин, көмөк чордонго (трансформатор) күч келип жатканын билдирди:

Марс Саккараев.
Марс Саккараев.

«Бул конуштагы көмөк чордондор 2011-жылы коюлган. Андан бери эл көбөйдү. Колдонуучулар кошулду. Чыңалуу болуп жатат. Трансформаторго күч келүүдө. Жарыкты кезек менен берсек, жеткире алабыз. Мисалы, эки көчөгө эки саат берип, башка эки көчөнү өчүрө турсак болот. Анан аларга бергенде беркилери өчүп турат. Тургундар өздөрү да буга макул болду».

Сөз болуп жаткан жаңы конуштарга электр энергиясын жеке менчик “Электросила” компаниясы жеткирет.

Эки конушта 2 миңден ашуун кожолук бар. Аталган компаниянын өкүлдөрү менен байланышканыбызда жарыктын үзгүлтүккө учурап жатышынын себебин эл электр энергиясын көп колдонуп жатканына байлады.

Ушул күндөрү Бишкекте жана аймактарда катуу суук болуп жатат. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча жакынкы бир аптадан бери Кыргызстанда бир күндө 70 млн. кВт/саат электр энергиясы керектелип жатат.

Бул былтыркы жылы ушул күнгө салыштырганда 11 млн. кВт/саатка көп. Ал эми Кыргызстан бир күндө 60-61 млн. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Ошто да ушул абал...

Ош электр ачык акционердик коому жана Жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жетекчилери электр энергиясын пайдалануу берилген лимиттен ашып кетип, көмөк чордондорго жана электр чубалгыларына күч келип жатканын айтты.

Ош шаарында электр энергиясы ноябрь айынан тарта ашыгы менен пайдаланыла баштаган. Өкмөттүн токтому менен бекитип берилген лимит 11 млн. 774 миң киловатт болсо, азыр андан 1 млн. киловаттка көп колдонулуп жатат.

Ош электр ачык акционердик коомунун Ош шаардык филиалынын жетекчисинин орун басары Нурлан Раимберди уулу электр энергиясы үнөмдөлбөсө, жарык өчүшү мүмкүн экенин эскертти.

«Эгер биз пиктен өтүп кетсек, автоматтык түрдө өчүрүүгө алып келет. Бул деген эгер сиз үйдө көбүрөөк электр шаймандарын колдонсоңуз, электр жарыгы өчөт деген кеп. Кандайдыр бир убакытка чейин өчүшү мүмкүн. Биз ошонун алдын алып жатабыз».

Учурда Ош жана Баткен облустары электрди ашыгы менен пайдаланып жатканы маалым болду. Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары мекемесинин башкы инженери Эмил Исманов мындай көрсөткүч буга чейин катталбаганын, өткөн жылдын январь айында да эки облус берилген лимиттен мынчалык ашпаганын белгиледи.

«Өткөн жылы январь айында да мынчага чыккан эмес. Бүгүнкү күндө Ош жана Баткен облустары 1 млн. 975 миң киловатт лимиттен көп пайдаланып жатат. Бул албетте көмөк чордондор менен чубалгыларыбызга оордукту алып келүүдө».

Жарык өчүшү мүмкүн...

16-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров Кыргызстанда электр энергиясы автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн экенин эскертти.

«Электр энергиясы 7-10 миллионго көп колдонулууда. Бардык көмөк чордондор кызып кетип жатат. Ушундан улам электр энергиясы автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн», - деди ал.

Быйыл жай айында Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен.

Уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турарын кабарлаган.

Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында быйыл күз-кыш сезонунда Казакстандан 500 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып ала турганын кабарлаган.

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунунун директорунун орун басары Таалай Бектенов Токтогул ГЭСиндеги акыркы кырдаалды айтып берди.

«Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСи толук кубаттуулукта, тактап айтканда 1200 мВт менен иштеп жатат. Суу сактагычта 13 млрд. 44 млн. 940 миң куб метр суу бар. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2,5 млрд. куб метр сууга аз. Быйыл суу аз келди. Ошондуктан биз Казакстандан электр энергиясын импорт кылууну караганбыз. Келишим боюнча 500 млн. кВт саат электр энергиясын алышыбыз керек эле. Анын 1 кВт/саатынын баасы 2,4 цент. Бирок алар өздөрүнүн техникалык шарттарына байланыштуу биз сураган электр энергиясын бере албай жатат. Алардын токтотуп койгонуна үч-төрт сутка болуп калды. Буга чейин 50 мВт кубаттуулугу менен 24 саат берип жаткан. Ушул күнгө карата 36-38 млн. кВт/саат электр энергиясын импорт катары алдык. Бирок бул жетишсиз. Эгер келишим боюнча сураган импортту толук албай калсак, анда өзүбүз иштеп чыгышыбыз керек. Өкмөттүн токтомуна ылайык, план боюнча Токтогул ГЭСи бир жылда 14 млрд. 454 млн. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгышы абзел. Бирок декабрдын аягына чейин 15 млрд. кВт/сааттан ашат».

Мекеме, учурда орун алган кыйынчылыктарга карабай, бул кышта жарык өчүрүлбөйт деп ишендирүүдө. Алар элди электр энергиясын үнөмдөөгө, мүмкүн болсо жылуулук үчүн газ менен көмүрдү колдонууга чакырууда.

Кыргыз энергетикасы араңжан абалда

Ошол эле кезде электр энергиясына болгон чектөөлөр, анын баасы да коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып келет.

4-5-октябрдагы тополоңдо бийликти колуна алып, кийин президенттик шайлоого баруу үчүн кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров ноябрдын башында Нарынга барганда “жазында электр энергиясына болгон чектөө алынат" деп айтып, элди дагы бир жыл чыдап коюуга чакырган.

Деген менен энергетика тармагы боюнча эксперт Жаныбек Оморов бул тармакты жакшыртуу үчүн оболу тариф саясатына көңүл буруу керектигин айтууда.

«Акыркы жылдары Кыргызстан электр энергиясын өндүрүүнү көбөйткөн жок. Энергетиканы жакшы абалга алып келүү үчүн системалуу жана комплекстүү иш жүрүшү керек. Өндүрүштү көбөйтүп, тариф саясаты туура болушу шарт. Аны саясатташтырбаш керек. Бири тарифти көтөрөм десе, дагы бир саясатчы чыгып арзандатыш керек деп кыйкырат. Эгер арзан кылуу зарыл болсо жапырт эмес, жардамга муктаждарга гана даректүү арзандатууну колдонуу зарыл. Ушуну түшүнбөй жатабыз. Энергетика тармагындагы реформаны алдыга түртө турган киши жок болууда. Мен муну көптөн бери сунуш кылып жүрөм. Эл аралык деңгээлдеги эксперт, менежерди алып келип, энергетика тармагындагы башкарууну бериш керек. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Армения менен Грузиянын тажрыйбасы жакшы. Ошондой ыкманы колдонмоюнча бул тармак оңолбойт».

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы директору Айтмамат Назаров Кыргызстандагы энергетика тармагы “өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат” деген абалга кептелген деп эсептейт.

Айтмамат Назаров.
Айтмамат Назаров.

«Электр энергияга болгон керектөө жылдан-жылга көбөйүп жатат. Союз учурунда салынган ГЭСтер кезинде элге кенен жетчү. Азыр алардын кубаттуулугу жетпей калды. Жаңы ГЭСтерди куруу зарыл болуп турат. Бирок ага чоң каражат керек. Инвестордун эсебинен куралы десек Кыргызстандагы электр энергиясына болгон баанын төмөндүгүнөн эч ким келбейт. Башка мамлекеттерде электр энергиясы жеке тармактын колуна өткөн. Мамлекет ага кийлигишпейт. Ал эми бизде элге жеңилдик болсун деп бул тармакты мамлекет тейлеп жатат. Бир тарабынан муну түшүнсө болот. Анткени элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Иштегендер аз. Кирешеси төмөн. Ошондуктан тарифти көтөрүү мүмкүн болбой жатат. Мындайда жаңы ГЭСтер курулбайт. Электр тармагы кризиске кептелип, иштен чыгат».

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. 2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, бийлик элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизген.

XS
SM
MD
LG