Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Референдумга карата үгүт башталды


Кыргызстандын желегин көтөргөн жаран. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын желегин көтөргөн жаран. Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылдын 10-январына белгиленген референдумга карата үгүт иштери башталды. Учурда буга байланыштуу демилгечи топтор түзүлүп жатат. Алар референдумда көтөрүлгөн үч маселенин бирин жактаган иш жүргүзөт.

Мыйзам боюнча референдум өткөрүү милдети Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жүктөлгөн. Ал эми маалыматты элге жеткирүүнү жана түшүндүрүүнү жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдарын уюштурат. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер референдумда көтөрүлгөн маселенин өзүнө байланыштуу үгүт иштерин жүргүзө албайт. Аны ыктыярчы жарандар өз алдынча БШКга берген арызынын негизинде ишке ашырса болот.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, 17-декабрга карата бир демилгечи топтон үгүт жүргүзүш үчүн арыз түшкөн. Ал референдумга үгүт кылуу тартиби тууралуу мындай маалымат берди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Демилгечи топтор түзүлүп, тиешелүү протоколдор менен жөнгө салынат. Алардын тизмеси БШКга берилип, каттоодон өткөндөн кийин алар үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Алар референдумга коюлган маселенин кайсы бөлүгүн жактаса, добуш берген күнгө бир сутка калгыча ошонун пайдасына иш жүргүзө алат».

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев он чакты кишиден турган демилгечи топ түзгөнүн билдирди. Бул топ 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда парламенттик башкарууну тандоо үчүн үгүттөөгө ниеттенүүдө. Бекешев бул тууралуу БШКга арыз бергенин айтты:

«Эми алар карап чыгып уруксат беришсе, үгүт иштерин баштайбыз. Учурда эл ичинде «президенттик башкаруу эле жакшы экен» деген пикир күч. Бирок ошого карабай биз парламентаризмдин артыкчылыктарын түшүндүрүп бергенге аракет кылабыз. Аймактарды кыдырып, элге жолугууга каражатыбыз жок. Ошондуктан социалдык тармактардан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгып турабыз».

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева - конституциялык реформага каршы чыккан активисттердин бири. Ал айрым активисттер жана юристтер конституциялык референдумга каршы топ түзүп, БШКдан каттоодон өтүү алдында турганын белгиледи. Алардын тобу шайлоо бюллетениндеги «бардык варианттарга каршы» деген графаны жактайт.

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева.

«Биздин топ мыйзам талаасында элди үгүттөйт, - деди ал. - 2020-жылдын сентябрь айынан баштап, 2021-жылдын июль айына чейин Кыргызстанда саясий вакуум болот. Биздин негизги максатыбыз - туруктуу бийлик бутагы жок болуп жатканын элге жеткирүү. Учурда өлкөдө экономикалык жана социалдык маселелер чечилбей жатат. Азыркы иштеп жаткан Конституция бул маселени чечүүгө толук мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан биз аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрөбүз. Азыр элге Конституциянын өзгөрүшүнүн кереги жок. Аларга социалдык маселесинин чечилиши керек. Конституциянын өзгөрүшү менен элдин жашоосу оңолуп кетпейт. Бул саясий күчтүн кызыкчылыгына тиешелүү каражат».

Кыргызстандын эгемен тарыхында бийликтин демилгеси менен Конституцияны алмаштыруу, өзгөртүү боюнча баш-аягы тогуз жолу референдум болуп, анын бири да өткөн жок деп табылган эмес.

Башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум да бийлик каалагандай болорун саясатчылар алдын-ала эле божомолдоп жатышат. Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков азыркы бийлик элдик добуш берүүнү дайындоо менен жоопкерчиликти элдин өзүнө оодарып жатат деп эсептейт.

«Башкаруу системасын өзгөртүш үчүн референдум туура эмес болуп жатканын бир катар юристтер айтып эле жатышпайбы. Чындап айтканда анын элге кереги деле жок. Элдин башын айлантып, чаташтырып жатышат. Коомчулукта Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары «чимкирик» аталгандан кийин азыр эл президенттик башкарууну каалап турат. Азыркы бийлик мына ушул кырдаалдан пайдаланып, өз кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөп жатат. Бирок референдум өткөргөн бийлик – бул эң алсыз бийлик деп айтат элем. Алар конкреттүү эмне кылышты билбейт. Кийин «эл өзү тандаган» деп кутулуп кетишет», - деди ал.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев эл президенттик башкарууну колдоп жатат деп эсептейт. Ал өзүнүн оюн мындайча негиздеди:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Биз парламенттик башкарууну камсыз кыла албай койдук. Бийликке келген президенттер бийликти узурпациялап алышты. Айрыкча Атамбаев менен Жээнбековдун бийлиги супер президенттик башкаруу болду. Акаевдин акыркы он жылдык бийлигин жана Бакиевдин башкаруусун да кошсок болот. Ошондуктан элдин негизги талабы - жоопкерчиликти бир кишиден сурап-билүү болду. Мен башында парламенттик башкарууну колдоп жүрчүмүн. Бирок эл ага даяр эмес экен. Азыр мен президенттик башкарууну колдоп жатам. Бир киши жооп берсин. Бирок анын жоопкерчилиги жаңы Баш мыйзамда катуу каралып жатат».

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен кошо өтөт. Референдумда жарандарга «Парламенттик башкарууну колдойсузбу же президенттик башкарууну колдойсузбу?» деген суроо коюлат. Ошондой эле бюллетенде «бардык варианттарга каршы» деген бөлүгү да бар.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөн жумада чукул кабыл алган. Ага бюджеттен 40 миллион сомдой каражат жумшалат.

XS
SM
MD
LG