Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Абактан куткарган экономикалык мунапыс


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда чукул кабыл алды. Бул Кыргызстанда экономикалык кылмыш боюнча шек саналгандарга жеңилдик берген экинчи документ болуп калды.

Парламент «Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун 23-декабрда карап экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Анын авторлорунун түшүндүрмөсүнө ылайык, документ бюджетте каражат тартыш болуп турган учурда экономикалык жана салыктык кылмыш кылгандардан акча өндүрүп казынаны толтурууга, түрмөдөгү адамдарга гумандуу мамиле кылууга багытталган.

Ага президент кол койсо экономикалык кылмыш үчүн соттолгон адам мамлекетке келтирилген зыянды эки эсе кылып төлөп берсе түрмөдөн чыгат. Ошондой эле коомго же жеке адамга келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтургандар жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзам иштеп кетсе көмүскөдөгү каражат ачыкка чыгып, экономикага бир топ эле пайда болорун айтты:

Бекболот Алиев.
Бекболот Алиев.

«Мыйзам долбоорлору комплекстүү иштелип чыкты. Эми маалыматты жакшы таратсак бул көмүскөдөгү кирешелерди, мүлктү ачыкка чыгарат деп ишенебиз. Болжол менен 135-150 млрд. сом каражат көмүскөдө болсо, ошонун жарымын ачыкка чыгарып алсак жакшы болмок».

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ушул тапта экономикалык кылмыштарга байланышкан 1 332 иш тергелип жатат. Анын чыгымы 175 млн. сомго бааланган.

Премьер-министрлик кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 21-октябрда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялаган. Ал бул өнөктүктү бюджетти толтуруу, өлкөдөн чыгып кеткен мыйзамсыз капиталды, оффшордук эсептердеги акчаны кайра кайтаруу менен түшүндүргөн.

Жапаров укук коргоо органдары менен кызматташып, акчаны экономикага кайрып бергендерге административдик жана экономикалык кечирим берилерин айткан. Ал мурдагы жетекчилерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге кайрылган.

Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары берген акыркы басма сөз жыйынында Жогорку Кеңеште экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам каралып жатканын кабарлаган. Көп өтпөй азыр сөз кылып жаткан документ талкууга чыгарылган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңеште шашылыш кабыл алынган мыйзам долбоорун жемкорлордун лоббиси катары баалады:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Бул мурда табылган байлыктын баарын мыйзамдаштырып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн жолу. Экономикалык мунапысты дүйнөлүк практиканы изилдеп чыгып, алардын тажрыйбасын колдонуп, укуктук базасын Кыргызстандын шартына ылайыкташтырып, анан коомдук талкууга чыгарыш керек эле. Азыркы мыйзам болсо бир ууч байлардын, олигархтардын, коррупционерлердин кызыкчылыгы үчүн жазылганы түшүнгөн кишиге айдан ачык эле көрүнүп турат».

Экономикалык мунапыс же ушуга окшогон өнөктүктөр Кыргызстанда алгач 2007-жылы жана 2009-жылы, кийин 2010-жылы жана 2013-жылы ишке ашкан экен. Бирок анын жыйынтыгы менен көмүскө экономиканын үлүшү азайган деле эмес. Муну өкмөт да моюнга алды.

Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Гүлшат Асылбаева «мыйзам жемкорлорго жеңилдик берет» деген сынга мындайча жооп берди:

Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

«Экономикалык мунапыс коррупциялык, кызматтык иштерге тиешеси жок. Сот жоопкерчилигинен качып чет өлкөдө жүргөндөргө жайылтылбайт. Ошондуктан кам санабай эле койсоңор болот».

Гүлшат Асылбаева «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып жарандык коомдун сынына кабылганы менен белгилүү. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынан талапкер болуп катышкан.

Долбоордун автору катары Жогорку Кеңештин дагы башка депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров көрсөтүлгөн. Белгилүү болгондой Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова ээлик кылган компанияларынан жашырылган салыктары үчүн бюджетке 28 млн. сом төгүп берген.

Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзамга үндөш эле «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон. Ага ылайык, өлкөдө 70 млн. сомго чейин мыйзамсыз жол менен, анын ичинде коррупциялык иштерден табылган каражатты, мүлктү өз ыктыяры менен декларациядан өткөргөндөр эч кандай жазага тартылбайт.

Ал да жемкорлор үчүн кабыл алынган мыйзам катары бааланып, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «кийинки жыл коррупционерлер үчүн бейиш жылы болот» деп айткан. Себеби, документ 2021-жылдын башынан тартып аягына чейин иштейт.

Саясат талдоочу Гүлжигит Исаков экономикалык кылмыштарга байланыштуу кабыл алынган соңку мыйзамдар тууралуу пикири менен бөлүштү:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Буга чейин 45 млн. сомдон көп кирешеси барлар каражатын ачыкка чыгарса, анын бир пайызын бюджетке төлөйт деген өнөктүк болгон. Мыйзам кабыл алынганы менен иш жүзүндө ал иштеген жок. Анда бүгүнкү күнгө караганда экономикалык, саясий абал туруктуу болчу. Ошого карабастан көмүскө экономика ылдыйлаган жок. Азыр көмүскө экономика расмий эмес 60-70%. Расмий түрдө 35-37% тегерегинде. Практикада мыйзам иштебей турганын көрдүк. Бул утурумдук гана конъюнктуралык чечим. Элди алаксытып, «акча түшүп жатат, мына» деп сооротуш керек. «Биз мына, сөзүбүзгө турдук» деген гана шылтоо».

Гүлжигит Исаков мөөнөтүн кийинки жылдын июнь айына чейин узартып алган Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө да токтолуп, парламенттин VI чакырылышы кабыл алган мыйзамдар кийин суроо жаратарын эскертти. Бул маселени саясатчы Кубанычбек Кадыров да көтөрдү:

«VI чакырылыш ушундай мыйзамдарды жанталашып кабыл алып жатканы туура эмес. Кыргызстан бир жолго түшүп, таза саясатчылар келгенде бул маселенин баары көтөрүлөт. Ошондо мыйзамсыз чечим кабыл алгандарды жоопко тартыш керек. Себеби, бүгүнкү парламентти эл тааныган жок. Алардын ишин юристтер, эксперттер, керек болсо эл аралык коомчулук мыйзамсыз деп жатат».

Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам долбоорун бир күндө дароо үч окууда кабыл алган. Ага ушул эле күнү ошол учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кол койгон. Анда парламенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтөт деп жазылган жана Жогорку Кеңештин иш мөөнөтү ошого чейин узартылган.

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG