Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Бишкек: 45 мандат үчүн ат салышуу ниетин 30 партия билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга ат салышуу ниетин бүгүнкү күнгө - 28-февралга карата 30 партия билдирди. Бул тууралуу шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов маалымдады.

Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары 4 жыл иштейт.

Азыркы чакырылыш 2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген. Анда шайлоого 14 партия катышкан.

2012-жылкы шайлоодо 45 орунга 23 партия ат салышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (RK)

XS
SM
MD
LG