Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Spotify Кыргызстанда иштей баштады


Spotify деп аталган белгилүү аудио стриминг (аудио агым) интернет кызматы дагы 85 мамлекетте иштей баштады. Бул тууралуу аталган компания расмий сайтына жазып чыкты. Анын арасында Борбор Азия чөлкөмүнөн Кыргызстанда, Өзбекстанда, ошондой эле Пакистан, Армения, Грузия, Азербайжан, Монголия жана башка өлкөлөр бар. Муну менен компания 1 миллиард колдонуучу табууну көздөп жатат.

Аудио агым кызматы интернет колдонуучуларга музыкалык чыгармаларды, аудиокитептерди, подкасттарды акысыз жана легалдуу угууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге музыка менен алектенген адамдар өздөрүнүн чыгармаларын элге жайылта алат.

Ар бир жаңы өлкөгө чыгуу менен компания авторлорго чыгармаларын жаңы бийиктиктерге алып чыгууга, кызыгуусун кесипке айлантууга түрткү болооруна ишенет. Бул үчүн жергиликтүү уюмдар жана шериктештер аркылуу иштешмекчи.

Белгилеп кетсек Spotify былтыр жайында Орусия, Украина, Казакстан жана бир катар өлкөлөрдө иштей баштаган.

2006-жылы Швецияда түптөлгөн Spotify аудио агым интернет кызматы учурда 170тен ашуун мамлекетке жайылды.

Spotify вебсайттан сырткары смартфондордун баардык түрлөрүндө, смарт аудио жабдыктарында жана автоунаа медиа системаларында жеткиликтүү. Spotify дүйнөлүк аудио агымдардын 36% ээлейт. Кыргызстанда Spotify сыяктуу кызматты буга чейин Apple iTunes, Яндекс-Музыка компаниялары көрсөтүп келген. (SA)

XS
SM
MD
LG