Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Казакстан: "Кеттлинг" бөгөтү коштолгон нааразылык чаралары өттү


Нур-Султан шаарындагы нааразылык чарасы. 2021-жылдын 28-февралы.
Нур-Султан шаарындагы нааразылык чарасы. 2021-жылдын 28-февралы.

Жекшембиде (28-февралда) Казакстандын бир катар шаарларында авторитардык бийлик системасына каршы нааразылык чаралары өткөрүлдү. Алардын көпчүлүгүнө бөгөт коюу үчүн казак полициясы "кеттлинг" ыкмасын колдонуп, жыйындын катышуучуларын чар тарабынан тороп алышты жана айрымдарын четинен кармап кетишти.

28-февралда эки саясий уюм Казакстандын бир нече аймактарында нааразылык чараларын өткөрүүнү пландаган. Алардын бири активист Жанболот Мамай башында турган “Демократиялык партия” түзүү демилгелүү тобу, экинчиси - бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы болчу. Бул уюм Казакстанда тыюу салынган. Оппозициянын тарапкерлери белгиленген жерлерге чогула баштаганда эле, полициянын каршылыгына кабылды.

Алматы: "Назарбаев хан эмес, казак калкы мал эмес!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:22 0:00

Алматыда Балбан Шолак атындагы сарайдын алдында Жанболат Мамайдын 20дан ашык тарапкерлерин полиция курчап алды.

"Кеттлинг" ("казанчага" камалоо) деп аталган мындай чет элдик ыкманы казак полициясы акыркы кезде байма-бай колдонуп, митингчилерди бир нече сааттап курчай турган болду.

Казакстандагы нааразылык чарасы.
Казакстандагы нааразылык чарасы.

Полиция нааразылык чарасынын катышуучуларын күч менен курчаган маалда, кимдир-бирөөнүн кабыргасы сынганы боюнча маалымат айтылып, Тез жардам унаасы келди. Бирок нааразылык чарасы учурунда жараат алгандар жөнүндө маалымат ырасмий түрдө тактала элек.

Окуяны чагылдырган журналисттерди полиция курчоодо тургандарга жакын жолотушкан жок. Бирок нааразылык чарасына каршы экенин билдирген айрым адамдар кеттлингде тургандарга жакын барышып, “Мамай - уятсыз!” деп кыйкырып кетип жатты.

Алматы полициясы нааразылык чарасынын катышуучусун кармап кетүүдө. 2021-жылдын 28-февралы.
Алматы полициясы нааразылык чарасынын катышуучусун кармап кетүүдө. 2021-жылдын 28-февралы.

Ал эми митинг өткөрүү пландалган дагы бир жай - Алматыдагы Горький сейилбагы - “санитардык күн” деген түшүндүрмөгө ылайык жабык турду. Бирок оппозициянын тарапкерлери анын жанына чогулган маалда, полиция алардын өкүлдөрүн күч менен кармап кетти.

“Саясий туткундарга боштондук!”, “Назарбаев - диктатор!” деп ураан чакырган адамдардын 50дөйү дал ушул жерде кармалганы белгилүү болду.

Өлкө борбору Нур-Султанда болсо былтыр тергөө абагында табышмактуу жагдайда каза болгон активист Дулат Агадилди эскерүү үчүн мечиттин жанына чогулгандарды полиция бекем курчады.

Мечит жабык болгондуктан, сыртта Агадилге арнап куран окулуп бүтөрү менен активисттерди полициячылар дароо камоолго алып, бир нече саат коё берген жок.

Бул күнү Нур-Султанда 10 градуска чейин суук болуп, кар тынбай жаап жатты.

Алматы шаарында тынч демонстранттарды курчоого алуу учуру. 2021-жылдын 28-февралы.
Алматы шаарында тынч демонстранттарды курчоого алуу учуру. 2021-жылдын 28-февралы.

Нааразылык чарасынын катышуучулары “Саясий туткундарга боштондук!" деп кыйкырышты жана жакында Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама жарыялаган Европарламентти айрым казак аткаминерлерине каршы санкция салууга үндөштү.

Алардын бири:

“Назарбаев резолюцияны урганы жок, ага баары бир. Токаев да Европарламенттин резолюциясына маани бербейт, ал эч качан аны аткарбайт. Биздин өкмөт легитимсиз, эч качан адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди сактаган эмес жана аткарбайт. Мен саясий активисттерди куугунтуктагандарга тиешеси барлардын баарына жекече санкция салууну талап кылам", - деп "Азаттыкка" билдирди.

Бул жаран айтып жаткан Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюцияны Европарламент быйыл 11-февралда кабыл алган. Анда Казакстанда саясий негиздеги иштерди кыскартып, оппозиция өкүлдөрүнө карата куугунтуктарды токтотуу чакырыгы камтылган.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары билдиргендей, Нур-Султанда курчоодо тургандарга өлкөдөгү Жазуучулар Биримдигинин Нур-Султандагы бөлүмүнүн башчысы Даулеткерей Капулы барып, мындай митингдерди сынга ала сүйлөдү.

Тасма. Акын Даулеткере Капулы демонстранттарды сынга алды. 2021-жылдын 28-февралы.

“Кеттлинг - адам укугун бузуу эмеспи?” деген кабарчылардын суроосуна акын Капулы: “Бардык нерсенин жолу, жөнү бар. Мыйзам деген нерсе бар. Бул кишилер бийлик органдарынын айткандарына көнбөгөн үчүн кармап турса керек”, - деп жооп кайтарды

Курчоодо калган үч аял дааратканага баруу үчүн суранган учурда коё берип, бирок аларды дароо полиция кармап кетти. Полиция үшүгөндөрдү автобустарда жылынууга чакырууда, бирок дал ушундай жол менен кармап кетет деген митингчилер андан баш тартышты.

Жыйынтыкта үч сааттан ашык полициянын курчоосунда турган кишилер бошонуп, акыры тарап кетишти.

Буга чейин укук коргоочулар митингчилерге карата "кеттлинг" (Kettling) деген ыкманын колдонулушун кыйноого барабар деп билдиришкен.

Полиция буга чейинки нааразычылык чараларынын катышуучуларын бир нече сааттап эч жакка коё бербей курчап турган учурлар көп катталган.

Бийликтен саясий реформаларды жүргүзүүнү жана саясий туткун деген адамдарды абактан бошотууну талап кылган чаралар Орол (Уральск), Семей, Чымкент, Актөбө сыяктуу шаарларда да өттү.

Тасма. Актөбө шаарындагы нааразылык жыйын. 2021-жылдын 28-февралы.

Булардын ичинен Орол (Уральск) шаарында гана нааразылык чарасын өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат берген. Бул калаадагы нааразылык жыйыны үчүн аянтка 350дөй киши чогулду.

Орол шаарындагы уруксат кылынган нааразылык жыйынында "Назарбаев - диктатор" деген көрнөк да көтөрүлүп турду. 2021-жылдын 28-февралы.
Орол шаарындагы уруксат кылынган нааразылык жыйынында "Назарбаев - диктатор" деген көрнөк да көтөрүлүп турду. 2021-жылдын 28-февралы.

Алар “18 миллион калкы бар өлкөдө бир гана киши башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу туура эмес экенин” айтып, бийликтин алмашуусу, акимдерди шайлоо аркылуу тандоо керектигин белгилеп жатышты. Алар "Назарбаев - диктатор", "Чал, кет!" деген плакаттарды кармап, кыйкырып жатышты.

Дал ушул "Назарбаев - диктатор" деген плакатты экстремисттик деп атаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айрым жигердүү катышуучуларды опузалаган учурлар кабардалды.

Ал эми 28-февралда Актөбөдө нааразылык чарасына чыккан 10 кишини полиция кармап кеткени белгилүү болду. Семейде болсо нааразылык чарасына келе жаткандарга полиция тоскоолдук кылып, активисттердин чогулганына мүмкүнчүлүк берген жок.

Макс Бокаев (ортодо) Атырау шаарынын борбордук аянтында. 2021-жылдын 28-февралы.
Макс Бокаев (ортодо) Атырау шаарынын борбордук аянтында. 2021-жылдын 28-февралы.

Ал эми Атырауда болсо 5 жыл абакта жатып чыккан активист Макс Бокаев ушул айдын башында эркиндикке чыккан. Бокаев полиция жыйынга катышкандарды камалоого далаалат жасай баштаганда, өз тарапташтарын таркатууга аргасыз болду.

Бу күнү өлкө боюнча журналисттер интернет байланыш улам-улам үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришти.

10-январда өткөн Мажилиске шайлоодо борбор баштаган бир катар шаарларда ондогон демонстранттар нааразылык чараларына чыккандыгы үчүн кармалышкан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG