Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

15 жыл мурун киши колдуу болгон оппозиционер Алтынбек Сарсенбаевди эскеришти


Алтынбек Сарсенбаевдин мүрзөсү. Алматы, 11-февраль 2021-жыл
Алтынбек Сарсенбаевдин мүрзөсү. Алматы, 11-февраль 2021-жыл

Казакстанда 2006-жылы киши колдуу болуп өлгөн оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди эскеришти.

15 жыл мурун саясатчыны жан сакчысы жана айдоочусу менен кошо Алматы шаарында уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин сөөктөрүн тоолордон табышкан. Адам өлтүрүү иши боюнча эки өкүм чыкса да, Сарсенбаевдин жакындары жана санаалаштары кылмыштын бети ачылган жок деп эсептешет. Мурдагы финансы жана маданият министри 2004-жылы оппозицияга өткөн.

43 жаштагы саясатчынын көзүн тазалоо буйругун сенаттын ошол кездеги аппарат жетекчиси Ержан Утембаев бергени, ал өзүнүн аты аталган эски макала үчүн өч алууну көздөгөнү аныкталган. Аткаруучу, мурдагы милиционер Рустам Ибрагимов өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Улуттук коопсуздук комитетинин “Арыстан” деген атайын бөлүгүнүн бир нече офицери соттолгон.

2014-жылы Ибрагимов жаңы көрсөтмө бергенден кийин иш кайра каралган. Башкы прокуратура өкүмдү кайра карап чыгуу, Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевге жана атайын кызматтын мурдагы төрагасы Альнур Мусаевге иш козгоо керек деген бүтүмүн Жогорку сотко жөнөткөн. Экөө тең айыптарды четке кагышкан. Алар ошол маалда чет өлкөлөрдө жүргөн.

Мурдагы кайын атасы менен ачык тирешүүгө өткөн Алиев “Кесеп кайын ата” китебинде кылмышка буйрук бергендерди Казакстан бийлигинин жогорку жетекчилигинде издөө керектигин жазган.

Сарсенбаевдин санаалаштары анын өлүмүнөн кийин Казакстандагы оппозиция чабал болуп калды деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG