Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Казакстандын бийликтеги партиясы Мажилисте үстөмдүгүн сактап калмакчы, ал эми демонстранттар убактылуу кармалды


Актөбө шаарындагы нааразылык чарасына чыккандардын бирин полиция кармап кетүүдө. Казакстан. 2021-жылдын 10-январы.
Актөбө шаарындагы нааразылык чарасына чыккандардын бирин полиция кармап кетүүдө. Казакстан. 2021-жылдын 10-январы.

Казакстандагы бийликтеги “Нур-Отан” партиясы оппозициялык партиялар эч катышпаган парламенттик жана жергиликтүү шайлоодо ири жеңишке жетишкендиги маалымдалды. 10-январда өткөн Мажилиске шайлоодо өлкөнүн борбору да камтылган шаарларында бир нече ондогон демонстранттар нааразылык чараларына чыккандыгы үчүн кармалышты.

Авторитардык бийлиги менен таанымал мурдагы президент Нурсултан Назарбаев негиздеген “Нур-Отан” партиясы бейрасмий экзит сурамжылоонун натыйжасында дээрлик 72 пайыз добушка ээ болгондугу кабардалган.

Нур-Султан убакыты боюнча 11-январга караган түнкү 00:00дөн саал өткөн соң, Мажилис менен маслихаттарга шайлоо жаатындагы экзит сурамжылоонун натыйжасы чыкты.

“Коомдук пикир” изилдөө институтунун маалымдашынча, парламенттин төмөнкү үйүнө (Мажилиске) бийликчил үч партия (“Нур-Отан”, “Ак жол” жана мурдагы коммунисттердин “Казакстан элдик партиясы”) өткөн:
“Нур-Отан” ("Нұр Отан") – 71,97 пайыз;
“Ак жол” ("Ақ жол") – 10,18 пайыз;
“Казакстан элдик партиясы” (“Қазақстанның халық партиясы”) – 9,03 пайыз.

Калган бийликчил эки партия 7 пайыздык босогодон өтпөй калды:
“Айыл” ("Ауыл") – 5,75 пайыз;
“АДАЛ” (“ADAL”) – 3,07 пайыз.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы 11-январда ачыкталмакчы.

Бул шайлоо – Казакстанды 30 жылга жакын башкарган Н.Назарбаевдин кызматтан кеткенинен кийинки доордо өлкөдө өткөрүлгөн алгачкы Мажилиске шайлоо болуп саналат.

Эл аралык байкоочулар Казакстандагы мурдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эркин да эмес, адилет да эмес болгонун, добуш бурмалоолор, оппозиция өкүлдөрүн кысмактоолор, эркин басмага чектөөлөр орун алып жүргөндүгүн көрсөтүп келишчү.

Бул жолу казак оппозициясы парламенттин төмөнкү үйүнө шайлоого бойкот жарыялашты. Алар Назарбаев дээрлик эки жыл мурда бийликтен саал көмүскө ролго чегинип кеткени менен, авторитардык бийликте эч кандай өзгөрүү болбогондугун нааразылык менен белгилешүүдө.

Шайлоо күнү көптөгөн демонстранттарды жана нааразылык жыйынын уюштурууга далаалат жасаган коомдук жигердүү жарандарды казак полициясы убактылуу кармады.

Арыстангали Заппаров. Нур-Султан ш., 2020-жылдын 25-февралы.
Арыстангали Заппаров. Нур-Султан ш., 2020-жылдын 25-февралы.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Арыстангали Заппаров 10-январдагы маалымат жыйынында:

Мыйзамсыз чараларды жана митингдерди уюштуруу жана ага катышууга чакыруу далаалаттары жасалды. Жергиликтүү аткаруу бийликтери менен прокуратура бул жарандарга иш-чаралардын мыйзамсыз экендигин, мындай аракетти токтотуу керектигин бир нече жолу эскертти, – деп айтып, убактылуу камалгандар акыры полиция тарабынан бошотулгандыгын билдирди.

“Азаттыктын” Казак кызматынын айтымында, Заппаров канча киши кармалгандыгы тууралуу суроону жоопсуз калтырган.

Өлкөнүн Алматы, Актөбө, Чимкент, Орол жана башка шаарларында жана борбор Нур-Султан шаарында оппозициячыл "Казакстан демократиялык тандоо кыймылынын" жана башка уюмдардын жигердүү өкүлдөрү тарабынан бийликке каршы нааразылык чараларын өткөрүү аракеттери жасалды.

Казак оппозициясы өлкөдө терең демократиялык реформаларды жүргүзүүнү талап кылышууда. (TT)

XS
SM
MD
LG