Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Казакстанда Эгемендик күнү санкцияланбаган митинг менен коштолду


«Ойгон, Казакстан» кыймылынын акциясы. Алматы, 16-декабрь, 2020-жыл.
«Ойгон, Казакстан» кыймылынын акциясы. Алматы, 16-декабрь, 2020-жыл.

Казакстанда 16-декабрь, Эгемендик күнүндө 1986 жана 2011-жылкы окуялардын курмандыктары эскерилүүдө. Алматыда ондогон киши шаар борборундагы монументтин жанына чогулуп, куран окуду. Чыгып сүйлөгөндөр бийликти 16-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялоого чакырышты. Дагы бир жерде «Ойгон, Казакстан» кыймылы акция уюштурган. Прокуратура ал иш-чара санкцияланбаган деп саналарын буга чейин эскерткен. Катышуучулар «Адилет шайлоо» деген ураандарды чакырып турушту. Маалыматтарга караганда, алар Астана аянтына бет алууга аракеттенгенде күч түзүмдөрү жолун торошту. «Азаттыктын» окуя болгон жердеги кабарчылары белгисиз бир адамдар чагымчыл аракеттерге барып, ортодо тиреш башталганын билдиришти.

1986-жылы 17-18-декабрь күндөрү казак жаштары ал кезде советтик жумурияттын жетекчилигине Кремль тарабынан Геннадий Колбиндин дайындалышына нааразы болуп чыгышкан. СССРдеги эң ири акциялардын бири катары тарыхка кирген митингдер күч менен басылган.

2011-жылы 16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын бир нече айлык иш таштоосу кан төгүү менен коштолгон. Тынч митингдин катышуучуларына каршы ок атышканда расмий маалымат боюнча 17 киши курман болгон. Жергиликтүү тургундар курман болгондор андан көп дешет.

XS
SM
MD
LG