Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Казакстанда оппозициячыл партия шайлоону бойкот кыларын жарыялады


Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү.
Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү.

Казакстандагы өзүн оппозициячыл атаган Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 2021-жылдын 10-январында өтчү парламенттик шайлоону бойкоттой турганын жарыялады. Мындай чечим партиянын 27-ноябрда өткөн жыйынында кабыл алынды.

Партиянын лидери Асхат Рахимжанов мындай кадамды Казакстандын саясий айдыңында мурдагы эле саясий элита көзөмөлдөп жатканы менен түшүндүрдү.

«Мурдагы эле эрежелер, мурдагы эле саясий партиялар катышып жатат», -д еп билдирди Рахимжанов.

Казакстанда расмий каттоодон өткөн алты партия бар. Алар - Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан сырткары бийликтеги «Нур Отан», бийликке жакын «Ак Жол», «Ауыл», «Бирлик», Коммунисттик элдик партиясы.

Казакстанда эки палаталуу парламент иштейт. Анын төмөнкү палатасы болуп саналган Мажлис 107 депутаттан турат. Мажлистин 98 депутаты партиялык тизме аркылуу шайланса, сегиз депутат өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган Казакстан эл ассамблеясынын квотасы менен келет.

Азыркы чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү 2021-жылы март айында бүтөт. Анын курамындагы көпчүлүктү бийликчил «Нур Отан» партиясынын депутаттары түзөт. Бул партия өткөн шайлоодо 84 мандатка ээ болгон. Ал эми калган мандаттар бийликчил болуп саналган «Ак жол» партиясына жана Коммунисттик партияга тийген.

Бул шайлоо өлкөнү 30 жылга жакын башкарган Нурсултан Назарбаев бийликтен кеткен соң өткөрүлгөн алгачкы парламенттик шайлоо болот.

XS
SM
MD
LG