Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:43

Назарбаевдин кара көлөкөсү


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Дүйнөлүк соода уюмунун басма сөз жыйынында. Женева, 27-июль, 2015-жыл.

Мурдагы металлург, Коммунисттик партиянын мурдагы төбөлү артына калаты мурас калтырууда.

Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда опсуз энергоресурстардын эсебинен жаралган экономикалык жетишкендиктер болду. Бирок алардын артында демократияга дегеле коошпогон, өкүмзор башкаруу, атаандаштарды абакка тыгуу, оппозициялык лидерлер менен активисттердин, журналисттердин табышмактуу өлүмдөрү тууралуу баяндамалар басылып, үнү угулбай келди.

Бийликте 1980-жылдардан бери турган Нурсултан Назарбаев быйыл 19-мартта мекендештери менен сырттагы байкоочуларды таңдандырып, президенттик милдетин башкага өткөрүп берерин жарыя кылды.

Мурдагы металлург, Коммунисттик партиянын мурдагы төбөлү артына калаты мурас калтырууда. Анын башкаруусунда экономикалык жетишкендиктер катаал бийликке басылып, демократиялык нормалар жок кылынып, эркин маалымат каражаттары жабылып, каршы чыккандар, оппозицияга жан тарткандын баары катаал жазага тартылып турду.

«Human Rights Watch» (HRW) уюму жакында эле жарыя кылган баяндамада айтылгандай, Казакстандын өкмөтү чогулуу жана сөз эркиндигин, дин тутуу укугун «катуу чектейт». «Freedom House» укук коргоо уюму Казакстанды «баары аралашкан авторитардык режим» деп атайт, анын баяндамаларында өлкө кийинки жылдары демократиядан тайып, катаал репрессияга ыктай баштаганы белгиленип келатат.

Сөз эркиндиги жаатында «Чек арасыз репортерлор» сынында Казакстан 2018-жылы дүйнөнүн 180 өлкөнүн ичинен 158-орунду алды. Ослодо жайгашкан дагы бир эл аралык абройлуу уюм Forum 18 Казакстан «дин эркиндиги менен ишенимди бекем ооздуктаган өлкө» деп жарыялап, диний ишеними үчүн эле абакка салынган адамдар арбып бара жатканын белгиледи.

Назарбаевдин президенттигинин тушунда журналисттердин, активисттердин, нааразылык иш-чараларына катышкандардын, ишкерлер менен саясатчылардын табышмактуу өлүмгө туш келгендери көп болду (алардын бир тобунун киши колдуу болушунун себеби ушул кезге чейин ачыла элек). Укук коргоочулар «жалган жалаа жаап, саясий себептен улам камакка алынды» деп айтып келаткан бийликтин каршылаштарын түрмөгө отургузуу күч алды. Былтыр ноябрь айында «Ачык диалог» фонду саясий камактагы деп эсептеген же эркиндиги чектелип аткан 40тан ашуун казакстандыктардын аты-жөнүн келтирди. Бул тизмеге киргендердин кыйласы блогерлер.

Жоголгондор жана табышмактуу өлгөндөр

Нури Муфтах.
Нури Муфтах.

Назарбаев бийликке келген 1989-жылдан берки дайынсыз жок болгондор жана табышмактуу өлүмгө туш келгендердин кыскача таржымалдары.

66 жаштагы белгилүү журналист Нури Муфтахты 2002-жылы жолдон тебелетип кетишти. Ал Тараздан Алматыга келатып автобус токтогондо сыртка чыга калган болчу.

Журналист Алексей Пугаев укук темасында жазчу, оппозициялык «Евразия» гезитин чыгарчу, 2002-жылы Алматынын так ортосунда автокырсыктан мерт болду.

40 жаштагы белгилүү эркин журналист Асхат Шарипжанов 2004-жылдын июлунда Алматынын так ортосунда баш сөөгү талкаланып, эс-учун жоготуп жаткан жеринен табылды.

Асхат Шарипжанов.
Асхат Шарипжанов.

Асхаттын бир тууган агасы Мерхат Шарипжанов ал кезде «Азаттыктын» казак редакциясын жетектечү. Бир нече күндөн кийин Асхат каза болду. Полиция «Асхат Шарипжановду машине коюп кеткен» деп билдирди, а бирок анын достору менен кесиптештери «алгач журналисттин башын жарып, андан соң «мүмкүн машине коюп кетсе керек» дегидей кылып коюшкан» деп эсептешет.

Ошол каранкүнгө чейин Шарипжанов оппозиция лидерлери Алтынбек Сарсенбайулы менен Заманбек Нуркадиловдон интервью алган. Асхат иликтөө материалын даярдап жаткан. Баш-аягы билинип, даяр болуп калган материал, анын ичинде эки оппозиция лидери менен болгон маектер жок болду. Шарипжанов каза болгондон бир нече ай өткөн соң интервью берген эки оппозиция лидерлери да киши колдуу болду.

«Талап» гезитинин башкы редактору Юрий Баевди 2004-жылы Казакстандын батышындагы Уральск шаарында машине коюп, ошол жерден мүрт кетти. Ал жалпысынан «Казахгейт» деген ат менен белгилүү болгон мунай казуу тармагындагы паракорлукка байланышкан чуулгандуу иштер тууралуу жазчу.

Казакстандагы эң ири банк «Туран Алемдин» (БТА) жетекчиси, 37 жаштагы Ержан Татишев 2004-жылы карышкырларга аңчылык кылып жүргөн жеринде киши колдуу болду. Ал кездеги тергөө «банкирдин өлүмүнө ойдо жок кырсык себеп болгон» деген жыйынтыкка келген. Бирок бир топ саясатчылар Татишевдин табышмактуу жагдайда курман болушун «атайылап эле өлтүрүлгөнү көрүнүп турат» деп билдиришкен. Чет жерде жашап жаткан БТА банктын башкармалыгынын төрагасы («Туран Алем» банкы кийин ушундай атка көчкөн) Мухтар Аблязов 2018-жылдын ноябрында сыртынан соттолуп, казакстандык сот аны «Татишевди өлтүрүүнү уюштурган, ушул күнөөлүү» деп тапкан.

Батырхан Даримбет.
Батырхан Даримбет.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү, «Азаттыктын» казак редакциясынын мурдагы кабарчысы, оппозициялык «Азат» гезитинин башчысы, 54 жаштагы Батырхан Даримбет Жамбыл облусундагы табышмактуу автокырсыктан кийин алты күн гана жашады.

Мурдагы министр жана Алматынын акими, 60 жаштагы Заманбек Нуркадилов 2004-жылы оппозицияга кошулуп, президент Назарбаевди жемкорлук боюнча айыптап чыккан. 2005-жылы президенттик шайлоого үч жума калганда анын сөөгү Алматыдагы үйүнөн чыкты. Бул окуя Нуркадилов жогорку кызмат адамдарынын жемкорлукка батып калышын ырастаган документтерди жарыялай тургандыгын ачык билдиргенден кийин болду. Анын денесин тешип кеткен үч октун изин табышты, эки ок көкүрөгүнө, бири башына тийген. Расмий өкүлдөр Нуркадиловдун өлүмүн «өзүн-өзү өлтүрүү» деп билдиришти.

НТК телеканалынын алып баруучусу, 23 жаштагы Анастасия Новикованы «Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиевдин көңүлдөшү болушу ыктымал» дешчү. Ал да табышмактуу жагдайда 2004-жылы Бейрутта каза болгон. Ал ошол жерге төрөтканага барганы айтылат. Новикованын достору менен туугандары «Новиковага акыйкаттык» тобун түзүп, анын киши колдуу болушуна Алиевдин катышы бар экенин айтып чыгышкан.

Оппозиция активисти Елена Никитинанын 14 жаштагы кызы Оксана Никитина 2005-жылдын октябрында Алматыда жоголуп кетти. Кыздын сөөгү бир нече күндөн кийин табылды. Елена Никитина оппозициядан президенттикке талапкер болгон Жармахан Туякбайды колдогон топ башчынын орун басары болчу. Анын кызы жоголгонго чейин сурактарга чакырылып, полициянын кысымына кабылган, коопсуздук кызматтары «Адилет Казакстан үчүн» кыймылына кызыгышчу.

Алтынбек Сарсенбайулы (Сарсенбаев).
Алтынбек Сарсенбайулы (Сарсенбаев).

Казакстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, мурдагы маалымат министри, «Нагыз Ак жол» оппозициялык партиянын теңтөрагасы 44 жаштагы Алтынбек Сарсенбайулы (Сарсенбаев) Назарбаевдин саясий атаандашы болуп эсептелчү. Сарсенбайулы, жардамчысы Бауыржан Байбосын жана айдоочусу Василий Журавлев 2006-жылдын 11- февралында дайынсыз жок болушту. Эки күндөн кийин кыйнап киши колдуу болгон үчөөнүн сөөгү Алматы шаарынын четинен табылды.

37 жаштагы блогер Сакен Таужанов Назарбаевди сындаган онлайн-жарыялары менен окурмандарга белгилүү эле. Анын kub.kz сайтында жарыяланган соңку макаласында казак бийлигин белгилүү «Шрек» мультфильмине салыштырылган болчу. 2007-жылы Алматынын көчөсүндө бараткан Таужановду жүк машине коюп кетти. Соңку макаланын жарыяланганына беш күн болгон эле. Полиция Сакендин каза болушунан эч кандай шек-шыбаа тапкан жок.

«Укук жана акыйкат» жумалыгынын кабарчысы, 39 жаштагы Оралгайша Омаршанова Алматы облусундагы чечендер менен казактардын тирешин иликтеп жүргөн кезинде 2007-жылдын мартынын аягында дайынсыз жоголду. Омаршанова тирештин чоң саясат менен болжолдуу байланышын иликтеп аткан. Арадан 12 жыл өтсө да Омаршанова тууралуу дайындуу кабар жок.

Рахат Алиев.
Рахат Алиев.

Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, 52 жаштагы Рахат Алиев 2015-жылдын февралында Венанын түрмөсүндө асынып өлүп алганы кабарланган. Бир нече күндөн кийин ал сотто казакстандык банктын киши колдуу болгон эки топ-менежери тууралуу көрсөтмө бермек. Алиев Назарбаевдин улуу кызы Дариганын күйөөсү болчу. 2007-жылы күйөө бала кайнатасы менен келише албай калгандан кийин аялы менен сыртынан эле ажыраштырып коюшкан.

Башында Алиев кайнатасы Назарбаевдин жакын адамдарынын бири болчу, Казакстан өкмөтүндөгү бир топ жогорку кызматтарды аркалаган. Кайнатасы экөөнүн мамилеси 2007-жылы бузулду. Алиев Назарбаевди ачык эле сындап, кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коё тургандыгын билдирген.

Алиевдин атасы да уулунун артынан эле 2007-жылы Европага жер которгон, бирок ал тууган жерине кайтып келген. Мухтар Алиев Казакстанда уулу Вена түрмөсүндө асынып алардан бир ай мурун каза болгон. Австриянын бийлиги Рахат Алиевдин өлүмүн «өз жанын өзү кыйган» деп бүтүм чыгарган, бирок да жамы дүйнөгө таанымал сотмедэксперт «алгач Алиевди муунтуп өлтүрүп, анан асып коюшкан» деген бүтүмгө келген.

«Нурбанк» банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жолдас Тимралиев менен ушул эле банктын топ-менежери Айбар Хасенов Алматыда дайынсыз жок болуп кетишкени 2007-жылдын башында жарыяланган. Бийликтегилер бир топ жылдан кийин алардын сөөгү таштанды дөбөдөгү акыр-чикир таштачу темир бочкеден табылганын кабарлашты. Тимралиев менен Хасенов, «Нурбанктын» дагы бир менежери аларды Рахат Алиев бир сутка уурдап кетип кармап, аябай уруп-токмоктоп, Алматыдагы банктын имаратын сатууга мажбур кылганын билдиргенден бир нече убакыт өткөндөн кийин дайынсыз жоголгон. Кийин казак бийлиги Алиевди «банкирлерди өлтүрүүгө катышкан» деп айыптап чыкты, бирок Австрия президенттин мурдагы күйөө баласын өлкөсүнө кайтарып берүүгө макулдук бербей койгон.

Жаңы-Өзөн окуялары

Жаңы-Өзөндө 2011-жылдын декабрында бери дегенде 17 адам мерт болгон. Айлык акыны көтөрүп, иш шартын жакшыртууну талап кылган мунайчылар тынч иш таштоо уюштурганда бийлик аларды аттырган. Демонстранттар полициянын огунан ондогон адамдар курман болгонун айтышса, аткаминерлер андан аябай эле аз санды келтиришет.

Жаңы-Өзөндүн үстүндөгү уюлгуган түтүн. 16-декабрь 2011-жыл.
Жаңы-Өзөндүн үстүндөгү уюлгуган түтүн. 16-декабрь 2011-жыл.

Кармоо, куугунтук, түрмө

Назарбаевдин бийлигинин тушунда ондогон жогорку кызмат адамдары, ишкерлер, журналисттер, активисттер кармалып, түрмөлөргө камалды, куугунтукка кабылды, алардын көпчүлүгү Казакстандан сыртка качууга мажбур болушту. Алардын айрым белгилүүлөрүн санап өтөлү.

Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

БТА банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен. Мекенинде аны «БТА банктан миллиарддаган долларларды уурдап алып чыгып кеткен» деп айыпташат. Издөө жарыялангандан кийин Аблязов Францияда кармалып түрмөгө камалган. Ал жерде үч жыл отуруп бошонуп чыккан. Аблязовдун коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Александр Павловго да казак бийлиги издөө жарыялаган. Ал Испанияда кармалып, абакта бир жылдан ашуун отурду. Павловду казак бийлиги террорчулук жана уурулук боюнча айыптап, аны жерине кайтарып берүүнү талап кылууда.

Акежан Кажегелдин.
Акежан Кажегелдин.

1994-1997-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы Акежан Кажегелдин кызматтан кеткенден кийин Назарбаевди өкүмзор бийлик ыраатын түзүп алгандыгы үчүн сынга алган. 1999-жылы Кажегелдинди президенттик шайлоого талапкер катары катыштырбай коюшкан, андан аз өтпөй «өлкөдө төңкөрүш кылуу максатында кутум уюштурган» деп айыптап чыгышкан. Ошол эле 1999-жылы Кажегелдин Батышка кетип, ушу тапта Лондондо жашайт. Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенден кийин ал «Настоящее время» журналисттери менен болгон маегинде эгер эркин жана калыс шарт болсо Казакстандагы президенттик шайлоого талапкер катары катышарын билдирди.

«Казатомөндүрүш» улуттук компаниясынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишевге 2009-жылы, көпчүлүк байкоочулардын байкоочулардын баамында, саясий ыңгайга ыктаган айыптарды коюшту. 2010-жылы Жакишев 14 жылга түрмөгө кесилген.

«Евразия инвестициялык өнөр жай тобунун» башчысы Татьяна Параскевич 2012-жылы Батыш өлкөлөрүнө кеткен, ушу тапта Чех Республикасында жашайт. Ал Аблязов менен чогуу иштешкен. Чехияда Параскевич эки жыл камакта отурду, аны Казакстанга кайтаруу өтүнүчү мыйзамсыз экенин аныктоого ушунча убакыт кетти. Казакстандын бийлиги аны Аблязовдун «кылмыштуу тобуна» кошулуп алып уурулук кылган деп айыптап келет.

Галымжан Жакиянов.
Галымжан Жакиянов.

Павлодар облусунун мурдагы акими, ишкер жана оппозиция башчысы Галымжан Жакиянов 2002-2006-жылдары «кызматынан кыянат пайдаланган» деп айыпталып түрмөдө отурган. Эл аралык укук коргоо уюмдары аны саясий туткун деп таанышат. Түрмөдөн бошонгондон кийин Жакиянов Казакстандан Кошмо Штаттарга кеткен.

Журналист жана саясатчы Владимир Козлов 2005-жылы «Алга» оппозициялык партиясын түзгөн. 2011-жылы президентикке талапкерлигин койгон, бирок аны президенттик шайлоого талапкер катары катыштырышкан эмес. 2012-жылы Козловду «Жаңы-Өзөндөгү нааразылык билдирип чыккан мунайчыларды колдоп, социалдык чагымчылык кылган» деп айыпташкан. Козлов жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Владимир Козлов 2016-жылы эркиндикке чыкты.

Казакстандын экономика министринин мурдагы орун басары, «Алга» оппозициялык партиясынын жетекчиси Муратбек Кетебаев 2010-жылы республикадан сыртка чыгып кеткен. Ал «Республика» гезитинде жарыяланган, казак өкмөтүндөгү жемкорлук менен тааныш-билиштик тууралуу макалаларынан улам катаал кысымга туш келген. Кетебаевге «теракттарды даярдап жатат» деп айып коюшкан. Учурда саясий башпаанек алып Польшада жашап жатат.

Пит Баумгартнер

Макаланы даярдоого Брюс Панниер менен Мерхат Шарипжанов көмөктөштү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG