Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Бирма: полиция демонстранттарга ок атып, көп киши набыт кетти


Бирмадагы кезектеги нааразылык чарасынан көрүнүш.
Бирмадагы кезектеги нааразылык чарасынан көрүнүш.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы Бирма (Мьянма) мамлекетинде полиция 28-февралда аскердик төңкөрүшкө каршы демонстрацияга чыккандарга ок ачып, кеминде 18дей киши набыт кетти. Бир нече адам жаракат алды. Янгондогу мугалимдердин нааразылык чарасын күч менен кууп таратуу учурунда дагы 1 киши жүрөгүнөн кармап каза болгону кабарланды.

Аскердик режимге каршы нааразылык чаралары өлкөнүн бир нече шаарында өттү. Анда полиция алгач желим окторду колдонсо, кийинчерээк кадимки ок менен демонстранттарды аткылай баштаган.

Калкынын көпчүлүк бөлүгү буддизмди тутунган өлкөдөгү биринчи католик кардиналы Чарлз Мауниг Бо 28-февралда Бирма “айыгышкан cалгылашуу талаасына окшоп турат" деп "Твиттердеги" барагына жазды.

Кардинал Мауниг Бонун "Твиттердеги" барагындагы маалыматына караганда, өлкөдө 18дей киши набыт кетти, 30дай киши жаракат алды. Кардинал аскер жетекчилигин куралсыз калайыкка ок атууну жана зомбулук аракеттерди токтотууга чакырды.

Бирма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган эле.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы "парламенттик шайлоону бийлик таза өткөргөн жок" деген шылтоону жүйөө катары карманып жатат.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан Бирмадагы мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG