Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Бирмада кармалгандарды бошотууга чакырды


Бирма (Мьянма).
Бирма (Мьянма).

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши Бирма (Мьянма) жетекчилигине кайрылып, төңкөрүштөн кийин кармалган адамдардын баарын бошотууга жана өлкөдө жарандык башкарууну калыбына келтирүүгө чакырды.

Кеңештин билдирүүсүндө 1-февралдагы аскердик төңкөрүшкө каршы чыгып жаткан адамдардын саны жүз миңдеп саналары, шайлоо аркылуу бийликке келген Аун Сан Су Чжиден тышкары активисттер, журналисттер, студенттер, монахтар, жалпысынан 350 адам кармалганы айтылды.

Генералдар 1-февралда бийликти төңкөрүш жолу менен алып, өлкөнүн лидерлерин камап, бир жылга өзгөчө абал жарыялаган. Алар ошондой эле төңкөрүшкө каршы чыккандарды «туруктуулукка коркунуч жаратып жатат» деп, аларга катаал чаралар көрүлөрүн эскертишкен.

Демонстранттар жарандык өкмөттүн кайра калыбына келишин, камалгандардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Азыркы бийлик баш калаа Нейпидодо жана башка ири шаарларда беш адамдан көп топтолууга тыюу салган. Ошондой эле ири каршылык акциялары өтүп жаткан аймактарда түнкүсүн коменданттык саат киргизген.

XS
SM
MD
LG