Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Хунтага каршы айбат кылган бирмалыктар

Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.

2021-жылы 1-февралдагы Бирмадагы хунта уюштурган төңкөрүштө Аун Сун Су Чжи айымдын демократиялык жол менен шайланган өкмөтү кулатылган.

Ошондон бери Бирма жумуриятында саясий кризис улам курчуп келет (бул өлкө аталышына кылым башында аскер жетекчилиги “Мьянма” аталышын да таңуулаган, бирок алигиче калайык тарыхый “Бирма” аталышын колдонууда).

Бирмадагы демократияны жактаган коомдук жигердүү өкүлдөр эл аралык коомчулукту өз таламдарын колдоо кылуу үчүн нааразылык жыйындарга чыгууга үндөп жатат.

Өлкөдөгү демократиялык кыймылдардын иш-аракетин хунта ырайымсыз жазалап, интернетти өчүрүп салып жатканына карабастан, нааразылык чаралары жаңы күч менен улантылууда.

Бул сүрөт баянда 16-мартка чейинки айрым сүрөттөр камтылды.

XS
SM
MD
LG