Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

БУУнун баш катчысы Бирмадагы зомбулукту күчөтүүгө "таптакыр жол берилбейт" деди


Бирмалык демонстранттар хунтага каршы нааразылык жыйынга чыгышты. Моунъюа (Монива) шаары, Бирма. 2021-жылдын 29-марты.
Бирмалык демонстранттар хунтага каршы нааразылык жыйынга чыгышты. Моунъюа (Монива) шаары, Бирма. 2021-жылдын 29-марты.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 29-мартта Бирмадагы аскердик хунтага кысым көрсөтүү үчүн эл аралык биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды. Бул өлкөдө өткөн дем алыш күндөрү 100дөн ашуун демонстранттын хунта күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшүн Гутерриш "таптакыр жол берилгис" жосунсуз окуя катары айыптады.


29-мартта эртең менен Бирманын эң ири шаары Рангунда бир киши коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөнү кабарланган. Эң кандуу күн болуп калган ишембидеги окуяларга карабастан, 29-мартта да миңдеген калайык Бирмадагы ар кыл шаарлардын жана шаарчалардын көчөлөрүнө кайтып чыгып, хунтага каршы нааразылык чараларын улантышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш. Нью-Йорк. 2020-жылдын 21-сентябры.
Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш. Нью-Йорк. 2020-жылдын 21-сентябры.

БУУнун баш катчысы Гутерриш: "Калайыкка карата зордук-зомбулуктун ушунчалык жогорку деңгээлде болушун, ушунча кишинин өлтүрүлүшүн көрүү, ошондой эле бардык саясий туткундарды бошотуу жана өлкөнү олуттуу демократиялык өткөөл мезгилге кайтаруу зарылдыгын кабыл алуудан баш тартуу – таптакыр жол берилгис нерсе», – деп маалымат жыйынында баса белгиледи.

"Бул кырдаалды жакшы жагдайга буруу үчүн кысымды күчөтүү жаатында... эл аралык коомчулуктун көбүрөөк берилгендигине жана көбүрөөк ынтымакка муктажбыз», – деп Гутерриш баса айтты.

Саясий туткундарга көмөктөшүү жамаатынын укук коргоо тобунун маалыматы боюнча, жарандык лидер Аун Сан Су Чжи айымды бийликтен кулаткан 1-февралдагы аскердик төңкөрүштөн бери 460 карапайым тургун набыт болду.

27-мартта эле 100дөн ашуун киши өлтүрүлдү. Бул набыт кеткендердин арасында көп сандагы тестиерлер жана өспүрүмдөр катталган. (TT)

XS
SM
MD
LG